alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

Сөзгө чечен кишинин айткан сөзү:

Сөзгө чечен кишинин айткан сөзү:

📍 СӨЗГӨ ЧЕЧЕН КИШИНИН БИРИ АЙТКАН ЭКЕН: «АДАМДЫН ҮЙЛӨНҮҮГӨ ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУСУ АНЫН АКЫЛЫ ЖОКТУГУН БИЛДИРЕТ. ТАЛАК БЕРҮҮСҮ САБЫРЫ ЖОКТУГУН БИЛДИРЕТ. КАЙРАДАН ҮЙЛӨНҮҮСҮ БОЛСО, ЭС ТУТУМУ ЖОКТУГУН БИЛДИРЕТ».

✍ Акылы жок болуп үйлөнүп бүттүк. Эми коомго сабырыбыз жана эс тутумубуз жок экенин далилдебей эле койолу…

Сага аял, ал эми аялга күйөө табылат. Бирок балдарыңа эч качан өз ата-энесиндей АТА-АПА табылбайт!!!

Үйлөнгөнгө чейин бир-бириңдеги кемчиликтерди көрбөгөн элең, эми көрүнүп жатабы? Үйлөнгөнгө чейин көзүңөр көрбөй сокур белеңер?

Тойдон мурда кандай көрбөгөн болсоң, эми да көрбө! КӨЗҮҢДҮ кысып жаша, же КӨЗҮҢДҮ кысып жаша.

Бир-бириңдин жаманыңды жашырып, жакшылыгыңды ашырып жаша. Жашоодо идеал эркек жана идеал аял жок. Андайлар бир гана жомокто же мультфильм — кинолордо болушу мүмкүн.

Экөөңдө тең кемчилик бар. Бир-бириңдин кемчилигиңди, биригип толуктап, эки жарты бир бүтүн болосуңар…

Бир-бириңди болушуңча кабыл ал. Жаман көргөн кишинин артына Аллах Таала жакшылыкты жашырып койгонун да унутпа.

📍ЭКИ ЖАШКА ТАПШЫРМА

Эки барак менен калем алып, бир-бириңдин жакшы сапаттарыңды санап жаз жана ким көп жазган болсо, ошол киши көбүрөөк сүйөт экен дегендей тилек менен жарышкыла.

Аялың көп жазган болсо, эмнеге калып кеттим деп, дагы изде. Жолдошуң көп жазган болсо, калбашым керек кокуй деп, кайра изде…

Мекен үй-бүлөдөн башталат. Мекенимди сүйөм десең, алгач үй-бүлөңдү бекем карма. Мекенде болуп жаткан жагымсыз көрүнүштөрдүн баары үй-бүлөнүн абалын айгинелеп турат…

👳‍♂Идрис Айитбаев

https://www.instagram.com/p/CBIwvwHhCCO/?igshid=x8g16rei00hf

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button