Макалалар

Жол кырсыктары качан азаят?

2021-жылы 11 айдын ичинде жол кырсыгынан 780 адам каза болуп, 10 миң киши жабыр тарткан. Бул жылы балдардын катышуусу менен болгон жол кырсыктары 43 пайызга көбөйгөн. Жыл аягында Президент Садыр Жапаров бул орчундуу көйгөйдү баса белгилеп, буга бардык мамлекеттик органдар жоопкер экенин билдирген. Жол кырсыктарынан кээде бүтүндөй бир үй-бүлө каза болуп калып жатканына кейиген Өлкө башчы жол кырсыктарынын негизги себептери айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алуу, автомектептердеги начар даярдык жана жол тармагындагы коррупцияланышкан система себепкер экендигин ортого салган. Ошондой эле өткөн жылдын аягында Президент ИИМ автомобилдерди каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү алуу экзамендерин өткөрүү, айдоочулук күбөлүк берүү жана автомектептер менен таксилерге лицензия берүү укугун бере турган “КРдагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгына кол койгон. Айрым коомдук активисттер ИИМге мындай ыйгарым укук берүү менен эле жол коопсуздугу жакшырып кетпесин айтышса, ички иштер министри Улан Ниязбеков айдоочуларды окутуу сапатын жогорулатуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук актыларды тартипке келтирүү жана жол-транспорт кырсыктарын азайтуу багыттарында иштер башталганын, мунун жыйынтыгы боюнча жол-транспорт кырсыктары азайтыларын баса белгилеген. Буга улай министр айдоочулардын 60 пайызы эч кандай айдоочулук окуудан өтпөй күбөлүк алышканын жана 235 автомектепти текшергенде 135 автомектеп талапка жооп бербегендиги аныкталганын айткан. Ошондой эле министр 274 автомектептин 209у жеке менчик, 65и мамлекеттик экенин маалымдаган.

Кыргызстанда жылына миңге жакын адам айдоочулук күбөлүк алса, ошончо адам жол кырсыгынан набыт болуп келет. Бул айдоочулук күбөлүк айдоо-чунун айдоо чеберчилигине кепилдик бербей турганын айгинелеп турат. Мамлекет болсо жол-транспорт кырсыктарын айзатуу боюнча бир нече реформаларды жүргүзүп, атүгүл жол коопсуздугуна жоопкер ведомствонун структурасын, аталышын да өзгөрттү. Тилекке каршы, жол кырсыктары көбөйсө көбөйдү, азайган жок. Учурда орто эсеп менен күнүгө жол-транспорт  кырсыгынан 2ден адам каза таап, жылына 1000ге жакын адам жарык дүйнө менен кош айтышып жатат. Орой айтканда Кыргызстанда бир жылда бир айыл эли жок болуп кетип жатат. Статистикалык маалыматтарга таянсак акыркы он жылда жол кырсыктарынан 10 миңден ашык адам набыт болгон.

Кыргызстанда жылына миңге жакын адам айдоочулук күбөлүк алса, ошончо адам жол кырсыгынан набыт болуп келет. Бул айдоочулук күбөлүк айдоо-чунун айдоо чеберчилигине кепилдик бербей турганын айгинелеп турат. Мамлекет болсо жол-транспорт кырсыктарын айзатуу боюнча бир нече реформаларды жүргүзүп, атүгүл жол коопсуздугуна жоопкер ведомствонун структурасын, аталышын да өзгөрттү. Тилекке каршы, жол кырсыктары көбөйсө көбөйдү, азайган жок. Учурда орто эсеп менен күнүгө жол-транспорт  кырсыгынан 2ден адам каза таап, жылына 1000ге жакын адам жарык дүйнө менен кош айтышып жатат. Орой айтканда Кыргызстанда бир жылда бир айыл эли жок болуп кетип жатат. Статистикалык маалыматтарга таянсак акыркы он жылда жол кырсыктарынан 10 миңден ашык адам набыт болгон.

Баарынан өкүнүчтүүсү, адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыктарына күнөөлүү айдоочу үй камагына чыгарылат же көп өтпөй боштондукка чыгып кетет. Каза болгондордун жакындары көп учурда материалдык, моралдык да колдоосуз калып, аларга укуктук жактан жардам бергендер да болбой калат. “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин директору Чинара Касмамбетова көп жылдардан бери жол кырсыктары болгон учурда жоопкер тарап маселени чалуулар, пара берүү, дос, тааныштардын жардамы менен чечип келе жатышканын айтат.

“Көп учурда мыйзам бузгандар өз күнөөсүн жана жоопкерчиликти сезишпейт. Буга укук коргоо органдарынын, тергөөчүлөрдүн же сот кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз иши кошулса жакынкы жылдары жолдордо кырдаал өзгөрүшү кыйын”, – дейт эксперт.

Эксперттин айтканында калет жок. Себеби, акыркы учурда болуп жаткан жол-кырсыктарынын көбүндө айдоочу мас абалында болот же катуу ылдамдык менен жүргөн болот же кош сызыкты тепсеп өтүп карама-каршы тилкеге чыккан болот. Жыйынтыгында адам өлүмүнө себепкер айдоочу жеңил жаза алып калган учурлар бар. Алыс барбай эле быйылкы жылды мисалга алсак, 2022-жылдын 3 айында эле 3766 мас айдоочу кармалган. Бул былтыркы жылдын 3 айына караганда 15 пайызга көп. Ошондой эле Бишкекте  жумасына жүзгө жакын мас айдоочу кармалганы интернет булактарына байма-бай чыгып келе жатат.

