alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
РубрикасызСуроо-Жооп

Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (37)

– Мен дайыма тырмагымды өстүрүп жүрөм. Кээ бирөөлөр аны күнөө, ичинде шайтан ойнойт дешет. Ошол чынбы? 077785…
– Албетте тырмакка көңүл бөлүү, аны таза жана жагымдуу таризде алып жүрүүнү шариат талап кылат. Хна коюп кооздоого да уруксат берилет. Ошол эле убакта өтө узун кылып өстүрүү туура эмес. Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дейт: “Адам уулу табиятынан жакшы көргөн (Фитра) сүннөттөрүнө:
• Сүннөткө олтургузуу,
• Аврет (чурай) түктөрүн алуу,
• Мурутту (мойлону) кыскартуу,
• Тырмакты кыскартуу,
• Колтук түктөрүн жулуу кирет”. (Бухари, Муслим)
Азирети Анас (Аллахым андан ыраазы болгой) мындай дейт: “Пайгамбарыбыз алайхис салам бизге  мойлону (мурутту) кыскартууда, тырмак алууда, колтук түктөрүн жулууда, аврет түктөрүн алууда кырк күндөн өткөрүп жибербөөгө убакыт чектеди!”. (Муслим, Насааий, Ахмад. Ахмад риваяты менен)
Тырмакты өстүрүү жана кооздоп боёктор (лактар) менен боёп алуу мусулман эмес коомдордун аялдарына тиешелүү жорук. Аларды туураган жакшы эмес. Тырмагын өстүргөн аялдар каапыр аялдарга эле эмес, кээ бир айбандарга да окшошуп кетет. Мисалы бүркүттөр, жапайы мышыктардын тырмактары да узун болот. Андан сырткары узун тырмактардын ичине биз көргөн же көрбөгөн кирлер толуп калат. Сыртын кызартып боёгон менен ичиндеги микробдорду кайда катабыз?  Тырмакты узун кылып өстүрүүдө тырмакты калыңдатуу жана бекем кылуу үчүн лактын түрлөрүн да сүртүшөт. Ал өз кезегинде дааратты жана гусулду өткөзбөйт. Ошондой эле жасалма тырмактарды да тагууга тыюу салынат. Жаңы жылда жаш балдар жаныбарлардын кебин (формасын) кийгендей болот. Маскарапоздук мусулманчылыкка туура келбейт.
Ушул эле маанидеги фатва Сауд Араб падышалыгындагы Фатва комиссиясы тарабынан берилген.
-Мен уулумду 18 жашында үйлөгөн элем, тилекке каршы, ажырашты. Ортосунда бир бала бар. 7, 8 айдан кийин кайра башка кызга үйлөдүм. Аны менен да ажырашып, кайра биринчи келинимди алып келдик. Бир жылдан кийин ал кетип, кайра уулум мурдагы экинчи аялын алып келди. Кайра- кайра нике окуй берсе эч нерсе болбойбу?
– Эгерде ар бир ажырашып жатышканда талак түшкөн болсо, анда эки мертебе нике окутканга уруксат берилет. Үчүнчү ирет ажырашып талак түшкөн болсо, анда келиниңиз башка турмушка чыгып, андан жолу болбой ажырашкандан кийин гана уулуңузга никеге туруусу мүмкүн. Эгерде, талак түшпөстөн туруп жөн эле эки бөлөк жашап калышкан болсо, анда алгачкы нике сакталуу бойдон калат. Жаңы нике кыюунун кереги жок болот. Демек маселени тактоо үчүн молдокелер менен жүзмө-жүз сүйлөшүп алуу зарылчылыгы турат. Менин сизге берээр кеңешим: уулуңуз эки келиниңиз менен тең чогуу жашай берсин. Бирок, экөөнү бир үйгө жашаткан болбойт. Бир короодо жашаган болсо да дааратканалары, жуунган жерлери, ашканалары айрым-айрым болгон болсо жарай берет.
Сиз да этиет болуңуз, көйнөк алмаштыргандай эле келиндерди алмаштыра берген жакшы эмес. Алар да башка бирөөнүн бөпөлөп өстүргөн кызы. Анан да уулуңуз өзү да кичине пикирленгенди үйрөнсүн. Кетир десе кетирип, алып кел десе алып келе берсе, роботтон айырмасы жок болуп калбайбы? Келин деле ойлойт да, мен кимдин аялымын өзү деп?
