alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
МакалаларТаасирдүү окуялар

📍САГА КЕЛГЕН СЫНОО АЛЛАХТЫН ТАРБИЯСЫ.

📍САГА КЕЛГЕН СЫНОО АЛЛАХТЫН ТАРБИЯСЫ.

✍🏻Бир жаш бала атасына мындай деди:
— Ата мен мектепке окубаймын — деди.

— Макул билгениңди кыл — деди атасы.

Бул бала үчүн майрам мектепке барбайт, сабак окуш жок, эрте менен туруш жок, түйшүк жок, кененчилик-эркиндик, ар күнү оюн-күлкү каалаганын кылат.
Ушул баланы ушул сөзү үчүн ата жазалабастан өз эркине таштап коюп, ага жакшылык кылган болдубу?

Эми бала чоңойду билими жок, же аттестат, диплому жок, же үйү жок, аялы жок, жок дегенде айдаган машинеси жок.
Эми бул бала атасына нааразы болуп:
— Ата эмнеге ошол кезде мен мектепке окубаймын десем мага бир шапалак уруп, же жаза берип туруп окуйсуң деген жоксуз? Деп айтууга баланын акысы барбы жокбу? Акысы бар. ..

Демек урматтуу мусулман бир туугандар биздин башыбызга келип жаткан сыноолор кандай кырдалда болбосун. Биздин ден-соолугубузга бир ооруу келдиби, же кандайдыр бир ишибиз жұрүшпөй жатабы? Булардын баары бизге берилген Аллах тарабынан берилген тарбия. Аллах момун пендесин азаптап кыйноону каалабайт. Бирок пенде ушу жазага ылайык иш кылганда сабак болуусу үчүн кыйынчылык берет. Анткени мусулман пендесин Өзүнө жакын болуусун каалайт.

Беш жашка чыккан бала сарык болду. Энеси өзү уктабай баласын уктатаар эле. Мээримдүү эне дарыгерге алып барган. Медайым баланын тамырын таба албай сая берет, сая берет. Бирок бала түшүнгөн жок.

Инсанга келе турган сыноолор дагы ушундай болот. Түшүнбөйт! Бирок ушуну кылбаса боору чирип, сарыктан улам өлөт.

Ошон үчүн тууганым Аллах Таала бизди жакшы көрөт. Бизге кыйынчылык берүүнү каалабайт. Сыноо биз үчүн, себеби Аллах бизди тарбиялайт.
*»Алхамдулиллаахи роббил ааламин»* ушуну жок дегенде намазда 30 жолу айтабызбы жок дегенде. Анын мааниси «Ааламдардын Эгеси Аллахка шүгүрлөр болсун » ..
Бир пендеге сыноо келди. Сыноо түз эле келип калбайт. Кайсы жолду тандап , кайсы жолдо күнөө кылган болсоңуз ошол жолдон сыноо келет. Зулумдук калдыңызбы? Аллах кор кылат сизди. Арамдан акча таптыңызбы? Арам тапкан жагыңыздан сизге кыйынчылык келет. Перзенттерди тарбиялап, Алланы таанытпай акысын бербедиңизби? Анда перзенттериңиз аркылуу сыналасыз. Аллах кимге кандай сыноо беришти өзү жакшы билет.

Эгер инсанга бир сыноо келсе, бул биз үчүн сабак жана билдирүү. Эгер ушул сыноонун эмне экенин түшүнгөн болсо ал сыноодон да пайда таап алат. Башыбызга эмне кыйынчылык келсе мусулман сыпатыбыз менен бир кыйынчылыктан кийин жакшылык келет — дейбиз. Ошондо жүрөгүңүз дагы оору байт, көңүлүңүз тынч болот. Бул нерсе бир гана момун мусулманда бар нерсе. Иши жүрүшүп кетсе дагы көңүлү тынч, иши жүрүшпөй калса дагы көңүлү тынч. Бай болсо дагы, кедей болсо дагы мусулман жеңишке жетет.. Себеби ар бир күнүнө Алхамдулиллаах дейт.

