Максатына жетүүгө аябай аракет кылган адам – бул дааратканага шашкан адам. Тоскоолдуктар ал адам үчүн маанилүү эмес. Элестеткиле: “Дааратканага жетпей, шымымды булгап койдум себеби:
-дааратканага барганга убактым жок болчу;
-аябай чарчаган болчумун;
-дааратканага жетээриме көзүм жетпеди, үмүтүм үзүлдү;
-Ташмат жетти дааратканага. Эми анын буттары узун да бат эле жетет;
-дааратканага барганга мээм жетпейт;
-3-4 жолу шымымды булгадым. Мен баары бир дааратканага жетпейм;
-дааратканага баруу мен үчүн эмес;
-даараткананы тыкылдаттым эч ким ачпады;
-көңүлүм жок болчу;
-барганга эч нерсе, эч ким дем-күч берген жок;
-акчам жок барганга;
-эртең барам да”,-деген шылтоолорду айтып жатканыбызды.
Эми суроо: максатыңызга жетүү үчүн сиз дагы дааратканага шашкандай шашасызбы?
(Максатыңа жетүү үчүн дааратканага бара тургандай аракет кыл! )
«Бактылуулук Формуласы» баарыңыздарга максаттарга жетүүнү жана бактылуу болушуңузду каалайт.
Жума күнүңүз куттуу болсун!