alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунун казысы Кара-Суу районундагы имамдардын билимин жогорулатуу үчүн атайын окуу курстарын уюштурууда

Ош облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында казыят жана  Кара-Суу районуна караштуу мечит имамдарынын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын окуу тренинги уюштурулду.

Сабакты Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев өтүп, Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасы боюнча кеңири түшүнүк берди.  

Сабак жалпысынан төрт китептен өтүлүп, суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.

«Казыяттын имаратында имамдарды окутуу үчүн бардык шарт каралган. Имамдар менен болгон сабагыбыз дайыма уланып келүүдө. Жолдун узактыгына карабай имамдарыбыз билим алып кетишүүдө», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button