alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
Макалалар

Ырыскы берүүчү Аллах

Ырыскы берүүчү Аллах

🕌Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим

📍 ЫРЫСКЫ БЕРҮҮЧҮ АЛЛАХ

📜 Хикая!

✍Имам Захиди:» Кайда болсоң Аллах ырыскыңды берет», — деген сөздү, жана » Сен ырыскыңы издегендей эле, ырыскы да сени издейт» деген сөздү аныктоо үчүн, бир тоого чыгып тоодон бир үңкүр таап, үңкүрдүн төрүнө кирип жатып, мен ушул жерде күтүп жата беремин Аллахым ырыскымды жөнөткөнчө — дейт.

Ошол күнү эртеси жамгыр жаап, бир кербен талаадан баражатып жамгырдан качып, тоонун астына келип, ошол үңкүргө киришет. Үңкүрдүн ичиндеги кишини көрүшүп салам беришет, ал киши жооп бербейт, бул киши сууктан муздап калган окшойт — деп, алдына отун топтоп от жагышып, жылытса деле сүйлөбөйт. Ачка калса керек — деп астына дасторкон жазып азык-түлүктөрүн коюп жегин десе деле эчтеке жебейт. Отко суюк тамак жасап ич десе деле ичпейт. Көп күндөрдөн бери калып тиштери карышып-катып калган окшойт — деп, эки киши туруп бычак менен тиштерин арасына салып оозун ачып оозуна тамак куйганда ал киши күлүп жиберет.

Кербенчилер бул кишинин абалына таң калып сен жиндисиңби дешет, Имам Захиди айтат:

«Жок! Мен жинди эмесмин, мен өзүмдү сынап жаткан элем Роббим ырыскымды кандай берет экен» — деп.
Ал эми анык-айкын билдим Аллах-Таала бардык пенделердин ырыскысын берет экен, кайда болсо да, кандай болсо да. ( Равнакул-Мажолис).

📘 «Шарият жана тарикаттан
терилген берметтер» китебинен.

👳 Даярдаган: Ахунов Акжол

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CBqK7iUBhql/?igshid=kqbwgnv3lkjq

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button