25.1 C
Bishkek
17.07.2025
Жаңылыктар

Ислам оюндарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын куржунунда 16 медаль

Бүгүн Ислам оюндарынын жабылуу күнү. Кыргызстан курамасы жалпы жыйынтык боюнча 10-орунда

Бүгүн Бакуда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарынын жабылуу күнү, жыйынтыктоо аземи болот. Ушул күнгө карата Кыргызстандын спортчулары жалпы медалдык эсепте 57 өлкөнүн арасынан 10-чу орунду камсыздады. Ала-Тоолуктардын капчыгында 4 алтын, 4 күмүш жана 8 коло медаль – жалпысынан 16 сыйлык бар. Улуттук курама Египеттен кийин – ал 9-орунда жана Сауд Арабиясынан мурун жайгашты — араб өлкөсү 11-орунда.

Жакынкы кошунабыз Казакстан 14-орунда. Кыргызстандан кийинки саптарда Ирак, Түркмөнстан жана Нигерия сыяктуу ири өлкөлөр артта калган. Жалпы медалдык тизмени мелдештердин ээси – Азербайжан жетектеди, 2-3-орундарды Түркия менен Иран ээледи.

5tv.kg

Related posts

Бишкекте «Мусулман айымдардын биримдиги» аттуу форум өтөт. Мынай чечим Азирети Муфтий «Хисса бинти Зайд» аялдардын коомдук фондунун өкүлдөрү менен жолугушууда кабыл алынды

Кызылордолук жашоочу бир үйдө үч аял менен жашаганы менен элди кызыктырды.

Мелис Шерматов

2016-ЖЫЛДАГЫ АЖЫЛАРДЫ КАТТОО 11-АПРЕЛДЕН 11-МАЙГА ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Leave a Comment