alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

КИУнун Ош шаарындагы Куран жаттатуу борборунун 9 студент аяктады

Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы Куран жаттатуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө Куранды толук жаттаганын тастыктоочу дипломдор тапшырылса, мектеп жетекчилиги тарабынан орто мектепти ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн аттестаттар берилди.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев,  КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, молдо Имарали, Шахмухаммад кары, Мухаммадамин кары, Рахматулла кары, Саидбурхан кары сыяктуу белгилүү дин аалымдары  жана мугалимдер менен ата-энелер катышты.

Саамалык алкагында   Куранга, динге кызмат кылган аалымдарды эскерүү туурасында   чакан тасмалар көрсөтүлүп, дин аалымдары жаштарды ыймандуу, билимдүү болууга чакырышты.   

 Эскерте кетсек,  2020-2021 окуу жылында КИУнун Ош колледжинен 9 студент Куранды толук жаттап, окуу жайдын алгачкы бүтүрүүчүлөрү макамына ээ болушту. 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button