– Бир китепте Аллах Таала ата-эненин күнөөсү үчүн балдарын жазалап, бактысыз кылат деп жазылыптыр. Бул туурабы? 055409…
– Жок, туура эмес. Фаатир сүрөөсүнүн 18-аятында мындай делет: “Кыямат күнү бирөө бирөөнүн күнөөсүн (жүгүн) көтөрбөйт. Эгер кыямат күнү жүгү оор (күнөөлүү) болгон пенде, жүгүн жеңилдетүү үчүн башка бирөөнү чакырса, ал чакырылган  жатындаш-тууганы болсо да жеңилдете албайт. Ал күнү бирөө бирөөгө кароого да, жардам берүүгө да мүмкүнчүлүк таба албайт. Эй Мухаммад! Сен Аллахтын өкүмдөрүн Аллахтан корккон адамдарга, намазкандарга жеткиресин. Сенин насыйкаттарыңды ошол заттар кабыл кылат. Кимде ким күнөөнүн булганычынан таза болсо, өзүнүн пайдасына тазаланган болот. Ар бирибиз (эсеп-кысап берүү үчүн) Аллах Таалага барабыз”.
Аяттан баамдалып тургандай бир адамдын күнөөсү үчүн башка бир адам жооп бербейт. Ар ким колу менен кылганын мойну менен тартат. Ошого карабастан ата-эненин тарбиясына, берген тамагынын адалдыгына жараша балдардын тарбиясы да түздөлөт же бузулат. Баам-парасаты кем болуп, же зирек жан болуп чоңоёт.
– Биздин үйдө  байкемдин досу көп жылдан бери жашайт. Бизге бир туугандай мамиле жасайт. “Мен сага чоочун эмесмин. Жоолуксуз жүрө бер ысыбай” дейт. Ал мага макрухбу? А жездемчи? 070217…
– Байкеңдин досу да, жездең да сага махрам эмес. Алардын көзүнчө жылаңбаш жүргөнүң болбойт. Бир туугандай мамиле кылганы үчүн сооп алат, бирок, ал шариатты өзгөртпөйт. Элестетип көр, байкеңдин досу сени сүйүп калып үйлөнө турган болсо, эч ким болбойт деп айта албайт. Ошол сыяктуу…
– Атам, байкелерим менен бетинен өөп учурашсам болобу?
– Атаңдын колунан же маңдайынан өп, байкелериң сенин маңдайыңан өпсүн. Сен өппөй эле кой. Эркек бир туугандардын бири-бири менен өбүшкөнү туура эмес, кучакташып эле көрүшкөнү жетиштүү болот, эгер көптөн бери көрүшө элек болсо.
– Сиз “Тамчы” гезитин калтырбай окуйсузбу? Гезиттин акыркы бетиндеги мусулмандардын таанышуусуна кандай карайсыз? 077759…
– Ал бетти окубаймын. Сизге берээр кеңешим, сиз да керектүү маалыматтарды гана окуганга аракет кылыңыз. Баардык эле жазылгандарды окуй берсеңиз убакыт да жетпейт. Мээ ысырап болот.
– Жума, айт, Курбан айт күндөрү боюна бүтүп калса бала майып болуп калат дейт. Маалымат берсеңиз. 077101…
– Андай жери жок. Каяктан уктуңуз экен?
– Ажыке, Сизди терең урматтайм. Мен эки балалуу болгонумда келинчегиме талак деп ачуум менен айтып койгом. Эртеси айткан сөзүмө аябай өкүнгөм. Азыр бактылуу өмүр сүрүп жатабыз. Никебиз бузулган жокпу? 
– Кем болбоңуз. Сиздин маселени тактап сурагандан кийин айтуу керек болот. Жекече жолуксаңыз тактап айтып берээр элем.
– Мен нике кыйдырайын деп “Дордой” мечитине барсам, “күбөлөрүң жок экен, кыз тараптан же эркек тараптан күбө алып кел” деп нике кыйбай койду. Ушул туурабы? 055350…
– Кыз тараптан же эркек тараптан күбө деген болбойт. Жөн эле балагатка жеткен, акыл эстүү мусулман адамдардан күбө болот. Мүмкүн болушунча жакшы тааныштардан болгону жакшыраак. Эки эркек адам, же бир эркек эки аял адам күбө боло алат. Молдокенин күбөлөрү жанында болбосо, барып күбө алып кел дебегенде кантмек эле. Же никени сиз кыйдырсаңыз, күбөнү молдо таап бериш керек беле? Анын үстүнө нике кыйылчу кыздын атасынын, агасынын макулдугу барбы деп суроо керек болот. Аны кимден сурайт эле молдоке. Кыздын Валисинин (атасынын, агасынын) уруксаты керек болот никеде…
– Жин кириптир кишиге дегенди кандай тазалоо керек? Ал эмне болгондо кирет? 077765…
– Жин айдаар молдокелерге дем салдыруу керек. Сүннөттөрдү аткарбай койгондон, макрух иштерди аткаргандан жиндерге мүмкүнчүлүк берилип, алар ал мүмкүнчүлүктү пайдаланып кетүүсү ыктымал.
– “Аллахтын 99 атынан тогузу сага. Аллага ишенсең бул СМСти тогуз адамга жибер. Эртең жаңылык угасың. Ишенбесең 9 жыл жамандык болот”… Ушул сыяктуу СМСтер чындыкпы?
– Маани берүүнүн кажети жок. Шариатта бул нерсе жок.
