alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 21:58
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Манас районуна 50 үй бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Талас облусунун Манас районунун хатибиятында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев билдирди.

Анын айтымында, жеке ишкерлер жана соодагерлер тарабынан эки жылдан бери ай сайын Манас районундагы колу жука үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылып келет.

Бул жолу 50 үй-бүлөгө жалпы 90 миң сомдук тамак-аш баштыкчалары Жайылган, Пакровка, Май, Тамеки савхоз жана Үч – Коргон айылдарына таратылып берилди.

«Кайрымдуулук кылган инсандардын садака зекетин  Аллах Таала кабыл кылсын, иштеринде береке болсун»,-деди Миржалал ажы.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button