alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Ден-соолукМакалаларПайдалуу кеңештер
Эң мыкты

КЫРГЫЗ АЯЛДАРЫ КОЛДОНУП КЕЛГЕН, БИРОК УНУТТА КАЛГАН СУЛУУЛУК КАРАЖАТТАРЫ

Кыргыздар да башка элдер сыяктуу байыртадан эле адамдардын келбетине, сулуулугуна өзгөчө маани беришкен, айрыкча аялзатынын сымбатына, ажарына көңүл бурушкан. Кооздоонуу, сулуулануу үчүн аял заты өсүмдүктөрдү: осмо, кына жана эндик, тиш калыны, таш кынаны пайдаланып, сулуулануудан сырткары кыргыздар аталган өсүмдүктөрдүн жардамы менен түрдүү дарттарды дарылашкан.

Алардын унутта калып бараткан айрымдарына токтолуп кетсек. Кыз балдар бой жетип калганда жана келиндер упа, эндик колдоно башташкан. Айрыкча, келин болгондо “беттин оту азаят” дешип, эндик чөптүн тамырынан эндик-упа жасашкан. Эндик – (Арнебия / Arnebia / Эндиктерден) — бою 40 см. жеткен сары түстө гүлдөгөн, жалбырактары түктүү, жашыл, тамыры күчтүү жана кызыл-көгүш өңдүү бир жылдык өсүмдүк. Кургак, таштак жерлерде, кумдуу жерлерде, чөлдүү өрөөндөрдө өсөт. Окумуштуу, Манас изилдөөчү Жылдыз Орозобекованын айтымында кыргыз аялдары эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алышып, майдалап талкандай кылып, каймакка аралаштырып, беттерине упа кылып жана эриндерин кызартуу үчүн койгон. Эндик-упа аялзатынын жүзүнө көрк берип, сүйкүмдүүлүгүн, келбеттүүлүгүн арттырган, бетти шамалдан (суукта бетти жана эринди жарылып, кесилип, ысыкта бетти күн көтөрүп кетишинен) жана күндөн сактаган. Кыргыз элинин ойчул акыны Арстанбек Буйлаш уулу “Тар заман” поэмасында:
Кымкап кийген кыздардын
Тал-талдап өргөн чачтары,
Осмо койгон каштары
Түйдөктөлүп жүн болду.
Эндик жапкан беттери
Кызылы өчүп, боз болду,
Кыйын заман кез болду — деп, замандын бузулушун, оорлоп кеткенин осмо, эндик коюп жүргөн кыз-келиндердин келбетине салыштырып ырдаган [1.94-б.]. Ошондой эле, кыргыз элинин бир топ элдик ырларында: “Эндик казган таштардан, кыздар сонун турбайбы!”, “Эндиктей эки бетте кызыл нуру” жана элдик макалдарда: “Эри сүйбөс катынга, эндик-упа не пайда” деп, эндик өсүмдүгү жөнүндө эскерилет [2. 454-б.].
Фергана өрөөнүнүн түштүк-батыш чөлкөмүн байырлаган кыргыздар тиш калы деп аталган кошулма менен тиштерин боёшуп, сулуулук каражаты катары пайдаланып келишкен. Лейлек, Баткен чөлкөмүндө жашаган элдер бул кошулманы – чардали деп аташкан.
Тиш калынын (чардали) курамы: кыргыздар эрте жазда тоодон ак козу байчечекейдин жана сары козу байчечекейдин тамырын казып алышып, саябан жерге кургатышып, кургатылган бужугунду, күйгүзүлгөн далпараңди (медный купорос) (далпараңди идишке салып, отко койсо аппак болуп күйүп калган) жана акшакты (күрүчтүн майдасын) бирдей өлчөмдө алып, сокуга жанчып, ундай кылып майдалап алышып, анан кара ыраң менен аралаштырып коюшкан. Бул кошулма тиш калы деп аталган. Аялдар даяр болгон кошулманы жука кездемеден тигилген калтага сакташкан. Лейлек, Баткен чөлкөмүндө жашаган элдер бул кошулманы – чардали деп аташкан.
Белгилүү кыргыз этнографы К. Мамбеталиева Сүлүктү, Кызыл-Кыя жергесинде болуп, жергиликтүү элдин турмуш-тиричилиги, маданияты боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп, тиш калы жөнүндө, аны пайдаланышы туурасында кызыктуу маалыматтарды белгилеген. Какен Мамбеталиева өзүнүн илимий эмгегинде: “Өткөн мезгилде Сүлүктүдө, Кызыл-Кыяда жашаган кыргыздар тиштерин кара түскө (тиш калыга) боёп жүрүшкөн. Боёкту (порошокту) базардан сатып алышып, түндө уктардан мурда тиштерге сээп жатышкан, эрте менен туруп оозду чайкап коюшкандан кийин, тиштер капкара болуп жылтырап калган. Боёк кеткенден кийин кайрадан эле ушул тартипте тишти боеп коюшкан. Кыргыздарда тишти боёо суулулук катары саналып, тиштер бузулбайт, оозго жагымдуу жыт берет деп эсептешкен. Кийинчерээк, тиш калыны кээ бир жашы улгайган аялдар гана колдонуп, тиштерин боеп калышкан” — деп жазып калтырган [3.105].