– Карызымды өз убагында бере албай 2 айдан кийин бердим. “Жол кирени кошуп бер” дегенинен кошуп берсем, “башы көзүмдөн садага, сен жарыбайсың” деп каргады. Ушул каргыш туурабы? Мен Кудай алдында күнөөлүү болбоймунбу? 077242…
– Эгер сиз мүмкүнчүлүгүңүз болуп туруп деле, атайылап кечиктирсеңиз күнөөлүү болосуз. Бирок, колуңуздан келишинче аракет кылып, ошого карабастан кечигип калсаңыз, кечиримдүү болот. Карыз берген адам, “карыз төлөй албай калуусу деле мүмкүн” деген пикирди көңүлүнө алып туруп берсин.
– Кечиресиз, мен акыркы күндөрү аябай кыйналдым. Бел жагым ооруп гинекологго текшерилгени баргам. Кыз эмес экенсиң дейт. Андай жаман жолго барган эмесмин. Намаз окуйм, оронуп жүрөм. Эми эмне кылам? Жуучулардын баарын кайтарып жатам. Атам жок. Атасы жоктун абийири жок деп апамды уят кылгым келбейт!!! 077351…
– Ал нерсе башка нерсе менен да кетип калуусу мүмкүн деп айтылат. Балким гинеколог адашып айтып жаткандыр. Жуучуларды кайтарбаңыз. Жакшысын тандап турмушка чыгыңыз. Балким түшүндүрүп айтсаңыз, түшүнүп туура кабыл алаар….
– Жолдошум Россияда. Көп болду, келе элек. Жыныстык катнашта болгум келип,  өзүмдү өзүм кандыра турган болдум. Күнөө эмеспи? Миргүл
– Күйөөңүздү чакырыңыз. Же чакырттырыңыз. Же ал сизди чакырсын. Айтор, муктаждыгыңыз аткарылсын. Сизди антип кор кылбасын….
– Гороскопко ишенсе болобу? Кээде туура чыгып калат. 055869…
– Ширк. Ыймандан чыгарат. Жылдыз карап төлгө салгандарга ишенүү болбойт. Он беш жолу туура чыкса да.
– Кыздар балдарга чогуу даават айтса болобу? Кызга атасы, бир тууганы, күйөөсү гана айтат дешет. Жанара
– Жок садагасы, башталышы жакшы эле даават болуп башталып, акыры антидаават болуп кетпесин.
– “Дуруд” деген сөздүн мааниси кандай?
– Менин билишимче араб тилиндеги сөз эмес. Фарси тилинде “салам” маанисин туюндурат. (Кыргыз-фарсы сөздүгү. Балтабаев. 502-бет) Бирок, кыргыз тилинде “салават-дуруд” деп салаваттын бир аты катары айтылып жүрөт.
– 18 жаштамын. Колумду сурап ыймандуу намаз окуган бала келди. Өзүмдүн сүйлөшкөн жигитим бар, бирок динден кабары жок, “намаз оку” десем, “убактым жок” дейт. Апам “азыр жашсың, шашпай жигитиңе кетесиң, колуңду сураган бала түндүктөн экен, болбойт” дейт. Кеңеш бериңизчи. Жанара
– Кыз кишиге ыйманы бекем, намазкан адам колун сурап келсе, ошого берген жакшы. Адамдын эң жакшы капиталы анын диндарлыгы эмеспи? Маселе түндүк-түштүктө эмес. Маселе менталитеттердин айкалышында. Жигит менен сүйлөшкөндү токтот. Анын үстүнө намаз окубаган экен. Кудайдын парзын аткарбаган адам, сени уят кылып коюусу мүмкүн. Этиет бол.
– Турмушка чыкканга чейин хижаб кийбей намаз окуп, даарат менен таза жүрсө болобу? Бирок, көбү “намаз окуган адам сөзсүз хижап кийиши керек” дешет. 077775…
– Ар бир мусулман аялзатына элечек кийүү, оромол салынуу милдеттүү болот. Айызы келип намаз окубай жүргөн учурда деле оромолчон жүрүү милдеттүү. Кудайдын буйругун угуп аткарсаңыз, ошол себептен Кудай Таалам жакшы жерге турмушка  чыгууну насип кылат.
– Менин атам, апам карындашым үчөөбүздү кичинекей кезибизде үйсүз таштап койгон. Эми чоңоюп, үйлүү-жайлуу болуп калганыбызда “мени менен жана туугандарым менен катышкыла” деп талап кылып жатат. Бирок башка үй-бүлөсү бар, бизге жардамы тийбейт. Апам өзү  бизди багат. Кандай кылсам туура болот? 
– Үңкүр да болсо үйүм бар дейт эмеспи. Бир күн болбосо бир күн, маалы жеткенде катышууга туура келет. Бир адам катачылык кетирсе, ага да катачылык менен жооп берүү керекпи? Жакшылыкка жакшылык ар кишинин иши, жамандыкка жакшылык эр кишинин иши. Сиз эр киши болуңуз. Апаңызды да капа кылып алгандан сактаныңыз. Ал киши сиздин бейишиңиз.
