alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Рубрикасыз

Менин бир досум бар эле….

Окуя интернеттен алынды!

Менин бир досум бар эле, аты Айдар, 92 жылкы. Мага жана силерге окшогон эле адам. Бирок кыздар «сулуу» дешчи, артынан чуркап жүрүшчү . Узун бойлуу, кара чачтуу. Ата-энесинин жалгыз баласы. «Акча» десе – колунда, каалаганын кылат — кааласа ичет; кааласа чегет; кааласа кыздар менен жүрөт; Тагырак айтканда, туура эмес жолдо жүргөн дос эле. Окуудан келе жатканда, кээде көрүп калчымын, мас болуп жүргөнүн. Экөөбүз сүйлөшүп калсак, Айдардын үч сөзүнүн бирөөсү – «зына» жөнүндө эле. Дос балдар болуп туура эмес экенин көп эле айттык, бирок, баланын өзүнөн окшойт, Айдар таакыр өзгөргөн жок. Ошол Айдардын маңдайына жазылган Тагдыры, мага чоооң Сабак болду… элибизде айтылган: «Адамдын өмүрү – ийненин учунда» деген сөздү жакшы түшүндүм. 2013 жыл, октябрь айы, аба-ырайы сууктап, бак-дарактар ыйлап, жалбырагын чачкан кез. Ал кезде мен жаныдан Ислам динин карман баштаган учурум. Жума күн эле, Жума-Намазга баражатсам Айдарды кайра көрдүм мас болуп жүргөнүн, өтө деле мас эмес. Көрмөксөнгө салып өтүп кетейин дегем, бирок, өтүп кете алган жокмун. «менин досумго» деп жанына келип, саламдашып, ахвалын сурап, сөзүмдү баштадым…. Менин сөзүмдү аягына чейин угуп, анан бир-аз ойлонуп, мага мындайча айтты — ʺдосум, мен сени таарынткым келген жок, мен сени сыйлайм, бирок, мен мыдайларга ишенебербейм, сен мени түшүнбөйсүң, мен сени түшүнбөйм. Кечирʺ — деп, мени жаман көргөнсүп басып кетеберди… Мындай мамилесине, капа деле болгон жокмун. Бирок, «досум деп келсем, мени укпай койду» — деп кичине жаман болдум. Бир күнү, Топ-балдар болуп шаарыбыздын центрине сапар алдык, жаныбызда Айдарда бар. Айдар айткан сөздөрүмө таарынып калганбы, билбейм, бирок мени менен таакыр сүйлөшкөн жок. Бир маалда такси менен бара жатсак Айдар «башым ооруп жатат» деп бизге айтып калды. Андан сурасак – «кичине кезимде селкинчектен жыгылып сотрясение алгам, ошондонго, 1 айдан бери ушинтип ооруп калат» деп жооп узатты. Анан ал бара албай, орто жолдон, кайра үйүнө кайтууга туура келди — «силер бара бергиле, мен үйгө барып жатпасам болбой калды» деп үйүнө кетип калды… Ошентип, дос балдар болуп озубузчо кеттик…. Кечке маал, уйлорубузго кайра кайтып Айдарды сурап койолу деп, чалсак, Айдар трубканы албай койду… эртеси да дагы чалдык — алган жок. Учунчу куну телефону очук болуп калды. Ошентип, кундор отоберди, жумалар отту, артынан айлар алмашты… баягы досубуздан эч-бир кабар жок, жер жутуп кеткендей, Айдар жоголуп кетти. Тааныштардан сураштырсак, эчкимиси билбейт. 2014 жыл, март айы, чымчыктар сайрап, алма-бактар бучур байлап, аба-ырайы тазаланган кез. Бир куну, мага бир чочун номерден кат келди: «Салам, Досум! мен Айдар, создор бар эле. Эртен жолукпайлыбы»… муну окуп, Айдар экенин билип… «жолуксак азыр жолугалы, азыр бош элем» десем, мени уйуно чакырды… Ак-орго жака кочуп кетишиптир. 4 автобус менен Ак-оргону коздой барсам, Ак-оргонун остановка’сында Айдар мени кутуп туруптур. Аны коруп абдан тангалдым, коргонумо ишенген жокмун… Мечиттеги молдолордон айырмасы жок. «Допу» кийип, «сакал» койуп алыптыр. «досум онолуптур, ыйман жолуна тушуптур» деп, бир жагынан аябай суйундум. А бир жагынан жаман болдум, Айдар аябай арыктаап, козу кирип, ахвалы начар экен. Мени коруп ал дагы суйунду, узунун бир-тууганын коргонсуп – ыйлап жиберди. Уйуно келип, экообуз дасторкондун алдында коопко чейин суйлошуп калдык. Суйлошуп жатып Досумдун коп озгорушторун байкадым. Ички дуйносу сырткы кел’бетиндей — супсулуу болуптур. Баягы жаман создорду суйлогон Айдар досум жок. Азыркы Айдар менен ырахатта суйлошуп жаттым. Бир малда «уй-булоо» жонундо соз кетти. Мен досуман сурап калдым «качан уйлоносун» деп. Ал жооп бере албай, негедир, башын жерге салып, капага батып «жакында уйлоном, буйурса» деп койду. Созду Бузуп, ошол маалда мага телефон чалып калды, байкем мени уйго чакырып жатыптыр. Аны Айдарга айтып «уйдогулор чакырып жатат, уйго барайын, дагы шашпай суйлошолу» десем, Айдар мага: «дагы жолугалбай калабызго» десе болобу… Бул созун укканда кокурогум бир зырт дей тушту. Туруп бара жаткан жеримен кайра отуруп калдым. «досум, сага айтатурган создорум бар эле, угуптурчу» деп, айтатурган создорун мындайча баштады: «Эсиндеби, жарым жыл мурда, достор болуп, шаарга чыгып баратканда, менин башым ооруп уйго кеткем. Ошондо башым чыдатпай, мен 4 гор.больницага баргам. Ошол кундон баштап менин жашоом, абдан озгорду… Качан мага врач ʺбашында шишик бар экен, жумурткадан кичиреек, рак экенсинʺ деп айтканда, мен омурумдо биринчи жолу асманды карап, кылган куноолорумду коруп, коз жашым менен Алладан кечирим сурадым. Кудайга ишенбечи элем, бирок ошол куну ушунчалык ишендим. Журогумдун согушу денеме чейин титиретип, Жараткандан ушунчалык корктум. Жаман жолго алпарган бутум Мечитти коздой чуркады. Жандуйном мага ʺМечитке бар! намаз окуу!ʺ деп улам-улам кайталап жатты. Жаным эзилет же Намаз окуганды билбейм, алдымда бир Таксыр Намаз окуп жатыптыр, ошону туурап Намазды ыйлап окудум. 40-50 жыл бою тооба кылсам дагы, кечирилбеген куноолорум бар эле, бирок умунумду узбой, Алладан кечирим сурай бердим — сурай бердим… Мечиттен чыккым келген жок. Боздоп ыйлап жатып туну бир маал Мечитте уктап калыптырмын. Эртен менен ʺбагымдатʺ Намазына бир Таксыр мени ойготту, Намазды окуп бутуп, уйду коздой чуркадым… Ата-энемди коргум келди, жыттарына ушунчалык муктаж болдум. «бейиш эненин таманында» дейт, ошол Апамдын таманын опкум келди. Уйго барсам, Алтындай болгон жалгызым менин Апакем эшикти ачты, корокалып, Апакемдин алдында тизелеп кечирим сурадым — ʺАпаке мени кечириниз, мен ак сутунузду актай албаймʺ деп, бутунан ооп, ыйладым. Катуу ыйлаган окшойм, ошол маалда, шашып Атам чыгып калды. Атамды коруп, даагы жаман болдум — ʺАтамдын жалгыз баласы болсом, Неберелуу кылалбаймʺ озумду жек кором» — деп, Айдар катуу ыйлап жиберди……………………….. Менин дагы жашым салаалап агып жатты. Мен ушунчалык досумду соороткум келди, айласын издедим, бирок таппадым, анткени мен Айдардын мындай болоорун таакыр куткон эмесмин.Бир-аз эс алып, мага айтар создорун уланты: ʺОнол балам, онолʺ — деп Апам мага канча жолу коз жанын тогуп айткан?! Атамды канча какшаттым «жалгыз баламсын, жаман жеринди ташта» — ал эмес досторум да айтышчу, бирок, мен онолбодум, Алланын каарына калдым окшойт…. Мен ойлогом «батылуулук» — бул сулуу кыздар, кооп акча. Эгерде Ата-энемен алыс кетсем мен бактыылуу болом го деп ойлогом… жоок, мен ото жанылышыптырмын. Чыныгы бактылуулук уй-булоодо экен… Атан сени карап, менин уулум деп суйунсо — ошол бактылуулук экен. Апакендин таманын башына жазданып жатсан — ошол бактылуулук экен. Жайнамаздын устундо башынды ийсен — ошол бактылуулук экен. Бирок мен баарын кеч тушундум… Ушунчалык окуном, досум, ишенесинби?!Мага канча ай калса да, ошол айларымды «жайнамаздын» устундо откорууну чечтим. Озум жаман адам болсом да, элге жардам берип журом, анткени мен Алланын каарынан корком. Балдар уйуно коп барам, тамак аш жеткизип. Эхх…менинда ушундай балдарым болмок эле… бирок, мен озум мунун баарын озумон алыстатып алдым. Эгерде бул жошоого кайра келсем, мен башкача жашамакмын… жакшы адам болмокмун… Ата энемди эч качан таарынтмак эмесмин… бирок ото кеч болуп калдыыы — деп, Айдар досум кайра катуу ыйлап жиберди……..