alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Баткен облусунда «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы өтүп, жарандарга майрамдык маанай тартууланды

Баткен облусунда  «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы өтүп, жарандарга майрамдык маанай тартууланды.  Акциянын алкагында Баткен казыятынын кызматкерлери жана медресе окуучулары айдоочуларга, жүргүнчүлөргө жана жарандарга ооз ачууга ылайыкташкан чакан баштыкчаларды таратып, ыйык Рамазан айы менен куттуктады.

Жумушунан кеч чыгып, үйүнө шашып бара жаткан Орозгүл Калыкова акция жарандар үчүн абдан ылайыктуу болгондугун билдирди.

«Бул саамалык өтө жакшы болуптур. Социалдык тармактардан эле көрүп жүрчүмүн, бизде да уюштурса болот экен ушундайды. Рамазан айы баарыбызга кут болсун. Элибиз тынч, чек арабыз чечилип, аман-эсен жашайлы»,-деди ал.  

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button