alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Пайдалуу кеңештер

Орозого руханий даярдык: төкмө акын Идрис Айтбаевден 7 кеңеш

Төмөндө биздин эсибизде калган кеңештерди жазып койдук.

1- Туулган күнгө, юбилейге, же үйлөнүү тойго кандай гана толкундануу менен даярданабыз. 3-4 ай мурун эле анын планын, сценарийин түзүп баштайбыз. Ал эми айлардын султаны болгон Ыйык Рамазан айына да ошондой ыкылас, толкундануу менен даярданабызбы? Ушул суроо баарыбызды ойлонтушу керек.

2- Рамазан айына көбүбүз материалдык жактан кам көрөбүз: азык-түлүк, тамак-ашты даярдайбыз. Бирок руханий тараптан даярданууну унутуп коебуз, же этибарга албайбыз. Орозо кармоону бир күн кечке ачка жүрүү деп түшүнсөңүз – чоң жаңылышасыз. Орозодо бардык дене мүчөлөрү орозо кармашы керек: көздөр, кулак, тил, кол, бут. Анда, азыртадан ушак сүйлөбөөнү, арамды карабоону күчөтөлү.

3- Социалдык тармактан ар кандай эстафеталар, гив оюндар күндөн күнгө көбөйүп бара жатат. Келиңиздер, орозого чейин биз да пайдалуу эстафета, гивдерди ойлонуп, башкаларга тараталы. Мисалы, Рамазанга даярдык иретинде азыртадан нафил орозолорду кармоо эстафетасы, тахажудга туруу (бири-бирибизди тахажудга ойготолу), күнүнө, жок дегенде, бирден аят окуу эстафетасы. Мындай эстафеталарды уюштурууга акчанын кереги жок, буга акыл, туура ниет жана ыкылас керек. Мына ушулардын баары Рамазанга сонун даярдык болот. Мисалы, такыр чуркабаган кишиге дароо 5 километр чурка десең кыйналат да, туурабы? Ал үчүн мурунтан даярдык көрүп баштоо зарыл. Анын сынарындай, орозого да канчалык эрте даярдык көрсөк, бул ай ошончолук жеңил жана берекелүү өтөт.

4- Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган коронавирус оорусу качан жоголуп, биз мурдагы жашообузга кайтарыбыз азыр белгисиз. Орозо айында да карантинде болобузбу, же ага чейин маселе чечилеби, билбейбиз. Кудай сактасын, орозону карантинде өткөрүүнү. Адам баласы өзү жалгыз калганда жакшы иштерди жасабай, күнөө иштерди көбөйтүп ийүүсү мүмкүн. Андыктан, эгер орозодо да карантинде болуп калсак, Ыйык айда убактыбызды бошко кетирбей, үйдө жалгыз болуп, коомго аралашпасак да, мотивациябызды түшүрбөй, ибадатыбызды эң жогорку деңгээлде аткарууга өзүбүздү тарбиялайлы. Үйдө жатып, өзүбүздү таштап койбойлу.

5 – Азыр канчалаган мечиттер бош калды. Бирок ар бирибиз өз үйүбүздү мечитке айланта алабыз. Мисалы, 1 айылда 1 мечит бар дейли. Бул айылда 500 түтүн болгон болсо, ар бирибиз үйүбүздү мечитке айлантсак, 500 мечит болгон болуп калат. Үйүбүздө үй-бүлөбүзгө, балдарыбызга 1 күндүк тартип түзүп берели. Ал тартипте үй иштерин бүткөрүп, илим-билим алып, ибадатыбызды шашпай, ыкылас менен аткаралы. Балдарыбызга баян, сабак өтөлү. Карантиндеги убактыбыз болушунча пайдалуу болсун. Бул – ар бирибиздин колубуздагы нерсе.

6- Баарыбыз эшикке чыкпай, телефонду тиктеп калдык. Бирок телефон аркылуу үйрөнгөнүбүз 1 нерсе болсо, жоготконубуз 1000 нерсе болуп жатат. Интернет көзүбүздү жейт, андан соң өзүбүздү жейт, жашообузду жеп, андан ары жаннатыбызды да жеп койбосун. Интернеттен маанисиз нерселерди карап, убактыбызды бошко кетирип ийбейли. “Убакытты коротуу – жашоонуу коротуу” экенин унутпайлы.

7 – Рамазанда мен өзүмө мындай бир жаңы нерсени ачтым. Ооз бекитүүдө 1 күн бою курсагым ачпасын деп, ашказанымды толтуруп тамактанып алган күндөрү, тескерисинче курсагым бат ачар эле. Ал эми ашказанымды сүннөт боюнча 3 кө бөлүп: бир бөлүгүн тамак-ашка, экинчисин сууга, үчүнчүсүн абага бөлүп, мына ушундай таризде тамактанганымда бир күн бою кыйналбай, ток жүрчүмүн. Айтайын дегеним, орозодо ифтарда курсакты болушунча толтуруп, анан ооз жабууга чейин уктабай, телевизор, телефон тиктеп жатып, ооз жапкан соң эртең менен жатып, кайра түшкө чейин уктап, туура эмес күн тартибин жүргүзбөйлү. Уйку менен тамакка көп орун берип койбойлу. Ибадатты күчөтөлү. Мындай ай бир жылда бир гана жолу келет эмеспи.

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Урматуу окурмандар! Сайтыбыз жаэыланып баштады. Жакынкы күндөргө толугу менен оңдолуп бүтөт. Айрым ыңгайсыздыктар пайда болсо кечирим сурайбыз!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button