Баса, акыркы он жыл ичинде өлкө боюнча 68 миң жол-транспорт  кырсыгы катталган. Ар бир жол кырсыгындагы адам өлүмүн, материалдык жоготууларды, психологиялык, физикалык кыйынчылыктарды эсепке алсак экономикабызга өтө чоң зыян келгенин билебиз. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча жол кырсыктарындагы адам өлүмү боюнча Кыргызстан 175 мамлекеттин ичинен 92-орунда турат. Жогорудагы цифралар, акчалуу боло калса темир тулпар сатып ала коюп, элге мактангысы келгендерди, унаасын техникалык кароодон өткөрбөй туруп алыскы жолго чыккандарды, байлыгына, мансабына чиренип мас абалында жолго чыккандарды көп ойлондурбаса керек. Андыктан андайларды кылмыш жоопкерчилигине тартып, экинчи андай кадамга бардыртпаш үчүн мамлекет комплекстүү чара көрүш керек.

Жолдорго аудит жүргүзүү жооптуу иш

2020-жылы Кыргызстанда 1,5 млн. автоунаа катталган. Темир тулпарлардын көптүгү албетте автожолдордун эксплуатациялык мөөнөтүнүн кыскарышына алып келери турган иш. Автоунаалардын көптүгүнөн улам мамлекет бир жолду жасап бүтө электе экинчи жагы талкаланып, шаар аралык, облус аралык жолдор тургай Бишкек, Ош шаарларынын ичин иретке келтире албай турат. Өлкөдөгү ар бир экинчи жол кырсыгы республикалык маанидеги чоң жолдордо болуп жатат. Жолдорду, трассаларды толук кандуу оңдоого мурда эле каражат жетишсиз деп келген Транспорт жана коммуникациялар министрлиги пандемиядан кийин мурдагыдан да жайыраак кыймылдап калды. Эл аралык донорлор Кыргызстан жолдоруна аудит жүргүзүп, стратегия даярдоого жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирип келишет. А жолдорго жооптуу мамчиновниктерибиз болсо жолдорду өнүктүрүү стратегиясы кандай болушу керектигин өздөрү билбей башы катып отурат. Бул ведомстводо сыягы баягы эле “ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт” саясаты жүрүп жаткандай. Муну айтканыбыз, быйыл өлкө боюнча курула турган жолдор ташбаканын жүрүшүндөй эле болуп жатканын көрүп жатабыз.

Оң рулдуу автоунаалар оңой киреби?

Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көбүнесе Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата, Бишкек-Талас каттамдарында болот. Учурда ыңгайлуулугуна, бышыктыгына карап алыска каттаган таксисттердин басымдуу бөлүгү оң рулдуу автоунааларды айдашат. Мындай машиналар менен жол кырсыктары көп катталгандыктан 2015-жылы мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон. Андан бери 7 жыл өтсө дагы негедир оң рулдуу машиналар өлкөдө азайбай келет. Демек, мындай автоунаалар азыр деле ташылып келип жатат. Алсак, 2022-жылдын январында республикада 1,1 млн. жеңил автоунаа катталса, анын 17 пайызы оң рулдуу болуп чыккан. “Унаа” мамлекеттик мекемеси 6 жыл бою өлкөдө бир дагы оң рулдуу автоунааны каттабагандыгын маалымдаган. Эгер Өкмөттүн токтому менен 178 эле автоунаа катталса, калган оң рулдуу автоунаалар асмандан учуп келиштиби деген суроо жаралат. Оң рулдуу автоунаалар бизге оңой эле кирип жатканын машина сатуучу сайттардан эле билүүгө болот. Себеби, сайттардагы 2019-жылдан 2022-жылга чейинки сатыкка коюлган темир тулпарлардын 40 пайызы оң рулдуу.

Апрель айында ИИМ  жол кырсыктарынын 22 пайызы оң рулдуу автоунаалар менен болорун маалымдаган. Министрликтин маалыматы боюнча, 2021-жылы оң рулдуу автоунаалар менен 1 624 жол-транспорт кырсыгы катталып, 2 772 адам жабыркаган. Бул болсо жалпы жол кырсыктарынын 25 пайызын түзөт. “Адам өлүмү менен коштолгон оор жана өтө оор авариялардын 60 пайызы оң рулдуу унааларга таандык”, делет ИИМдин маалыматында. Ага карабай эле учурда оң рулдуу автоунааларды жактап, аны киргизүүнү каалагандар арбын. Ал тургай бул маселе быйыл эле парламентте көтөрүлүп кайра басылды. Оң рулдуу автоунааларды жактагандардын көбү алардын арзандыгын, колдонууга ыңгайлуу, сапаттуу экендигин айтышат. Ооба, ал жагында талаш жок. Бирок, алыскы жолдордо бир эмес жети-сегиз адамды аркы дүйнөгө узатуу бизге оор эмеспи?! Азырынча, бул жагын ойлогон адам аз.

Мелис Совет уулу,
«Кыргыз Туусу» гезити

Back to top button