Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
Окулуп жатат: ? Кыямат алааматтары – 2
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Сасык тумоо курч, респиратордук ооруларды айыктыруунун жолу
Рубрикасыз
Нан уурдаган өспүрүм
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Кыргызстандык кары дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды
Жаңылыктар
Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы (ВИДЕО)
Видео Медиа Таасирдүү окуялар
Молдо Кылыч: «Зилзала» 1911-жыл.
Ырлар
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Макалалар > ? Кыямат алааматтары – 2
МакалаларРубрикасыз

? Кыямат алааматтары – 2

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:54 ТЧ
Бөлүшүү

⬅  Кыямат алааматтары – 1

Contents
ООРУ СЕБЕПТҮҮ АДАМДАР­ДЫН КЫРЫЛУУСУ АР ТҮРДҮҮ БУЗУКУЛУКТАР­ДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ СПУТНИКТИК КАНАЛДАР­ДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ
? ООРУ СЕБЕПТҮҮ АДАМДАР­ДЫН КЫРЫЛУУСУ

Өлүмдүн көп болуусу да – Кыяматтын жакындап калганын билдирет. Ауф бин Малик айткан хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Ал­лахтын салам-салаваты болсун): “Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Кудус мечитинин мусулмандар­га өтүүсүн, малдар шарп оорусу менен кырылгандай адамдардын өлүмүнүн көбөйүүсүн, бирөө­гө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлыктын кө­бөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер ме­нен Румдуктардын ортосундагы тынчтыкты” – деп айткан. (Имам Бухарий).
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты бол­сун) Чума оорусун малдын шарп ооруусуна салыштыруусунун се­беби, мал шарп болгондо анын оозунан же туяктарынан суу кую­лат да, дароо жан берет. Чума оорусунда да денеге чыккан жа­радан суу агып, адам бат эле кай­тыш болот.
Кээ бир аалымдар, бул кы­рылуу Палестинада Кудус мечи­тине жакын жайгашкан Аьмваас аймагында болуп өткөн чума ооруусу деп айтышат. Бул оору Умар (Аллах андан ыраазы бол­сун) Кудус мечитин алган жылдан кийин (18-х, 639-ж) пайда болуп, Шам (Сирия) жергесине чейин тараган. Оорунун айынан 25 000 мусулман каза болгон. Алардын арасында Муьаз бин Жабал, Абу Убайда, Шархабийл бин Хасна, Фазл бин Аббас ж.б. (Аллах алар­дан ыраазы болсун) сахабалар да бар эле.

? АР ТҮРДҮҮ БУЗУКУЛУКТАР­ДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ

Бүгүнкү күндөрү уламдан- улам пайда болуп, адамдарды бузуп, туура жолдон адашуусуна себеп болуучу каражаттар – Кыя­маттын белгиси.
Биринчи – арам кылынган нерселерди көрүү. Газета-жур­налдар, телевидение, интернет, уюлдук телефон ж.б.у.с. аркылуу адамдардын ой-пикирин бузуу кеңири таралууда. Кароого бол­бой турган кинолорду, сүрөттөр­дү азыр ар кайсы жерден көрүүгө болот. Эң алыскы тоолуу аймак­тарда, боз үйдүн ичине чейин мындай бузукулуктар ээлеп ал­ган. Жылаңач аялдардын сүрөтүн бардык жарнамалардан, балдар­дын оюнчуктарынан, кол баш­тыктардан, окуу куралдарынан, идиш-аяктардан, тамак-аштар­дан, кийим-кечелерден, кыскасы бардык буюм-теримдерден кө­рүүгө болот.
Экинчи – арам жол менен та­мак табуу. Уурулук, зордук-зом­булук, каракчылык, паракорлук, сүткордук, таразадан алдоо, соо­дадан алдоо ж.б.у.с. баары – Кыя­маттын белгиси. Ошондой эле арам тамактардын жайылуусу б.а. чочконун эти, арак, Аллахтын аты аталбастан союлган малдын эти, арам өлүп калган малдын эти ж.б.у.с. күнүбүздө кулачын керип бара жатат. Бузукулуктун абдан көбөйгөнүнөн улам такыба адам­дар да андан качып кутула албай калат. Жеген тамагыңдын адал же арам экенинен күмөн санап кала­сың. Аллахтын жолунан чыкпай жүргөн адамдар колуна чок карма­ган сыяктуу болуп жүрүшөт. Бузу­кулуктар биринин артынан бири пайда болуп, улам кийинки чык­каны мурункусунан күчтүүрөөк боло берет. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) келтирген хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Ал­лахтын салам-салаваты болсун): “Жакшы амалдарды жасоо менен түн караңгылыгындай каптаган бузукулукту тоскула. Бир күн ке­лет, эртең менен мусулман болуп чыккан адам кечинде каапыр бо­луп келет. Кечинде мусулман бо­луп турган адам, эртең менен каа­пыр болуп калат. Адамдар динин дүнүйө үчүн сатып жиберишет” – деп айткан. (Имам Муслим). Ха­дисте бузукулуктун абдан күчтүү болгондугунан улам, адамдар бат азгырылып, ыйманын сактай ал­бай калуусу жөнүндө айтылган.

? СПУТНИКТИК КАНАЛДАР­ДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ

Азыркы учурда спутниктин каналдардын саны 13 000 ге жа­кындап калды. Алардын дээрлик көпчүлүгү бузукулукту таркаты­шат. Жогоруда айтылган хадис­теги “Түн караңгылыгындай кап­тап кирген бузукулуктун” бири дал ушул каналдар. Хузайфа бин Яман (Аллах андан ыраазы бол­сун) айтат: “Силерге асмандан ушундай жамандыктар келет, ан­дан талаадагы чатыр да кутула албайт”. (Ибн Абу Шайба). Араб­дарда “Ассамаа” деген сөз асман маанисинде гана эмес, “өйдө” де­ген маанини да билдирет. Жого­рудагы асмандан жамандыктар дегендин мааниси – өйдөдөн б.а. спутниктер аркылуу келе турган жамандыктарга айтылган. Азыр эң алыскы тоодо жайгашкан боз үйдүн жанынан да спутник анте­насын көрүүгө болот.
? Уландысы бар…
? http://ift.tt/1GQdsJW

//

The post ? Кыямат алааматтары – 2 appeared first on FORMULA.KG.

October 20, 2015 at 08:58AM

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: бузукулук, Кыямат, кыяматтын белгилери, оору, Өлүм, спутник
20.10.2015
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала ? Кыямат алааматтары – 1
Кийинки макала Ашура күнү деген кандай күн?
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

Катталыңыз

© 2022 FormulaMediaGroup

Окуу тизмесинен өчүрүү

Баш тартуу
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?