alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
Макалалар

Апамды ойнотуп алайынбы?

Апамды ойнотуп алайынбы?

Апамды ойнотуп алайынбы?

Көңүл толкуткан бул учурду сүрөткө эле тарткым келген. Чоркоктугумду ий! Каармандарымды эч окшоштура алчудай эмесмин…

Адатта биз сейилдеген бакчада жаш энелер бөбөктөрүн ойнотуп, же кыз-жигиттер жетелешип көп жүрүшөт. Селсаяк менен жолбун иттер дагы бул бакчада эс алышат.
Жолдун аркы бетинен бөкчөйгөн апаны бир жигит жетелеп келатты. Чоң энемдин басыгы эсиме келип, тиги эки караанга улам көзүм бурулат. Селкинчек тээп жаткан уулум дагы көз багып турган экен, тигилер жакындап калганда:

-Апа, это что такое?- дейт. Апанын басыгы, аны эмнеге жетелеп алганын билгиси келип чулдурайт. Бөбөктөр селкинчекке күүлөнүп, каткырып, ырдап ой бир жыргап атышат…

Тиги экөө отургучка келип тынып калышты.
-Апа, это эне что ли?
-Ооба, сен да Энеңди ошентип жетелеп прогулкалатасыңбы?
-конечно….

Аңгыча экөө жаныбызга келип, туруп калышты. Селкинчектин баарын балдар ээлеп алышкан.

-Эже, апамды ойнотоюн дедим эле. Ойнотуп алайынбы?-дейт кысылып.
Мен шашкалактап эмне кыларымды билбей калдым. Иии, жакшы. Ооба, иии. Кел. Ушинтип тантырап барып бир уулумду селкинчектен алып, ордубузду бошоттук. Апасын селкинчекке так көтөрө отургузду. Термете баштады…

Апанын кудуңдаганын, көзү жумулгуча жылмайып атканы жүрөгүмдү элжиретти. Ал бул кубанычын бирөөгө айтып бере албаса керек. Ушунчалык сүйүнүп, ушунчалык толкуп жатты.

-Апа, дагы терметейинби? Сонун бекен? -дейт уулу. Дагы бир ата небересин терметип атты эле. Ал болсо эне-баланы ыйлап жиберчүдөй карап турат. Мен ичимден эзилдим, жигитке ыраазы болдум. Оо, Кудай Өзүң ыраазы боло көр,- деп тиленип ийдим…

Апасы ооруп бул жакка келгенин, догдуру эмне дегенин, апасынын зеригип атканын кобурап атты жигит. Апасы жаш баладай толкуп, селкинчекте…

Бул жерде балдарынын көңүлүн өстүрүүгө далбастаган, балдарына арналган энелердин сүрөтүн көрчү элем. Балдар да ушундай болушу керек деп билишет. Бүгүнкү сүрөт башкача болду. Адаттагыдай эмес…

Бул сүрөттү баламдын көргөнүнө, таасирленип, кызыгып улам суроо салганына, анан энесин эстегенине кубандым… Бул сүрөт биздин көңүлдөн кетпес болсун….

👤Автор: М.Болот

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ꧂⠀

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202..

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button