– Жолдошумдун аялы бар. Биз да нике кыйдырып алалы дейт. Мен каршы болуп жатам. Менден 20 жашка улуу. Аялынан ажыраштырып алсам күнөө болобу? Айдай
– Кудай акы, мен сиздин сөздү түшүнгөн жокмун, сиз өзүңүз да түшүнбөсөңүз керек. Жолдошум дейт, кайра эле никем жок дейт. Нике жок болсо кантип ал жолдош болсун. Жөн эле ойношум дебейсиңби? Культурный болбой эле… Аны ажыраштырсаң арам болот. Аны ажыраштырып бакытка жетпейсиң, бирөөнүн көз жашы аркылуу бактылуу болуу мүмкүн эмес. Жакшысы дароо нике кыйдыргыла, ал байбиче сиз токол болуп жашай бересиңер. Башка жолу жок. Никеси жок ойношуңуз менен жашаганга такыр болбойт.
– Сулаймандар деген кимдер? Эмнеге динибиз мазхабдарга бөлүнүп кеткен?
– Сулайман Тунахан деген буюк аалымдын шакирттери. Туура жолдогулар.
Мазхабка бөлүнүүнүн бир канча себептери бар. Ар бир адамдын өзүнө жараша акылы болот эмеспи. Ошол сыяктуу аалымдар да кээ бир маселелерде өз ара кайчы пикирлерде болуп, алардын жолун жолдоочулары да ошого жараша мектептерге бөлүнүп кетишкен. Андан коркуунун кажети жок. Болгону, туура багыттагы мектептерди туура билүү керек. Мектептерди-мазхабтарды жок дегендер жаңылышат. Алар биздин илимий мурасыбыз, баа жеткис байлыгыбыз.
– Мен бир жигитти жактырып, жолугушуп жүргөндөн кийин аялы бар экенин билдим. Мамилебиз кайра бекемдеп баратат. Кол үзө албай кыйналдым, бирөөнүн көз жашынан бакыт кура албасымды да билем. Эмне кылсам? 077995…
– Экинчи болуп турмушка чык….Антип жүрбө…
– Жашым 29да. Намаз окуганыма 8 жыл болду. Балагатка жеткенде дин боюнча маалыматым жок болчу. Ошондогу намаз, орозолор каза болдубу? 077038…
– Балагатка жеткен учуруңузду так билсеңиз, ошол учурдан баштап каза намаздарды окуп бересиз. Эгер балагатка жеткен мезгилиңизди болжолдоп да биле албасаңыз, анда он беш жаштан беркисин каза кылып окуп бересиз. Орозо да ушул таризде.
– Аялдар жуманы мечитте окуганы туурабы? Кадыр түн күнү борбордук мечитте котологон аялдар жүрөт, клубга баргансып бурч-бурчта. Көңүлүм аябай бузулду. Сиз айтып тыйсаңыз болобу? 070303…
– Аялдардын мечитте Жума окуганы туура эле. Бирок, Жума окубастан Бешим намазын үйүндө окуганы жакшыраак.  Комсомол менен партиянын убагында жулунуп, активист болуп көнүп калган апаларыбыз динге келгенден кийин да “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы”  деп мечиттерге келгенди жакшы көрүшөт экен. Кой десең эле митингге чыкканы турушат. Анын үстүнө мечитте маселе айтылса, аны угуп пайдаланышат. Муфтий Абдусаттар азирет дамбылдабыздын тушунда уруксат берилип башталган.
– Карызың бар болуп, 40 миңден ашкан акчаң болсо зекет кажетпи? 077112…
– Карызды төлөө керек. Төлөгөндөн калганы жүз он беш миңден (115,000) ашса, зекет берүү милдеттүү болот.
– Менин балдарым  токтобой жатат, боюмдан түшүп калат. Дарылансам деле болбой жатат. Бала жаткан жерге шайтан орноп алат дейт. Ушуну окуган молдолор болсо дарегин бересизби? Махабат
– Ошол жердин өзүн окуй турган адистешкен молдо болоорун билбейм. Кадимки эле молдолорго дем салдырасыз го дейм. Намаз окуп, Кудайымдан сурасаңыз кабыл кылат.
– Атам жакында кайтыш болгон. Айт күнү жай башына барсак топурагы жайылып калыптыр. Кайра чогултуп коюшту. Чогултса болбойт деп уктум эле?.. 055257…
– Жакында кайтыш болгон болсо, анда топуракты чогултуп коюшканы туура эле болгон. Ал эми эски мүрзөлөрдү жамгыр менен барып барып убакыттын өтүүсү менен жер менен жексен болуп кеткен учурда, кайрадан жаңыртып, дөбөлөндүргөн болбойт.
