alternatetext Багымдат: 03:53 | alternatetextКүн чыгуу: 05:46 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:05 | alternatetextШам: 20:14 | alternatetextКуптан: 22:09
Суроо-Жооп

Турмуштук суроо-жооптор (63)

Суроо: Ипотека арам эмеспи? Прививка, вакцина алса болобу?
Жооп: Үстөккө же пайызга акча алуу арам. Прививка, вакцина алуу ар бир атуулдун өз чечими.

Суроо: Ассалому алейкум! Менин апам окуган эмес, намаз окуганга ниет кылат. Кандай кылса болот? Апам элү жети жашта. Рахмат.
Жооп: Апаңызга намаз окуганды үйрөтүңүз. Сооп алып, Кудайдын алдында чоң иш жасаган болосуз.

Суроо: Шейит кеткенди морг экспертиза кылса эмне болот?
Жооп: Шейит кеткендерге экспертиза кылбаш керек.

Суроо: Уят сөздөрдү сүйлөсө кандай жаза жазылат?
Жооп: Күнөө болот.

Суроо: Саламатсызбы! Мен күйөм менен ажырашканыма 3 жыл болду. Талак берген эмес, кандай болот?
Жооп: Ассалому алейкум! Талакты алыш керек. Аны алмайынча башка менен баш кошууга уруксат жок.

Суроо: Ассалоому алейкум, саламатсызбы! Намаз окуп жатып адашса даарат бузулабы?
Жооп: Ва алейкумум ассалам. Жок, даарат бузулбайт.

Суроо: Ассалоому алейкум ва рахматтулоох. Канча күн сакталган суу дааратка болот?
Жооп: Ва алейкумум ассалам. Эгер суунун табигый заты бузулбай сакталып турса ал сууга даарат алса болот. Эгер жыты, даамы жана түсү өзгөрүп кетсе ал сууга даарат алганга болбойт.

Суроо: Ата энеден калган үй-жай эң кичине балага калабы, эгер үй сатылса кандай?
Жооп: Ата-энеден калган үй биздин салтта кичүү баласына калат деп эсептешет. Бирок, динде бир туугандар ата-энеден калган үй жана башка мал-мүлктөрдү бөлүшөбүз дешсе анда ар бири шарият талабына жараша өзүнүн үлүшүн алат.

Суроо: Асалому алекум дамыла! Менин карындашым кайсар ага кандай чара көрсө болот?
Жооп: Ва алейкумум ассалам. Кыргызда жакшы сөз жан эритет дегендей карындашыңызга жакшы сөздү айтып, түшүндүрүп турушуңуз керек.

Суроо: Көзү өтүп кеткен 3-4 адамга бир мал союп, Куран окуса болобу?
Жооп: Динде көзү өтүп кеткен адамга сөзсүз мал союлуш керек деген нерсе жок. Көзү өтүп кеткен адамга үй ээси үч күн ичинде мал сойбош керек. Алыстан келген жакындары болсо, кошуналары же маркумдун туугандары аларды тосуп, сыйлаш керек.

Суроо: Ассалому алекум! Бир көзү көрбөгөн молдо имамдык кылса болобу?
Жооп: Ва алейкумум ассалам. Эмнеге болбосун.

Суроо: Каза болгон намазды каза деп окубайт дейт, анда эмне деп окуш керек?
Жооп: Каза намазды, каза намаз деп ниет кылыш керек. Андай кылбаган туура эмес.

Суроо: Кырк күндүк- ушуну чечмелеп бериңизчи? Кайсы китепте жазылган.
Жооп: Кайсы кырк күн туурасында айтылып жатканыңызды такташ керек.

Суроо: Тахажжуд менен багымдат намазын окуп, калганын акырындык менен окуса болобу?
Жооп: Тахажжуд намазына караганда, парз намаздын сообу өтө чоң. Беш убак намазды окуганга аракет кылыңыз.

Суроо: Кыз баланы сүйдүрө турган дуа барбы?
Жооп: Сүйдүрө турган дуба жок. Жашыңыз жетип, үйлөнө турганга шартыңыз болсо, кызга куда түшүп анан үйлөнүңуз.

Суроо: Намаз окууганга ниет коюп жатабыз, диск боюнча үйрөнсө болобу жана ал кандай дисктер?
Жооп: Кандай болсо да намазды туура үйрөнүп, окуганга аракет кылыңыз. Диск болобу, кагаз бетинде болобу үйрөнүп окуй бериңиз.

Суроо: Валлаззоллинден кийин амийин деп жарий айтса болобу?
Жооп: Биздин мазхабда, ичинде айтат.

Суроо: Ассаляму алекум! 2 жумалык баланы даары менен бойдон түшүрсө болобу?
Жооп: Ва алейкумум ассалам. Жөн эле түшүргөнгө болбойт.

Суроо: Мен 5 маал намаз окуйм бирок, операциядан кийин арка авратымдан токтобой жел чыгат. Жамаат мененн намаз окусам болобу? Рахмат.
Жооп: Андай боло турган болсо сиз ар бир намазга даарат алышыңыз керек.

Суроо: Мечитке узак жүрүп барса жакшыбы же жакын туруп барсам болобу?
Жооп: Шартыңызга караңыз.

Мен башка адамды жакшы көрөм. Ал күнөбу? Аны эч ким билбейт.
Жөн эле жакшы көрсөңүз эчтеке эмес.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button