alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 21:58
Макалалар

ИСКЕНДЕР ЗУЛКАРНАЙН ЖАНА ӨКҮМДАР

ИСКЕНДЕР ЗУЛКАРНАЙН ЖАНА ӨКҮМДАР

📍 ИСКЕНДЕР ЗУЛКАРНАЙН ЖАНА ӨКҮМДАР

✍🏻 Искендер Зулкарнайн дүйнө жүзүн кыдырып жүрүп өлүмдөн корккон жана напсисин тыя билүүгө аракет жасаган бир элге туш келет. Элдин өкүмдарынын көр дүйнөгө болгон кызыкчылыгы жок, бул дүйнөгө тиешелүү мүлктөрү да жок эле. Алар ырыскыларын жер-жемиштен издечү. Аларды да өздөрү багып өстүрүп, арам ырыскы кошулуп кетпөөсү үчүн абдан этият кылышар эле. Ал тургай бул элдеги адамдар ар кимиси өз жайын (көрүн) өзү казып, күнүгө тазалап, ибадаттарын да ошол жерде кылчу.

Бир күнү Зулкарнайн алардын өкүмдарын өзүнө чакыртат.

Өкүмдар:

— Мен эч кимди көргүм келген жок. Мени көргүсү келгендер жаныма келишет,- деп айттырып жиберет. Натыйжада Зулкарнайнанын жанына барып:

— Мен сени чакырган элем, эмне үчүн келген жоксуң?-дейт.

Өкүмдар:

— Мен сага эч кандай муктаж эмесмин. Эгер муктаж болсом бармакмын,- деген жообун берет. Зулкарнайн кызыгуу менен:

— Сиздин абалыңызга, жупунулугуңузга түшүнгөн жокмун. Жана да сиздикиндей абалды башка эч кайдан көргөн эмесмин. Бул кандайча? -деген суроосун узатат.

Өкүмдар:

— Туура, биз байлыкка маани бербейбиз. Анткени, бир аз гана байлыкка ээ болгондор дагы көбүрөөк болсо экен деп олтуруп ниети бузула баштайт. Ошон үчүн биз дүйнөнүн артынан чуркагандардан эмеспиз,-деди.

Зулкарнайн:

— Булар эмне болгон мүрзөлөр? Эмне үчүн жай казып алып, ичинде ибадат кылып жатасыңар? — деп сурайт. Өкүмдар:

— Дүйнөнүн артынан чуркабоо үчүн ушундай кылабыз. Көрдү көргөндө акыры бир күнү ошол жакка кирээрибизди эстеп, бардык пайдасыз нерселерден тыйылабыз,- деди. Зулкарнайн:

Эмне үчүн жашылча-жемиштен башка тамак жебейсиңер? Мал багып, этинен, сүтүнөн пайдалансаңар болбойбу? — деген суроосун узатты. Өкүмдар:

— Ашказаныбыз жандуу айбандардын мүрзөсү болушун каалабайбыз. Өсүмдүк менен эле азыктансак жетиштүү. Ансыз деле кокодон өткөн соң эч биринин даамынан ырахат ала албайбыз да,- деп жооп берген экен.

📚»Өчпөс сабактар»китебинен.


꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:

📲+996 771 822 202

+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CC3TaOHB_UK/?igshid=sdco6rpr62qf

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button