alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
Жаңылыктар

Малиев: Дин сабагын киргизүүгө каршымын. Биз светтик мамлекетпиз!

Кечээ, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Асланбек Малиев президенттин буйругунун негизинде киргизилип жаткан «Диндендин өнүгүү тарыхы» сабагына каршылыгын билдирди. Депутаттын айтымында, аталган сабакты берүүгө жер-жерлерде адистер жетишсиз.

Ал эми Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бецшеналиев болсо ыйман сабагын киргизүү опурталдуу экенин белгилеп, диндердин тарыхы сабагын тарыхчылар өтөрүн, теологдор пилоттук негизде даярдалып жатканын жана эч бир динге пропаганда болбой турганын айтты.

Депутаттар Айбек Осмонов жана Шайлообек Атазовдор сабактын аталышы «Ыйман сабагы» болуш керектигин жана ыйман окутулушу зарыл экенин баса белгилешти.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button