alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
Макалалар

Куранда момундарды сыпаттаган 100 өзгөчөлүк

Куранда момундарды сыпаттаган 100 өзгөчөлүк

📍КУРАНДА МОМУНДАРДЫ СЫПАТТАГАН 100 ӨЗГӨЧӨЛҮК

1.Адамдар арасында адилеттүлүк менен өкүм кылышат/Аньам,151.
2.Алар Аллахка шерик кошпойт/Фуркан, 68.
3.Намысыны(уятыны) коргошот/ Фуркан,68.
4. Акыйкатты билип туруп жашырышпайт/Бакара, 44.
5.Намаздарын хушу(коркуу) менен туура(тартипке ылайык) окушат/ Муминун, 2,9.
6. Ата-энесине жадагалса “уф-ф” деп дагы айтпайт/
Исра,23.
7.Пайдасыз иштерден оолак болушат/Муминун,3.
8.Мал-мүлкү жана жаны менен жихад(аракет) кылышат/ Тауба,5.
9.Такыр божомолго таянышпайт/Жаасия, 24.
10. Наадандар менен талашып-тартышпайт/Фуркан,63.
11. Жалаакерлердин айыптоолорунан коркушпайт/
Маида, 54.
12. Эч качан жалган сүйлөшпөйт/Муминун, 8.
13.Аманатка кыянат кылышпайт/Бакара,177.
14. Убада берген соң, сөзүнө турушат/Бакара,177.
15.Зекетин толук беришет/Бакара, 177.
16.Жетимдин акысын такыр жешпейт/Ниса, 2.
17. Сапардагы жолоочуларга жардам беришет.Бакара, 177.
18.Каапырларга каршы катуу-өктөм, бири-бирине боорукер мамиле кылышат/ Фатх, 29.
19. Адамдардын кемчилигин кечиришет/Аали Имран, 135.
20. Жалгыз гана Аллахка таянып, ишенишет/ Тауба, 20.
21.(Муктаждык жаралган учурда) каапырлар менен Аллахтын жолунда согушушат/ Али Имран,28.
22. Барчылыкта да, жокчулукта да садака кылышат/ Али Имран, 133.
23.Ачуусу келген учурда ачууларын жутушат/ Али Имран, 133.
24. Башкалардын “кудайларын” акаарат кылышпайт/ Аньам,108.
25. Күнөөсүз бир жанды өлтүрүшпөйт/ Аньам, 151.
27. Аллахтын аяттарын арзыбаган баага сатышпайт/ Али Имран, 199.
27. Зынага такыр жакындабайт/ Муминун, 5.
28.Адамдарга “сен мусулман эмессиң” деп айтышпайт/ Ниса, 94.
29.Пайгамбарлардын эч бирин башкасынан ажыратып карабайт/ Бакара, 136.
30. Жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт/
Фуркан, 63.
31. Эсепти туура кылышат/ Аньам, 52.
32. Адал жана таза нерселерди гана жеп-ичишет/
Бакара, 168.
33. Эч качан жалгандан күбөгө өтүшпөйт/ Фуркан, 72.
34. Сөздөрүн бурмалап, Аллахтын атынан жалган сүйлөшпөйт/ Ниса, 135.
35.Аллахтын аты аталганда жүрөктөрү титирейт/ Анфал, 2.
36.Жокчулуктун айынан балдарын өлтүрүшпөйт/ Аньам, 151.
37. Берген антын эч качан бузушпайт/ Нахл, 91.
38. Кудай үчүн кылам деп убада кылган жумушун аягына чыгарышат/ Инсан, 7.

39. Аллах менен болгон келишимин аткарышат жана аны бузушпайт/ Раад, 20.
40.Тууган-уругуна жардам беришет / Бакара, 177.
41. Жолдо калып кеткен жолоочуларга жана оорулууларга жардам беришет/ Бакара, 177.
42. Муктаждарга жана туткундарга жардам беришет/ Бакара, 177.
43. Кембагалдык, оору-сыркоо жана согуш учурунда сабыр кылышат/ Бакара, 177 .
44. Аллах берген ырыскыларынан жакшылык гана жумшашат/ Анфал, 3.
45. Куранды терең түшүнүү менен окушат/ Муззаммил, 4.
46.Динде эч кимди мажбурлап, кыйнабайт/ Бакара, 256.
47. Адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарышат/ Анфал, 71.
48. Аныгы билингенге чейин өздөрүнө жакпаган нерселер жөнүндө талашпайт/Маида, 101.
49.Ар бир ишти кеңешип кылышат / Шувра, 38.
50. Чындыгында жеңишке жетишкендер/ Муминун, 1.
51.Жалгыз гана Аллахка кулдук уруп, жалгыз Андан гана жардам сурашат/ Фатиха, 5.
52.Аллахтан чын жүрөктөн коркушат, тыйган нерселеринен оолак болушат/Али Имран,102.
53.Жалгыз Аллахтан үмүт кылышат.Андан башка эч кимден коркушпайт/ Бакара, 249.
54.Аллахка шүгүр кылышат. Токчулукта көөп, жокчулукта чөгүп кетишпейт/Бакара, 172.
55. Шексиз ыйманга ээ болуп, Аллахтын ыраазычылыгын табуу үчүн аракет кылышат/ Хужурат, 15.
56.Куранга бекем байланышкан. Бүткүл амалдарын Куранга карап түздөшөт. Адамдарды Куран акыйкаттары менен эскертишет/ Аьраф, 170.
57.Аллахтын ар бир нерсени көрүп, угуп турганын билишет жана ар дайым Аллахты эстеп турушат/ Али Имран, 191.
58. Аллахтын алдында алсыз экендигин билишет/ Бакара, 286.
59.Ар бир нерсе Аллахтан экендигин билишет. Ызы-чууга берилбей, салкын кандуулук жана тобокел менен аракеттенишет / Тауба, 51.
60. Акыретти чыныгы максат катары көрүшөт. Бирок бул дүйнө нематтарынан да пайдаланып,дүйнөдөгү өз үлүшүн унутпоого аракет кылышат/ Ниса, 74.
61. Жалгыз гана Аллахты жана момундарды дос тутуп, сырдаш болушат /Маида, 55-56.
62.Акыл ээлери. Ар дайым ойгоо жана этият болушат. Үзгүлтүксүз момундар жана дин үчүн кызмат кылышат/ Муминун, 54.
63.Каапырларга каршы тынбастан пикир күрөшүн улантышат. Ордунан жылбастан, чайналбастан күрөш жүргүзүшөт/ Анфал, 39.
64. Акыйкатты сүйлөөдөн баш тартышпайт. Адамдардан коркуп, акыйкатты жашырышпайт. Жалаакерлердин айыптоолорунан коркушпайт/ Маида, 54, 67.

