alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

✉ Ушул катты 20 адамга жиберсем бактылуу боломбу?

«Ушул катты 20,10 адамга жиберсең, эртеси көрөсүн, жакшы нерсе болот, сөзсүз жибергин», деген каттар акыркы кезде социалдык тармактарда көп таралууда. Көпчүлүк адамдар ушундай каттарга ишенип, таратпасам жамандыка учурап калбайын, деген ишеним менен таратып жатышат. Кээ бирлери бактылуу болгум келет, тааныштарыма жиберип коёюнчу, эртеси кандай кубаныч күтөт болду экен мени, деп зээрикпестен жиберишет.

ДЭЭГЕЛЕ УШУНДАЙ КАТТАРГА ИШЕНСЕ БОЛОБУ❓

✅ Аллахка ыйман келтирип, Пайгамбар (ﷺ)ды элчи, деп күбөлүк берген инсан- мусулман бүт нерсе Аллахтын буйругу менен болооруна, жакшылык жамандык Аллах кааламайынча болбойт экендигине шексиз ишениш керек.

Ыйык Курани Каримде айтылат:

«… Мен озумо, Аллахтын каалоосу болмоюнча пайда да, зыян да алып келе албаймын. Эгер мен кайыпты билгенимде, чындыгында, озумо жакшылыктан кобойтмокмун. Жамандык мага тиймек эмес. Мен, чындыгында, ыйман келтирген элдер учун (Тозокту) эскертуучу жана (Бейишти) суйунчулоочумун….» (Аъраф сүрөсү: 188 аят)

♦ Жөнөкөй бир кат адамдын тагдырына пайда жана зыян алып келүүсү болбогон эле нерсе. Эгерде ушул нерсе чын болгондо, анда канчалаган кыйналып жүргөн адамдар үйлөрүндө олтуруп телефондон тааныштарына кат жиберип олтура беришмек.

⛔ Ушундай каттарга толук ишенүү менен адамдардын ыйманы зыянга учурап, ширкке кирип кетиши ыктымал.
Аллах каалабаса, ал адам миң жолу катты жиберсе да, бактылуу болбойт.

Ушул кат аркылуу, өзүмү зыянга учурата алам, деген түшүнүк ширкке алып барат ( Аллахка шерик кошуу).
Аллахтан гана болуучу жакшылык ,жамандыктарды башка нерселерден болот, деп коркуу- ширк болуп эсептелет. (Мисалы : алдынан өткөн мышыктан, чака кармаган адамдан ж.б.у.с.

☝ШИРК ЭҢ ЧОҢ КҮНӨӨЛӨРДҮН БИРИ.

Аллах Таала Куранда айтат:

«Аллах (ишенимде жана ибадатта) Өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт, андан башкасын өзү каалаган пендеси үчүн кечирет». (Мааида: 72-аят)

❌Эгерде башка адамдарга жиберип коюп, ал адамдар ишенип алып, башкаларга таратып, алар да ишене турган болсо, биринчи жиберген адамга күнөөсү жазыла берет.

? Абу Хурайра (р.а) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ﷺ) айткан:

«Туура жолго чакыруучу аны ээрчигендердей соопко ээ болуп, бирок алардын (б.а. ээрчигендердин) өздөрүнүн сообу кымынчалык да азайтылбайт. Ал эми адашууга чакыргандардын күнөөсү аны ээрчигендердин күнөөсүнчөлүк болуп, бирок алардын (ээрчигендердин) өздөрүнүн күнөөсү кымынчалык да кемитилбейт». (Муслим)

❌ Бул каттарда жалган маалыматтар да камтылган болот.
Көптөгөн улуу, белгилүү инсандар ушул катты жиберишип, ийгиликке жетишти, деген маалымат таралууда. Же Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтты мынча адамга тарат, деп.

Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтпаган сөздү, аны айтты, деп жазуу- чоң күнөө.
? Абу Хурайра (р.а.) риваят кылган хадисте келет Пайгамбарыбыз (ﷺ)

«Кимде ким атайын менин атымдан жалган айтса, тозоктон өзүнө орун камдай берсин».(Бухари. Муслим)

МЫНДАЙ КАТТАР КЕЛСЕ ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК❔

Эгерде ушундай катты бирөө жиберсе, ал адамга эскертүү бериш керек, мындай каттарга ишенүү ,таратуу болбойт экендигин айтып.

? Кээ бир каттарда чыныгы болгон окуялар, маанилүү, пазилеттүү, жакшылыка үндөгөн маалыматтар да жазылышы мүмкүн, бирок аягына мынча адамга жибер, бир сааттын ичинде жакшылык болоорун көрөсүн, деп жазылган болсо, анда ошол «10 адамга жибер «, деген жерин өчүрүп, пайдалуу маалыматтын өзүн гана жиберсе болот (мынча адамга жибер дебестен).

✅ Эгерде билбестиктен жиберип жүргөн болсоңуздар мурда, тообо кылып (Аллахтан кечирим сурап), башка жибербегенге аракет кылыш керек.

☝ Ошондуктан урматтуу мусулман бир туугандар, убакытты кетирип, өзүңүзгө, жакындарыңызга пайда алып келбей, ыйманга зыян алып келүүчү нерсени таратпай, ишеничтүү, так маалыматтарды гана жибериңиздер!!!

© БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button