– Биз сиңдим, эжем болуп жамаат менен намаз окуйбуз. Кээде алардын окуганына ичим чыкпайт. Бири тез окуйт, бири рукуго туура эмес турат. Ошондо кандай кылсам болот? Айтсам болбоду. 055766…
– Аял кишилер жамаат менен эмес, жекече окугандары жакшыраак. Ар кимиңер өзүңөрчө окугула.
– “Имамдардын дил азыгы” деген китепте сакалды кыруу арам дептир. Биз күнөөкөрбүзбү?
– Кээ бир аалымдардын көз карашы болсо керек. Сакал коюу сүннөт. Алуу макрух (жактырылбайт). Муфтийлерге, каазыларга, имамдарга, аалымдарга милдеттүү болот сакал койгон. Анткени адамдар алардан үлгү алышат эмеспи.
– Куранды кай жерде окууга тыюу салынган? Намаз окугандын алдында болбойбу? 055607…
– Ыңгайсыз, булганыч жерлерде окуганга тыюу салынган. Калган учурду баарында окуй берет. Намаздын алдында да боло берет….
– Мен 20 жылдан бери бир кызды сүйөм. Убагында материалдык жетишпегендиктен улам үйлөнө алган эмесмин. Азыр жаркылдап башкага жар. Ошко барганда алыстан бир көрбөсөм кете албайм. Ал мени көргүсү жок. Мен күнөөгө батып жатамбы? Байыш.
– Ооба. Сиз күнөөкөрсүз. Ал туура кылат. Аны көрүп эмне муратка жетмекчисиз? Ажырашып сизге келсин дейсизби? Андай болбойт. Намаз окуңуз, убактыңызды пайдалуу нерселерге жумшагандыгыңыз пайдалуу.
– Тажик улутундагы бир аял келип “сени бирөөлөр көрө албайт, жамандык каалашат” деди. “Каяктан билесиз?” десем, “көрүп билип турам” дейт. Өзү намаз окуйт экен, келме келтирди. Кандайча түшүнсө болот? 055876…
– Ал ошо көзү ачыктын да өзү. Ага ишенбөө керек. Намаз окуп элди алдагысы келет. Окуган намазы эсепке өтпөйт, ыйманын тууралап алмайынча. Ага ишенүү ширк.
– Бир молдо “курбандык чалганда атасы тирүү болсо атасына арнап чалыш керек” дейт. Ушул туурабы? 077287…
– Курбандык аттуунун баары жалгыз Алла Таалага арналып чалынат. Андан башкага арналып чалынган адал болуудан калат. Этин жегенге болбойт. Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн чалып, пайда болгон соопторду кимге арнаса арнай берсин. Атасы өзү, баласы дагы өзү чалсын колдорунан келип турган болсо….
– Биз эки бир тууган акча кошуп үчүнчү бир тууганыбызга машина алып бергенде зекет деп эсептесек болобу? 055213…
– Акчаны зекет ниетинде колуна берсеңер, ал акчага машине алабы же өрттөп жибереби өзү билгендей кылганда дурус болот. Кааласаң да, каалабасаң да машине аласың деп берсеңер, зекетке эмес, жөн эле садагага, хадия-белекке өтүп калат. Кээ бирлер зекеттин эсебинен ажыга жиберишет. Ал да зекетке өтпөй калат. Зекеттеги негизги маселе мүлккө ошол адамды эркин ээ кылдыруу керек….
– Мен 5 убак намаз окуйм. 11-класстамын. ЗАГСка чыксам, тойлорго барсам болобу? Баарын билип көрүш керек го, кийин турмушта керек болот да. 077314…
– Ким айтты тойго барбаш керек деп. Бара бер. Бөлөк-шалак болуп бийлегенден, балдар менен кучакташып ары-бери баскандан оолак бол. Баарын көрүш керек деп сага кайсы акылдуу айтты экен? Болбогон акыл, жарыбаган пикир.. Акылдуу адам шариат менен жүрөт… Ар кимдин жетегине кирбестен…
– Эркек намаздан кийин Аят ал курсини, тасбихтерди, дубаларды купуя же шыбырап айтса болобу? 
– Болот, берекем. Кудайым кабыл кылсын. Дубалардын купуясы жакшыраак…
– Маасы-чокой кийген убакта шымды толук чечип кайра кийсе чокойго масх кылуу жарабай калабы?
– Ыштанын чечкенде чокою да кошулуп чечилип кетсе, чокойго масх кылууга болбой калат. Чокой ордунда эле козголбой турган болсо, масх тарта берет…..
– Чачын кестирген, жайып жүргөн күнөө болобу?
– Мүрүсүнөн жогору кылып кестирген күнөө. Көчөдө жайып жүрөбү, түйүп жүрөбү айырмасы жок, жылаңбаш жүрсө күнөө. Үйүндө каалагандай жүрө берсе болот.
