alternatetext Багымдат: 06:08 | alternatetextКүн чыгуу: 07:39 | alternatetext Бешим: 13:17 | alternatetextАср: 17:06 | alternatetextШам: 18:51 | alternatetextКуптан: 20:26
ЖаңылыктарРубрикасыз

2016-ЖЫЛДАГЫ АЖЫЛАРДЫ КАТТОО 11-АПРЕЛДЕН 11-МАЙГА ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Ажылык сапарына баруучуларды каттоо иши 2016-жылдын 11-апрелинен 11-майына чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын түзүмүндөгу облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.

Каттоо иши Баткен облусунда ажыларды каттоо иши казыятта жана шаар райондордо өтүп, жалпысы болуп 6 каттоо пункту ишке кирмекчи.

Электрондук тандоого (чучукулак) катыша турган ажыга баруучуларга коюлган талаптар:
1. Ажыга катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК банкына (ажылык-2016 счетуна) төлөнгөн (500сом) квитациясынын көчүрмөсү.

2. Ажылыкка мурда барбагандыгы тууралуу справка.
(Справканы жашаган аймагындагы мечит имамынан алса болот)

3. ID-карт, учету 2015-жылдын 1-октябрынан кем болбоосу шарт.
(Эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы).

4. Чет элдик паспорту (акыркы үлгүдөгү).

5. Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.
(Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү же махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы талап кылынат).

6. (3×4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт.
(Сүрөт түстүү, ак фондо, матовой кагазда болуусу шарт).
(Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт.)

7. Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке номер телефону алынат.
8. Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт.

Эскертүү: Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө кошумча билдиршет.
Электрондук чучукулактан өткөн жарандар жогоруда талап кылынган документтерге кошумча төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

1. №086у формасындагы медициналык справка.

2. Калькуляциадагы кайрымдуулук иретинде берилүүчү каражаттарга ыраазычылык катын берүү. (Ыраазычылык кат берүү ажынын ыктыярында).

3. Келишимге кол коюу.

4. Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button