Тиш калы бардык эле аялдардын тиштерине кире берген эмес. Эл ичинде аял кишинин тишине тиш калы кирбей калса муз тиш экен дешкен. Эгерде тиш калы жакшы кирсе, тиштер капкара болуп жалтырап калган. Тиш калыны ар дайым колдонгон аялдардын тиштери аябай бекем болуп, 80 жашка чыкканда да, өлөр-өлгөнчө түшкөн эмес. Төрөттөн кийин көпчүлүк аялдардын тиштери суукка алынып, бошоп калган да, тез эле тиштеринен айрылып калышкан. Ал эми чардалини такай үзбөй колдонгон аялдардын тиштеринин мүлктөрү шишкен эмес, оорубай, курт түшкөндөн алыс болуп, бекем сакталган. Аялдар арасында “…тиш калы сепкен жакшы болот, оо дүйнөдө да сообу зор (чоң) деп айтылган (1947-жылы Андарак айылында туулган Маматова Гүлхандын оозунан жазылып алынды).
Кээде аялдар кыз-келиндерине дүйнөдөн өтсө, сууга алгандан кийин тишиме тиш калыны сүйкөп, жерге бергиле деп мурас калтырган экен (1954-жылы Сүлүктү шаарында туулган Абдиева Бувухамила Турановна тарабынан алынган маалымат).
Тилекке каршы, кыргыз элинин табияттын байлыгынан-эч бир зыяны жок өсүмдүктөрдүн курамынан жасалган табигый сулуулук жана ден соолук тартуулоочу – чардали (тиш калы) азыркы учурда унутулуп, колдонулбай калган. Чардалини, анын курамын, колдонуу жолун билген адамдардын катары суюлуп, жокко эсе. Учурда чардали жасалбай, унутта калган.
Таш кына. Фергана өрөөнүндөгү түштүк-батыш кыргыздары жаз мезгилинде тоолуу аймактарда ташта жабышып өскөн эңилчек өсүмдүгүн – таш кына дешип, сулуулук каражаты катары кеңири пайдаланып келишкен. Таш кынаны колдоруна коюшкан. Айрыкча, жаш келин-кыздар, жаш балдар мал айдап барышып, кайтканда колдоруна кына коюп келишкен. Таштардагы эңилчекти нымдап, ыңгайлуу жалпак таш менен сууланган эңилчекти аралаштырып эзип, колдорунун алаканына, тырмактарына коюшкан. 5-10 мүнөттө колго коюлган кына кургап калгандан кийин сууга жууп салышкан. Жуулгандан кийин кына колго жана тырмактарга кызгылт сары түстө кирип калган. Таш кына колго сулуулук эле тартуулабастан, дарылык касиети да чоң болгон. Колдорду тердегенден арылткан, таш кына көп коюлган сайын тырмактар этке жабышпай, акырындап көтөрүлө баштаган.
Таш кынаны кышка сактоо максатта Фергана өрөөнүнүн түштүк-батыш жеринде жашаган кыргыздар эңилчек бар таштарды бирин-бирине кагып, кынасын түшүрүп алышкан. Ал куруттун күкүмүндөй майда болуп калган. Аны түйүнчөккө салып сактап коюшуп, каалаган мезгилинде кынаны ташка коюп, жылуу суу менен аралаштырып колго коюшкан (1956 –жылы туулган Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Камар айылынын тургуну Омуриниса Жумабаеванын оозунан жазылган маалымат).
Жыйынтыктап айтканда XIX к. аягында XX к. башында Фергана өрөөнүнүн түштүк-батыш аймагында жашаган кыргыздар сулуулук каражаты катары осмо, эндик жана кына өсүмдүктөрүн колдонушкан. Учурда аталган өсүмдүктөрдүн ичинен осмону гана айылда жашашкан аялдар каштарына коюшат. Ал эми эндикти, тиш калыны, таш кынаны пайдалануу унутта калып баратат, ал эми кынаны элдер кооздук үчүн гана өстүрүп калышты. Табигый боёктор адамдын организмине зыяны жок болгонуна карабастан, химиялык жол менен алынган, каш-кирпикти, чачты түшүргөн зыяндуу косметикалык каражаттарга элдин талабы күч болуп келүүдө.
Пайдаланылган адабияттар:
1. Арстанбек Буйлаш уулу. Тар заман. Кыргыз эл ырчылары.-Б.: 1994-ж. 94-б.
2. К.К.Юдахин. Киргизско-русский словарь. Москва.1985-ж. 454-б.
3. Мамбеталиева, К. Быт и культура шахтеров-киргизов каменноугольной промышленности Киргизии: дис. канд. ист. наук: 07.00.02. Фрунзе. 1963.

Айша АБДИЕВА,
БатМУ СГЭИнин директорунун тарбиялык иштер жана мамл. тил боюнча орун басары.
Мадина АВАЗОВА,
тарых профилинин 3-курсунун студенти.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button