alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 21:58
Макалалар

Коёндой окшош күндөр

Коёндой окшош күндөр

🛑 КОЁНДОЙ ОКШОШ КҮНДӨР

✍ Мюнхенге тизелеримди даарылатканы эки жолу барып, экөөндө тең үч айдай туруп калдым.Кээде отуруп алып даарыгерлер менен баарлашам.

Күндөрдүн биринде бирөөсүнүн иш планы кандай экенин сурадым. Айтымында, болгон максаттары эле жумуш, уйку, кайра жумуш акырында сыйлык алуу экен.

Намаз окуу, Куран окуу, зикир, тообо, Жараткандын кечиримин тилөө, жаратылышка баам салуу сыяктуу исламдагы маанилүү иштердин, кала берсе, туугандарга учурашуу, оорулуунун акыбалын суроо, көрүстөндөргө барып туруу, маркумдарга дуба кылуу сыяктуу адамдык сапаттардын бирин да таппайсың алардан.

Эртең менен кечикпей бар, кечинде кечикпей кайт. Таңды — кечке талпынгандары ушул гана. Жан дүйнөгө ырахат тартуулай турган, жашоонун багытын өзгөртө турган иш-аракеттерден ат чабым алыс калышып, милдетин так аткара турган кайсы бир тетик сыяктуу сезилишти.

Мекениме кайтканда, бизде жумуш, милдеттен сырткары, беш убак намаз, Куранга унулуу, ата-энени сыйлоо, туугандарды зыярат кылуу, колуңдан келишинче, алыңдын жетишинче пайдалуу иштерди жасоо сыяктуу амалдардын барына шүгүр кылдым.

Күндөрүбүздү ушундай амал менен кооздоп койгон Аллага дагы бир жолу мактоо айтам, бул амалдар бизди бул дүйнөдө бактылуу кылса, акыретте сыйлыкка марытат. Аллага чексиз мактоолор айтылсын!

📚’Бакыттын сырын ачтым» китебинен

Автор: Аид ал Карни.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996700334493

📲+996 771 822 202

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG
https://www.instagram.com/p/CB7gax8BpkJ/?igshid=82makh2nvt7u

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button