alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунда 1050 орундуу “Имам Ата” мечитинин расмий ачылуу аземи болду

Ош оболусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы Имам Ата айылында жергиликтүү айыл тургундарынын колдоосу менен 1050 орундуу “Имам Ата”  мечитинин расмий ачылуу аземи болду.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Бишкек шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов, Дин аалымы Садыбакас ажы Доолов, ДИМКнын түштүк айматык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров жана айыл тургундары катышты.

Иш-чара алгач маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев айыл тургундарын жаңы мечити менен куттуктады.

«Жаңы мечитиңиздер куттуу, берекелүү болсун. Аллах Таалам ушул  мечиттин курулуш иштерине ар тараптуу салым кошкон бардык кызматкерлерге бейиште да дал ушундай үй насип кылган болсун. Ылайым ушул мечитте туура багыттагы ислам тарбиясы берилсин. Ар кандай туура эмес багыттагы агымдардан Аллах өзү сактасын», – деди облус казысы.

Ошондой эле ДИМКнын түштүк айматык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков Мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты жана дин багытындагы мыйзам актылары боюнча маалыматтарды берди.

Ал эми калган коноктор өздөрүнүн куттуктоолорун айтышып, белектерин тапшырышты.

Мындан сырткары мечиттин курулуш иштерин жетектеген мечит имамы Юсуфхан дамблага облус казысы ыраазычылык баракчасын тапшырды. Калган мечитке жигердүү кызмат кылган жарандарга Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button