alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев кыргызтандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Ассаламу алайкум ва рохматуллоохи ва барокатух! Урматтуу мекендештер,  кадырлуу агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар!

Сиздерди ыйык, берекелүү, бардык мусулмандардын башын бириктирген Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Бул күнү мусулмандар бири-бирине кубаныч тартуулап, бир туугандык мамилени күчөтөт. Берешендиктин сыпаты болгон Курман айт майрамында тууган урук, колу-коңшулар менен болгон карым-катнаш артат. Эң башкысы Кудуреттүү Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн өзү жакшы көргөн мал жандыгын курмандык кылат. Сүйүүнүн мал-мүлккө эмес, Жалгыз Аллага экенин далилдеп, ага дуба кылынат. Жакыр, колу жука үй-бүлөлөр эттин даамын татып, кубанычка бөлөнүшөт. 

Улуу Аллах үй-бүлөңүздөргө тынтык, береке, аруулук тартууласын. Чалган курмандыктарыңызды, кылган садака-ихсандарыңызды Жараткан Аллах кабыл кылсын. Мамлекетибизде дайыма тынчтык, туруктуулук,  өнүгүү болсун.

Айтыңыз маарек болсун!

Сиздерди терең урматтоом менен, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button