Муса (а.с) менен Кызыр (а.с ) дын окуясы:
Кызыр а.с кемени тешип коёт. Муса а.с эмнеге тештиң деп сураса:
— Бул кеме мискин адамдардыкы эле алар тиричилигин ушул кеме менен өткөрүп келет. Аркы жээкке барганда ал жактын падышасы тартып алат.
Кийин кемени тартып алуучулар келип кеменин тешигин көрүп:
— Бизге тешик кеменин эмне кереги -деп таштап кетет.
Бул иш пайда болдубу? Ошон үчүн туугандар мусулман адам кандай сыноо болсо мунун артында сөзсүз жакшылык бар дейт. Көңүлү жай, инсульт болбойт, давлениясы көтөрүлбөйт.

Айрым адамдар заман 2 күн дүйт:
Биринчи күнү зыяныңа экинчи күнү пайдаңа -дешет. Бул туура эмес түшүнүк. Себеби сага келген пайда Аллахтын белеги, сага келген сыноосу, тарбиясы. Жашоо өзү ушундай.
Айдын 15 ши жарык, 15 ши караңгы дейсиң. Сен жашоонун ушундай болушун күтпө. 15 күн эмес, 30 күнү тең жарык болушуна аракет кыл.
Эгерде Аллах Таала пендесинин күнөөлөрүнө ылайык жаза бергенде жер жүзүндө эч нерсе калдырбас эле. Демек баары өзүбүздүн колубузда экен .
Мусулман киши кыйынчылык менен жакшылыкты сезүү үчүн Курани Каримге таянат.

Аллах бир шаарды мисал келтирет:

— Ал тынч, бейпил шаар
эле. Аларга ар кандай жактан мол ырыскы келип турат эле. Качан ал элдер Аллахтын неьматына шүгүрсүздүк кылганда. Аллах ал шаарга ачарчылык берип, бейпилдикти алып койду. Мына жакшы эле жаман болду. Бизде да ушундай жашообуз жакшыбы, шүгүрсүздүк кылсак кыйынчылык келет. Алла бизди ушул жол менен тарбиялайт.

Курани Каримде сыноо жана кыйынчылык тууралуу түшкөн 100гө жакын аят бар. Себеби ар бирибиздин жашообузда кыйынчылык бар.
Мүмкүн сага бир нерсени берип туруп алып койгондур . Мүмкүн алып туруп бир нерсени берип койгондур.
Мисалы:
Эки адам бизнес кылат. Кайсы бир мамлекетке барып, бизнес кылып келиш үчүн визага тапшырат. Биринчисинин иши кетти. Ушул айда 5 миң доллар тапты болду эми мен барбайм — деди. Ал эми экинчиси кетти. Эки айда иштеп 50 миң доллар иштеп келди. Биринчисиге 5 миң доллар эле кирешесин берди. Экинчисиге 5 миң доллар бербей, кийин 10 эсе көп берди. Ошон үчүн сиз билбейбиз Аллах пендесине эмнени качан берип, эмнени качан алса туура болот.

Мусулмандар Бадр согушунда чоң жеңишке жетишишти. 300 мусулман 1000 жөөттү жеңди.
Ал эми Ухуд согушунда жеңилди. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи ва саллам) арткы жакты тосуп тургула деген жаачылар кетип калды. Моюн сунбай кайдыгерликтен жеңилди.
Аллах Таала айтат:
— Эй! Момундар эгер силерге бир кыйынчылык келсе, силер Бадр согушунда андан эки эсе көп кыйынчылык берген элек. Эми кыйынчылык келгенден кийин бул балээ кайдан келди дейсиңерби? Эй Мухаммад аларга айт » Бул кыйынчылык өзүңөрдүн катачылыгыңардан болду».

Аллах Таалага биздин азапталганыбыздын кереги жок. Жана Аллах Таала эч нерсеге муктаж эмес. Ал Мээримдүү, Ырайымдуу. ..

🧕Махарам Муслима.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂⠀

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202..

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button