alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарМакалалар

СИЗДА ЖУМАНЫ САГЫНДЫҢЫЗБЫ?

СИЗДА ЖУМАНЫ САГЫНДЫҢЫЗБЫ?


Жууп таштап жан дүйнөнүн ылайын,
Жума күнү сүйүндүрчү Кудайым.
Берилген соң өзүң жакка чакыруу,
Белек кылып көз жашымды сунайын.

Ооба бир тууганым бүгүн Жума. Өзгөчө биз көптөн сагынып күткөн Жума. Жан дүйнөбүздү караңгылыктан арылтып, жүрөгүбүзгө тынчтык тартуулаган Жума. Бир туугандарыбыз менен жолугушуп, кечиришип, ынтымакты бекемдеген Жума. Жаратканым дуба эшиктерин ачып, периштелер эшик алдында күтүп соопторун жазып, жакшылыкка жеткизген Жума.

Абу Умама, радыяллаху анху, айтат:
*“Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Жума күнү мечиттердин эшиктеринде периштелер олтурушат. Аларда барактар бар, адамдарды (биринчи келгенине карап) жазып турушат. Имам (минбарга) чыккан кезде барактар жыйылат”. Мен: “Эй, Абу Умама! Имам (минбарга) чыккандан кийин келген адамга жума жокпу?” – деп сурадым. Ал: “Жок (ал жума окуйт), бирок ал барактарга жазылгандардан болбой калат” – деп айтты”. (Ахмад)

Абу Саид ал-Худри, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
*“Жума күнү болгондо периштелер мечиттердин эшиктеринде олтурушуп алдыңкы келгенине карап жазып турушат. Биринчи келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы курмандык кылган адамдын сообун жазып турушат. Азанчы азан айтып, имам минбарга олтурганда алар жазып жаткан барактар жыйылат жана периштелер мечитке кирип, хутба угушат”. (Ахмат)

Ооба, Жума ушундай улуу күн. Жаратканым ушундай Жума күндүн жакшылыгынан башка айырбасын. Биз күнөөкөр пенделерин кечирип, башыбызга келген оорунун сыноолорунан батыраак кутулуп кетүүбүзгө Өзү жардам берсин. Элбизге тынчтык, бейпил жашоо, ден — соолук берсин. Амиин!

🤗Жумаңыз маарек болсун бир тууганым!

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202..

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.
https://www.instagram.com/p/CBUeZYmB0ur/?igshid=pzs760n4o87q

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button