alternatetext Багымдат: 03:57 | alternatetextКүн чыгуу: 05:48 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
МакалаларТаасирдүү окуялар

НАМАЗДАРЫБЫЗДЫ ЖАКШЫ ОКУП ЖАТАБЫЗБЫ?

НАМАЗДАРЫБЫЗДЫ ЖАКШЫ ОКУП ЖАТАБЫЗБЫ?

Хатем Захид аттуу аалым Асым ибни Юсуф деген аалымдын жанына зыяратка келгенде, Асым мындайча суроо узатат:

— Хатем, намаздарыңды жакшы окуп жатасыңбы?

— Ооба, — дейт Хатем.

— Кана, кантип окуп жатасың?

Сурап жаткан соң жооп берүүгө туура келет. Хатем Захид төмөнкүчө баяндап берет:

— Намаз убактысы жакындап калганда дааратымды бүт сүннөттөрү менен жакшылап алып, андан соң намаз окучу жерге тигиле карайм. Тулку боюмду, ой-кыялымды бир жерге орнотом. Кийин Каабаны эки кашымдын арасына багыттап, Алла Тааланы ар кандай кемчиликтерден таза деп билүү менен бирге, Анын мага күрөө тамырымдан да жакындыгын жана да менин жүрөгүмдөгүнүн баарынан кабардар экенин терең сезүү менен бериле намазга даяр болом. Буттарымды сырат көпүрөсүнүн үстүндө, бейиш оң жагымда, тозок сол жагымда, өлүм периштеси аркамда тургандай сезип, окуй турган намазым эң акыркы намаз деп ойлойм. Андан кийин ихсан сезими менен баштоо такбирин айтып, берилүү менен намаз окуп баштайм. Жан-дилим менен рүкүгө ийилем, жалынуу менен саждага жыгылам. Кайра үмүт менен ташаххудга отуруп, сүннөт менен салам берем. Бүткөн соң намазды ихласка тапшырып, коркуу менен үмүттүн ортосунда калам. Жана да сабырдуулук менен ушул абалымда калууга аракеттенем.

Муну уккан Асым:

— Хатем, сенин намаздарың ар дайым ушундайбы? — деп сурайт. Хатем:

— Ооба. Отуз жылдан бери ушундай намаз окуп келем, — дегенде, Асым көз жаштарын токтото албай:

— Мен ушул күнгө чейин андай намаз окуй элекмин, — деген экен.

📚 «Өчпөс сабактар» китебинен.

⠀https

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button