– Мен күйөөдөн чыккан бир баласы бар келинди алгам. Аялым сөзүмдү укпайт, ажырашам дейт, мен талак бербей жатам. Мага айтпай турмушка чыгып кетсе күнөө болобу? Сөз менен мээсине куюп коюң. Артур
– Сен өзүң атка мингенде эле кыйшык минген экенсиң. Жигит  киши мурда үйлөнбөгөн болсо, мурда турмушка чыкпаган кыз менен турмуш куруусу максатка ылайыктуу. Мурда турмуш көргөн неме какбашыраак болуп калат, анан сени мурункусуна салыштыра да берет.
Сага айтпай, сенден жооп албастан туруп башкага турмушка чыга албайт. Себеби, сенин никеңде деп эсептелет. Ага айтаарым: Карындашым, эрдин санын көбөйткөндөн мелдеште утуп чыга турган болсоң мейли эле, бирок, андан абийир таппайсың. Эриңдин сөзүн ук, бактылуу болосуң. Байтал чуркап байге албайт деген кеп бар. Эрин сыйлаган эшикке жатпайт. Үйдө эркек кожоюн болот. Кичине дем салдырып алсаң жакшы болот. Күйөөңө баш бербей оолукмаң баштаган убакта “Аьуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим” деп сол жагыңа үч ирет түкүр. Кайра ордуңа –насип кылса- келип каласың.
– Гусул албай жүрсө эмне болот?
– Гусулу жок жүргөн болот. Намаз окуй албайт. Куран кармай албайт.
– Аялым мага айтпай төркүнүнө кетип, “ата-энең менен жашабайм, шаарга квартирага чыгалы” дегенинен шартка байланыштуу жок дедим. Боюнда бар болчу. Мен “оокаттарыңды алып биротоло кет, бала меники эмес” дедим. Туугандары келип оокаттарын алып кетти. Башка аял алгым келбейт. Жиним менен айтып алып өкүнүп жатам. Бир ай боло элек. Деги аял төркүнүндө канча жүрүшү керек? Кыйналса эле кетип калат. Деги аял күйөөсүнө баш ийиши керекпи? 077309…
– “Оокаттарыңды алып биротоло кет, бала меники эмес!”, деп айткан убакта ажырашуу ниетинде айткан болсоңуз, аялыңызга сиз тараптан бир талак түшкөн болот. Кайра нике кыюу керек болот. Ал эми ниетиңизде ажырашуу болбосо ,талак түшпөйт, нике сакталуу.
Аялга төркүнүндө жүрүштүн кереги жок. Чыккан чык чийинден сырткары деген сөз бар. Барып саламатчылыгын билдирип, ала барганын берип, курсагын бир тойгузуп, “бисмилла” деп кайра кайтуу керек болот. Бул эми жакын жерге турмушка чыккан болсо. Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт болбосун. Бир айда ашып кетсе бир барса болот. Ал эми алысыраак жер болсо күйөөсүнүн уруксаты менен бир түнөп келсе болот. Эң жакшысы, күйөө сөрөй экөө чогуу барып келгени жакшы.
Аял ооруп калып, доктур төркүнүнө жакын болсо, же төрөгөндөн кийин энеси карап берейин деген болсо, же кайсы бир себептерден улам күйөөсү экөө кеңешип төркүнүндө жүрүүнү туура деп табышкан болсо, ага да мейли. Кеңешип кескен бармак оорубайт дейт эмеспи.
Телтеңдеп эле мен кетем деген кемакыл катындар болот, сумкасы даяр турган. Алардын өзүнө окшогон кемакыл энеси болот келе бер деп “поддержка” берип турган. Атасы да энесине баш ийген катындай эле болгон бир байкуш болот. Же атасынын башын энеси жеп алган болот. Нормальный эне келген кызынын курсагын тойгузуп, санынан чымчып уяткарып, эртеси эт-ашын салып берип узатат кызын. Атаң укпасын кокуй деп.
Негизи үйлөнгөндө үйдө кожоюну атасы болгон үйдөн алуу керек. Адашып кетип энеси кожоюн болгондон алсаң, алганыңдын бир кайнамы кем болгон болсо, мен кожоюн болом үйдө деп жүрүп карыйт, сени да карытат. Бул эми бойдоктого кеңешим…
– Аллах Сизге ыраазы болсун. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын оң жагындагы кошунасы болуңуз. Өмүрүңүз узун болсун, кыргыздардын 120 жаштагы муфтийи болуңуз. Ден соолугуңуз чың болсун. Сиздин айткандарыңыздын баарын түшүнөбүз, бирок муфтий болбойм дегениңизге түшүнбөй калдык. Биз сизден суранбайбыз, талап кылабыз. Муфтийликке кайра келиңиз, баштаган иштерди аягына чыгыңыз да, өзүңүз айткандай биттерге өчөшпөңүз. Кун Фаякун сыпатынын ээси өзү алып келген болсун. Биз сизди аябай күтүп жатабыз. Айчүрөк экөөбүзгө да дуба кылып коюңузчу, анын үч балапаны, менин эки балапаным бар. Ал хижабчан, мен сакалчан. Колоктоп бойдок жүрө бербей баш кошуп алсак. 077842…
– Аллахым Сизден да ыраазы болсун. Пайгамбарыбыздын сухбатында (аңгемелешүүсүндө)  бейиште болгонду баарыбызга насип этсин. Айчүрөк экөөңөр беш балапанды чогуу өстүргөндү ырыскыландырган болсун. Аталуу жетим арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим кылбай, тегиз карап бакканды экөөңөргө тең жазган болсун. Андан сырткары дагы экөөңө беш перзент берсин. Ону тең каары, ону тең аалым болсун. Ону тең ыймандуу, ону тең ден-соолуктуу, ону тең бактылуу-бай болсун. Жамандык көрүшпөсүн. Кудайым экөөңөрдү ушул күздөн калтырбай кошкон болсун…
– Айт намаздарында туурасы бут кийимди каерге чечүү керек, намаз аянтта окулса?..
