alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
КитептерМакалалар

Улуттук педагогиканын бестселлерине айланар китеп

«Дүйнөлүк педагогиканын классиктери» деген түшүнүк бар. Мына ошондой даңазага татыган инсандардын эмгектеринин ичинде Я.А.Коменскийдин «Байыркы чехтердин акылмандыгы», «Энелер мектеби», «Тилдерге ачык эшик», К.Д.Ушинскийдин «Эне тили», «Балдар дүйнөсү», А.С.Макаренконун «Педагогикалык поэма», В.А.Сухомлинскийдин «Жүрөгүмдү балдарга арнайм», Г.Н.Волковдун «Этнопедагогика», В.Ф.Шаталовдун «Үчтөр кайда жоголду», «Педагогикалык проза» дегендей аталыштагы китептери бар. Алардын бирден бир артыкчылыгы – окуучу менен мугалим, бала менен ата-эне мамилелерин турмуштук окуялар менен баяндап, бардык адам эле түшүнө бере турган жатык тил менен жазгандыгында. Биздин көп китептер илимий тил менен жазылып, элге кеңири тарабай калууда.

Жакында Нуркамил Абдуллаевдин «Тарбиялык китеп» деген серияда педагогика илимдеринин кандидаты Куштарбек Кимсанов жетекчилик кылган «Китеп.kg» басмасынан «Салыштырба, сындырасың» деген китеби жарык көрдү. Бул китеп жогорудагы педагогиканын классиктеринин эмгектеринин жолуна түшүп, автор өзү көрүп-билген, өзү катышкан окуяларды таасирдүү жана таалимдүү кылып айтып бергендиги менен баалуу.

Автор журналист, көп жыл райондук «Ноокат таңы» газетасынын баш редактору болуп иштеген, ошол эле кезде педагог катары да мектеп турмушун ичкериден билет. Китепте балдарды телефон азгырыгынан алыстатуу, аларды китептер дүйнөсүнө тартуу сыяктуу бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелеринен тартып, инсанды инсан катары жетилдирүүнүн не бир табышмактуу сырларынын жандармактары айтылат. «Агайга кат» деген бөлүмдө адамдардын адам тарбиялоодогу ички сырлары эпистолиярдык стилде, кат формасында чагылдырылат.

Элдик макал-ылакаптар, хадистер, диний жана турмуштук икаялар, автордун мурдагы окуучулары менен баарлашуулары, мугалимдик тажрыйбасынан алынган сабактар ж.б. материалдар китептин окумдуулугун арттырып, кээ бир учурда бүйүр кызытып, окуганыңды токтото туруп, автор менен оюңду бөлүшкүң келип кетет.

Акырында бир сунуш – бул китепти жалпы тарбия ишин аркалаган адамдарга жеткирип, улуттук педагогиканын бестселлерине айлантуу керек.

Абдыкерим МУРАТОВ,
Орусия Табигый билимдер академиясынын академиги

Китеп Оштогу Китеп.кж Дүкөнүндө сатылууда.
Телефону 0225 12 99 99

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button