65. Аллахтын динине үгүт кылышат. Түрдүү ыкмалар менен Аллахтын динине үгүттөө иштерин алып барышат / Нух, 5-9.
66. Орой болбой, мээримдүү жана жумшак мүнөздүү болушат/ Нахл, 125.
67.Ачууга алдырышпайт, жакшы күмөн кылып жана кечиримдүү болушат/ Али Имран, 134.
68. Ишеничтүү адам болушат. Эң бир жогорку деңгээлде адамгерчиликтүү болуп, айланасындагыларга ишеним тартуулап турушат/ Духан, 17-18.
69.Алар кооз мүнөз ээлери болушат/ Калам, 4.
70.Жубайларына сылык-сыпаа мамиле кылышат/ Ниса, 19.
71.Зулумдан жана өлтүрүлгөндөн коркушпайт. Кыйынчылыктарга чыдашат/ Анкабут, 2-3 Тауба, 111.
72.Каапырлар тарабынан чабуулга дуушар болуп, тузактарга түшүшөт, шылдыңга кабылышат/ Бакара, 14,212.
73.Эч бир нерсени Аллахка теңеп, окшоштурбайт/ Ихлас, 4.
74. Каапырларга каршы этият болушат/ Ниса, 71,102.
75. Шайтанды жана аны жолдогондорду душман көрүшөт/ Фатыр, 6.
76.Эки жүздүүлөр менен күрөшүшөт, эки жүздүүлүктөн алыс болушат/ Тауба, 83,95,123.
77.Эки жүздүүлөрдүн аракеттерине каршы турушат/ Ахзаб, 60-62.
78. Ичимдик, кумар жана пал ачууга такыр жакындабайт/ Маида, 90.
79. Ыйман келтирбегендердин сырткы жашоо зыйнатына берилип, азыгырылышпайт/ Кахф, 28.
80. Байлык жана мансаптан таасирленишпейт/ Хаж, 41.
81. Ибадаттарга кылдат мамиле кылып, намаз, орозо жана башка ибадаттарды дыккатык менен аткарышат/ Бакара, 238.
82.Көпчүлүктүн эмес, Аллахтын каалоосундай өмүр кечирет/ Аньам,116.
83.Аллахка жакын болуу жана мыкты бир момун болуу үчүн чабалашат/ Маида,35.
84.Куранды өз ара өкүмдар кылып алышат/ Аньам, 114.
85. Ата-бабаларынын артынан көр сымал ээрчип кетишпейт. Куранга ылайык аракеттенишет / Ибрахим,10; Худ, 11,62, 109.
86.Ысырапка жол бербейт/ Аньам, 141.
87. Намысына бекем болуп, Аллах каалаган таризде үйлөнүшөт/ Муминун, 5-6; Нур, 24,26,30.
88.Динде аша-чапкандыкка жол беришпейт/ Бакара, 143;Ниса, 171.
89.Курбанчылык кылуудан качпайт/ Инсан,8.
90.Тазалыкка көңүл бурушат/ Бакара, 125,168.
91. Момундардын артынан сүйлөбөйт, кемчилигин издебейт/ Хужурат,12.
92. Көр албастыкка берилбейт/ Ниса, 128.
93.Аллахтан кечирим сурашат/ Бакара,286.
94.Куранды токтоп, маанисин түшүнүү менен окушат. Тирүүлөрдү Анын аяттары менен эскертишет/ Муззаммил, 4.
95.Бири-бирин мазакташпайт, какшыктабайт, каралабайт, жаман ылакап ат койбойт/ Хужурат,11.
96.Акылын колдонушат/ Йунус,100.
97. Бири-бирине салам беришет, эсендик тилешет/ Ниса, 86.
98.Алар сөз угуп жана эң мыктысын ээрчишет/ Зумар, 18.
99.Алар жумшак, сылык-сыпаа, маданияттуу жана көрктүү сүйлөшөт/ Тахаа,44; Исра, 23; Бакара, 83.
100. Жалгыз гана Раббисин улуулашат/ Муддассир,3.
Жараткан баарыбызга ушул сыпаттарга ээ болууну насип этсин.

Которуп, даярдаган: Нуриет Абдулазиз

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button