МакалаларРубрикасызТарбия

Намаздын тарбиялык мааниси 

Намаз – динибиздеги ибадаттардын ана башы болуп эсептелет. Ыйман келмесинен кийинки эле аткарылуусу зарыл болгон ибадат. Башка ибадаттар сыяктуу пайгамбарыбызга периште аркылуу жүктөлүп, жер бетинде парз болгон эмес. Алла Таала пайгамбарыбзды жети кабат асмандын үстүнө алып чыгып, түздөн-туз парз кылган ибадат. Адамды күнөөдөн тосуп, жаман иштерден кайтара турган ибадат. Мусулманды мусулман эместен айырмалап турган ибадат. Диндин түркүгү, бейиштин ачкычы болгон ибадат. Намаздын дүйнолүк жана акыреттик пайдалары өтө көп. Мен бүгүн намаздын адамдын жашоосундагы тарбиялык маанисине гана учкай токтолууну тура көрдүм:

  1. Намаздын бир күндө беш жолу окулуусу б.а. намаз убактыларынын тарбиялык мааниси бар. Ар дайым убакытты эсептеп жүрүү адамды тактыкка үйрөтөт. Анан да убакытты так эсептеп жүргөн адам анын баркын билет. Убакыттын баркын билген адам убадага так болот. Мисалы, аскер кызматындагы адамдардын ар бир иши убакыт менен ченелгендиктен алар бир мүнөттү да текке кетирбейт. Алар ар дайым так убакыт менен жүргөндүктөн, убакытты балай билишет. Ошол сыңары намазды өз убагында окуу, намаз убактыларын так сактоо да мусулман адамды тактыкка үйрөтөт. Бир ишти бир күндө беш жолу так убакытта аткарып көнгөн адам, башка иштерин да толук өз убактысында аткарууга көнөт.
  1. Намаз үчүн даарат алуу – адамды тазалыкка тарбиялайт. Даарат болбосо намаз жарактуу болбойт. Намаз убактыларына жараша жок дегенде үч жолу даарат алууга туура келет, тагыраак айтканда, эртең менен, түштө, анан кечинде. Адамдын ден соолугу таза болуу үчүн ар бир тамактануудан мурун б.а. жанагы эле үч учурда колду жуу сунуш кылынат. Ал эми дааратта бир гана кол эмес, денеде бат кирдөөчү мүчөлөр, кол, ооз-мурун, бут жуулат. Ал эми бир күндө беш жолу минтип тазаланган адам тазалыктын баркын билип, өзүн тазалыкка тарбиялай алат.
  1. Намазга эрте келүү динибизде өтө сооптуу амалдардан. Бул адамды ар дайым кечикпей жүрүүгө тарбиялайт. Жумушка, чакырылган жерге, убадалашкан орунга ж.б. кечигип баруу жашоо турмушка абдан чоң кедергисин тийгизет. Айрыкча, бизде, кыргыздарда кечигүү көнүмүш адатка айланып калган. 5, же 10 мүнөт кечигүү эч кимге өөн учурабайт. Бирок, бул убакта эмне деген жумуштар бүтүп, эмне деген маселелер чечилбейт дейсиң? Муну ар бир мүнөттүн баркын билген адамдар гана сезе алат. Бир күндө беш жолу мечитке эрте барууга шалылган адам, өзүн ар дайым кечикпей жүрүүгө тарбиялай алат.
  1. Намазга барганда биринчи сапка туруу абдан сооптуу болору айтылган хадистер бар. Эң сооптуусу биринчи катар, андан кийин экинчи катар ошентип саптардын сообу артка жылган сайын азая берет. Көбүрөөк соопко ээ болуу үчүн алдын болууга аракет кылган адам, башка иштеринде да дайыма алдыда болууга умтулат жана озүн ушуга тарбия кылат.
  1. Намазда сапка турганда адамдар тегиз туруусу зарыл. Саптын тегиздиги жамаат намазында чоң рол ойнойт. Бул адамды ар бир ишти так, тартиби менен аткарууга тарбиялайт. Аскерде жөнөкөй көнүгүү аткаруудан тартып, согушта жеңишке жетүүгө чейинки бардык иштерде солдаттардын катарга түз туруусу түрткү болот. Ошондуктан аскерде биринчи кезекте катарга түз турууну үйрөтөт. Ал эми мусулмандар бир күндө беш жолу катарга тизилип аскердегиге караганда кобүрөөк тарбия алышат.
  1. Намазды имам менен окуган учурда анын ар бир амалын имамды ээрчип гана аткарууга уруксат. Өз башынча окуп имады ээрчибей коюуга болбойт. Бул адамды өзүмчүл болбоого, башкаларга баш ийе билүүгө табиялайт.
  1. Намазды имам менен окуган учурда андан өтүп кетүүгө болбойт. Имамдан өтүп кетсе намаз бузулат, же күнөөкөр болот. Бул – адамды сабырдуулукка жана ишти шашылбай аткарууга тарбиялайт.
  1. Намаз окулуп бүткөндө аткарылчу акыркы амал – намазды салам менен бүтүрүү. Салам бергенде алгач оң тарабыңа, анан сол тарабыңа кайрыласың. Бул – өзүңдүн айланаңдагы адамдар менен жакшы, сылыксыпаа мамиле кылууга тарбиялайт.
  1. Намаз окуу үчүн мечитке барып, жамаат менен бирге болуу – адамды коом менен бирге болууга, адамдар менен иштеше билүүгө, башкалар менен тил табышууну үйрөнүүгө тарбиялайт.
  1. Намазда сажда кылган учурда эки жолу сажда кылабыз жана эки сажданын ортосунда бир азга токтолобуз. Биринчи саждага барганда башыбызды жерге коюп, мына ушул топурактан жаралганыбызды моюнга алабыз. Экинчи саждага барганда, кайсы бир күну кайра ушул жер алдына келерибизди моюдайбыз. Ал эми бул эки сажданын ортосундагы бир аз тыныгуу – биздин туулгандан өлгөнгө чейинки өмүрүбүз. Биз анын ушунчалык кыска экендигин сезебиз. Анын, өмүрдүн, өтө бат өтүп жатканын сезебиз. Ушуну менен өзүбүздү дүйнөдө кандай алып жүрүүгө жана акыретке даярданууга тарбиялайбыз.

Намазда мындан сырткары да биздин жашоо-турмушубузду жакшыртуучу көптөгөн пайдалары бар. Биздин акылыбыз жетпеген да пайдалары болуусу мүмкүн. Анткени, Алла Таала бизге кайсы ибадатты аткарууга буйруса, анын биздин бул дүйнөдөгү жашообуз үчүн айтып бүткүс пайдалары бар. Ошондуктан, ар бир ибадатты так, туура жаны чын ыклас менен, пайгамбарыбыз көрсөткон тартипте аткарсак, анын чыныгы даамын бул дүйнөдө эле тата алабыз.
“Бейиш” гезити

//

The post Намаздын тарбиялык мааниси  appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

September 09, 2015 at 09:29PM

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Close