– Айт намазда, дегеле намаз учурунда бут кийим коюга ылайыктуу жер болгон болсо өзүңүздүн маңдайыңызга коюп окуйсуз. Же эки бутуңуздун ортосуна коюп алсаңыз да мейли. Же оң тарабыңызга коюңуз. Намаздагы кошунаңыз кыжаалат болбогудай болгону жакшы. Эң жакшысы бир пакет алып чөнтөккө салсаңыз, кереги тийгенде бут кийимиңизди салып коюп коёсуз. Мен Меккеде жүргөндө ошондой адатым бар эле.
Андан сырткары айта кете турган нерсе, намазда бут кийимди чечүү милдеттүү эмес, эгер бут кийиминде жаман нерсе жабышпаган болсо. Бут кийим менен окуй бересиз.
– Биздин үйүбүздө  чакан дүкөнүбүз бар. Арак, тамеки сатылбайт. Аялым айтат “шарият боюнча мен дүкөндө соода кылганга болбойт” деп. Ушул туурабы? Мен болсо таксист болуп жана дүкөнгө товар ташып, эч бошобойм. 070930…
– Анын айтканы бир чети туура. Дүкөнгө бейтааныш эркектер келип аны-муну сүйлөөсү да мүмкүн. Ошондон айбыкса керек. Эгер аялдарга же жаш балдарга соода кылса эмне үчүн болбосун. Шариат баш оту менен эле аялдарга соода кылууну тыйбайт.
– Бирөөнүн алмасы болсо, аны үзүп жебесе жөн эле жатса жесе болобу? 077840…
– Алманы үзүп жесеңиз күнөөлүү болосуз. А бирок, алманын ээсин жакшы билсеңиз, сиздин үзүп жегендигиңизге ачуусу келбесин да билсеңиз анда үзүп да жесеңиз болот. Ал эми жерге түшүп калган алма да мына ошондой эле өкүмдө. Себеби, жерге  түшкөнүн да ар күнү кечинде терип как кылып кургатып алаттыр. Андыктан ойлонуңуз…
– Мечитте кыска убакытка уктоого этикаф ниети кандай кылынат? 3 күн дааватка этикаф кандай ниет кылынат? Этикаф жөнүндө маалымат берип койсоңуз. 077840…
– Ниет менен беш маал намаз окулган мечитте турууну эьтикаф деп атайбыз. Аял киши үйүндө эьтикафка олтурат. Эьтикаф үч түргө бөлүнөт: 1.Назир кылып айткан ваажып эьтикаф. Мисалы, аялым эркек төрөсө, эки күн эьтикафка олтурам деп назир айткан болсо, олтуруп берүүсү ваажып болот. 2. Орозонун акыркы он күндүгүндө болуучу сүннөт муьаккада (бекем сүннөт) эьтикаф. 3. Жогорудагы экөөнөн башкасы мустахаб өкүмүндө.
Нафил эьтикафтын мөөнөтүнүн эң азы чектелбейт. Мечиттин ичине кирип эле кайра чыга турган болсо да эьтикафтын ниетин кылса жарай берет. Демек, мечитте уктаса да эьтикафты ниет кылып уктаган болсо соопко ээ болот.
– Кандай дос тандаса болот? Досуң сага кыянат кылсачы? 077840…
– Диндарын танда. Досуңа өтө жакын болуп кетпе, бир күн кас болуп калаарсың, душманыңа өтө кастык кылып кетпе, бир күнү дос болуп калаарсың делет. Досуң кыянаттык кылган болсо, ошого жараша жооп берет. Ал деле пенде болсо керек… Же сен периштелерден дос күттүң беле…
– Илимге үйдөн качса болобу? Дамир
– Жок, садагасы. Илимди окуганда үйдөн качпа, ата-энеңдин ыраазылыгын тап деп окутат.
– Эрте менен суукта таяммум кылса болобу?
– Суук тийип ооруп андан, олууттуу оорууга дуушаар боло турган болсоң болот.
