alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
Жаңылыктар

Саламат Садыкова кайрылуу жасады: «Сакалчан момун мусулмандардан кечирим сурайм.»

Адамдар арасында душмандыкты пайда кылуучу бир иш бар. Бул – жаман күмөн. Башкалардын ишине жаман күмөндө болгон адамдын жүрөгүндө жек көрүү сезими ойгонот, ортодо душмандык пайда болот. Ошол себептен Алла Таала жаман күмөн саноодон тыйып:

“Оо, ыймандуу пенделер! Көп күмөндө болуудан сактангыла, анткени кээ бир күмөндөр (чоң) күнөө” — деп айткан.
(Хужурат сүрөсү, 12-аят).

Айтайын дегеним, кыргыздын салт-санаасын, эли-жерин даңазалап, дайыма ыймандуулукту, ыйбаалуулукту колдоп келген, казак- кыргыз элинин сыймыгы болгон Саламат Садыкова мусулмандарга шек келтирди деп ага акаарат келтиргендер, жада калса, кол салуу менен коркуткандар болууда деген сөздөр болуп жатат. Мындай көрүнүштү чыныгы момун мусулмандарга жараштыра албайбыз.Мусулман коомчулугун жаман көрсөткүсү келгендердин аракети деп баалайбыз.

Ал өзүнүн баракчасында жазгандарынан кошумчалай кетсек:

«…Сиздердин сакалыңыздарды айтайын дебедим эле, сакалдуу акылдуу даанышман чөйрөнүн аял, эне ыйыктыгын сактап, коомдун назарында айтаар, жасаар иштерибиздин кадыр-касиеттерин, берекесин башкачараак өңүттө ачса дегеним үчүн бардык сакалчандардын алдында айыпка бурбаңыздар. Момун мусулман элимдин көйнөктү узун кийгенин, жоолукту салган аял ыймандуу экенин секелек кезимден сиңирген, тааныган аялзаты катарында ылайым сакалга доо кеткен болсо бир менин жанылыштыгымдан, аалам жаркырасын, баарыныздардан сакалчан момун мусулмандардан кечирим сурайм… Мен баарын кечирдим».

Массалык маалымат каражаттары дүйнөдө расмий төртүнчү бийлик катары эсептелгени менен бүгүнкү күндө эң күчтүү курал болуп калды. Бирөөнүн абийирин айрандай төгүп коюу да, ошол эле учурда зоболосун көтөрүп көккө чыгарып коюу да массмедиянын колунан келет.

«Саман өрттөндү десе Самарканд өрттөндү» деп көбүртүп, аялуу темаларды козгоп, элдин талкуусуна жем таштап, катталуучулардын санын көбөйтүүнү гана максат кылган маалымат булактары да көп. Бирок маалыматтын баарын түздөн түз сиңире бербей электен өткөрүп алуу өзүбүздүн колубузда.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button