Мындай создорун угуп, менин да козумон кайра жаш кетти. Мен Эркекмин, бирок, коз жашымды токтото алган жокмун. Айдар кандай соз айтпасын, мага ото катуу тийип жатты. Создоруно чыдаялбай, жанына тураалбай калдым. Эмне дееримди билбей ʺмен уйго барайын, кечир мениʺ деп, сыртка чыгып кеткенге шашылдым. Кетип бара жатсам, артыман ʺДосум, токточуʺ деп 2-3 жолу ун салды. Артымды карасам, коз жашын колдотуп мага мындайча айтты: «врач айткан мага 1 жыл жашайсын — деп. Андан бери 7 ай отту. Эми жалгыз Аллах билет мага канча ай калганын. Козум барда сенден суранып кетет элем: мен бул дуйнодон кеткенде, менин жаныма туруп Жаназа Намазын окуп койчу. Жаназага турбай койсон болот, мен тарынбайм, бирок, Алланын раазычылыгы учун Жаназага туруп койчу. Сенден башка досум жок — Намаз окуганʺ деп, кайра боздоп ыйлап жиберди…- ʺооба, созсуз окуйм, дозумʺ деп, тилим такалып, башка соз айталбай, кетебердим. Сыртка остановка жака бара жатып, бутумду таппай, кайра артка Айдар досума баргым келди. Жанына барып, жок дегенде бир жакшы соз айтып, кубандыргым келди. Бирок эмне деп айтам? — «хей… Досум, сен бейишке чыгасын» деппи?….же «Жаназа’намазды окуп кокем — деппи?? Досумдун тагдыры чооон сабак болду. ойлонуп калам: Кун кирип чыккан сайын, биз «олумнго» жакындайт экенбиз. Бирок, бул дуйнодон качан кетебиз? Бизге канча убакыт калды? — муну биле албайт экенбиз. эртенки куну биз эмне болобуз? — Аны да билбейбиз. Ошондуктан ар-бир кундук жашообузду жон эле откорбошубуз кекрек экен… «адамдын сулуулугу – козго жагат, жан’дуйноосу – журоко жагат» дегендей, адамкерчиликтуу жана боорурек болуп, Аллага жаккан пенделерден болушубуз керек экен. Аллага ыразычылыгыбызды билдирип, башыбызды саждага ташташыбыз керек экен. Жыйнаган байлыгыбыз — бир куну сапырылып жок болот, бир куну — кайра келет. А уй-булоо бир кетсе кайра кайтып келбейт. Демек, Бакытты акчадан эмес, Уй-булоодон издеш керек экен. ————2014 жыл, Август айынын аягы. Саратан, кундун ысыгы чопту куйкалап чегинен чыккан кез. Август айынын аягында мен Ыссык-колду коздой кетип калдым. Аякта 10 кундой журдум. Мен колдо жургонумдо, таагырак айтканда 6 сентябрь куну эртен менен бир досуман мага кат келди — ʺДозум, Айдардын уйуно балдар болуп баратабыз. Тушунʺ ……………………… катты окуп бааарын тушундум………………………… Ошол куну баарын таштап, досумдун Аманатын аткарайын деп, кайра Бишкеке келдим. Бишкеке туштон кийин саат 2 лерде жетип, туз эле Айдарддын уйуно бардым. Барсам, баарынан катуу сыздаган Атасы «Менин жалгыз туягым, артынан бироону таштап кетсен болмок» андан катуу ыйлаган Эне журогу: «менин колоком элен… жалгыз тоо-аскам кулады» …Ата-энесин коргон элдер да баары ыйлап жатышты (аягы) P.S.-Айдар досума Алла таала мээримин чачыптыр — деп айтар элем. Кандай мээрим — деп сурасаныз, мен айтам: -анткени досум олор убактысын билген. Алла таала ошол врач аркылуу билгизген. Ошондо досум, убактысын текке коротпой , тооба кылып, намаз окуп, жанын тазалап, Алланын ыразычылыгын издеп, бул дуйнодон оо буйного «шахид» болуп кетти, иншаа Аллах….. А биз? Урматтуу тируу жандар! Билебизби олор убактыбызды? — жоок. Биз 1000 жыл жашачуудай болуп «олумду» эстебейбиз. Аланын ыразычылыгын издебейбиз. Урматту бир тууган, кеч болуп кала электе, ыйман толтуралы. Жана келечекте бизди МУРЗОО’ДОН башка эчнерсе кутпойт. Качып кутула албайбыз. Барар жерибиз мурзо. Эмне учун? — Анткени Алла таала Къуранда айтат:»БАРДЫК ЖАТДЫКТАР ОЛУМ ДААМЫН ТАТЫШАТ» (Аль-Исрат, аят 185)»БИР ДА АДАМ ЭРТЕНКИ КУНУ ЭМНЕ БОЛООРУН БИЛБЕЙТ. БИРДА ДА АДАМ КАЙСЫЛ ЖЕРДЕН ОЛОРУН БИЛБЕЙТ» (Лукман, аят 34)(АЛЛАХ АР-БИР АДАМГА ЫЙМАН ЖАНА ДЕН-СООЛУК БЕРСИН. Амиин) Автор: Т. Асанов

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button