– Менин күйөөм мурунку бойдок маалымда сүйлөшкөн баланы айтып эле эзе берет. Дин жөнүндө түшүнүгү бар. Ага жолукпасам деле ошенте берет. Бул күнөөбү? 077323…
– Балким, сиз ошого “повод” берип жаткан болбоңуз. Күйөөңүздү жактырбаган киши болуп, силкилдей берсеңиз, анын ачуусу келип айтуусу мүмкүн. Эгер, жөндөн-жөн эле жумурткадан кыр чыгарып ызы-чуу кылган болсо, олуттуу түрдө сүйлөшүңүз. “Бул жашоо. Ойношууга болбойт. Бактымды табайын деп издегем, көрсө бактым сенден экен. Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө. Экинчи укпайын” деп айтыңыз. Шариатта антип айткан күнөө болот. Дин жөнүндөгү түшүнүгү канчалык болду экен?..
– Мен мурда намаз окуучу элем. Азыр окубай койдум. Эсимде анча калбай жатат. Бул үчүн мага күнөө берилеби? 077323…
– Болгондо да чоңу сага берилет. Эч кыжаалат болбо…..
– Чачты милировка кылса болобу? Масх тартканда өтөбү? Мен жасап алган элем. А боёсочу? 077710…
– Табигый боёктор менен боёсо болот. Химиялык боёктор чачты каптап калып гусул алганда суу өткөрбөйт деп кээ бир аалымдар айтышат. Милировка кылганда химиялык боёк колдонулат. Гусул кабыл болбогон соң даарат да жараксыз болот.
– Жин менен шайтандын айырмасы кандай? Ак жин, кара жин деп айтышат го. Жин сүрөөсүндө алар да Куранды угуп баш ийгендиги айтылат. Алардын арасында мусулман болгондору барбы? 077143…
– Жиндер да биз сыяктуу бир аалам. Алардын каапырларын шайтан деп коёбуз. Арасында мусулмандары, таквалары да бар.
– Мен базарда иштейм. Бизге чай, тамак сатчу эже гусул эмне экенин билбейт экен. Даарат алып эле жумушка келе беришет. Чай, тамагы арам болбойбу биз ичсек? 077101…
– Тамагы го арам болбойт. Ага гусулду үйрөткүлө, кандай мусулман болот? Ал эле эмес намазды да үйрөткүлө. Тамагын жейсиңер, эртең кыяматта доогер болот. Балээ эле жегендей болуп жүрбөгүлө…
– Көп жыл балалуу болбой жүрүп анан көзү ачыкка барып, айткандарын аткарып, мазарларга барып анан балалуу болгондор бар. Биз себепкер, Алла берген азиздер шыпаагер деп айтышат. Рухий, операциясыз сеанс өткөрүп дабалашат. Бул чын эле Кудай берген касиет. 077143…
– Шайтан берген кесепет десеңиз туура болчудай экен. Эмнеге бизге аны түшүндүргүңүз келип жатат. Мен сиз айтканды билбейминби? Кээ бир учурда көзү ачыктар өздөрү барган аялдарды жылаңачтап дем салып, жыныстык алака кылгандары да бар. Ошондон тууп алып деле, сопусунуп көзүн сүзө берет кээ бирлер. Кудайдан улук болуп кеткен ким бар? Ошентип балалуу болгондон көрө баласыз өткөн жакшы…. Ширк келтирип, кудайга каапыр болуп… ыймандан чыгып…..
– Биздин 2 айлык балабыз бар. Дайыма кошулган кезде балабыз ыйлап жиберет. Келинчегим гусул алганча чыдабай ыйлайт. Эмизип жиберет. Күнөө болбойбу? 
–  Бала ыйлап калган учурда эмчегин гана жууп эмизип койсо болот.
– Заара кылганда тыйынча жерге жайылбаса жуубай койсо боло берет дешет го. Анда даарат ала берсек болобу? 077242…
– Ооба, бирок, алмаштырганыңыз жакшы. Канткен менен заарадан сактанбоо, кабыр азабына себеп болот эмеспи….
– Менин каары иним сизден илим алгысы келет. Өтө жоош, уялчаак. Пакистанда 4 жыл окуган. Эгер макул десеңиз өзүм Сизди таап алам. 077280…
– Макул. Макул дебегенге айлам барбы? Кудайым көрүп турат.
– Кызым 16га чыгып калды. Экинчи турмушум балалуу болбой бузулду. Эми Кудай уул берсе дейм. 4 баласы бар мурунку таанышым жолугуп, “экинчи аял бол, эки жакты тең карайм, азыр эч кимге айтпай балалуу болгондо айтабыз” дейт. Же бузуку боломбу? 077143…
– Жок, бузуку болбойсуз. Турмуш өзү ушул. Кудайым сизге бак айткан болсун…
“Тамчы”

//

The post Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (37) appeared first on FORMULA.KG.

September 12, 2015 at 03:58PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button