alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жалал- Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана казыят кызматкерлери “Бакыт” борборун зыярат кылышып, балдарга таттууларды таратышты

Жалал- Абад облусунун казысы Нематулла ажы  Жээнбеков жана казыят кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад шаарындагы Жалал- Абад областтар аралык ден соолукту калыбына келтирүү “Бакыт” борборун зыярат кылды. Саамалык «1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө» карата уюштурулуп, казыят кызматкерлери балдарга  таттууларды таратышты.

«Пайгамбарыбыз жетимдин башын сылоо сооп экенин айткан. Сиздер бул балдарга мээрим төгүп, эне ордуна эне болуп жатасыздар. Сиздер бул дүйнөдөгү эң ардактуу инсансыздар!», – деди облус казысы.

Ал эми Жалал-Абад областтар аралык ден соолукту калыбына келтирүү «Бакыт» борборунун башкы дарыгери Н.М. Эрматов  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Жалал- Абад облустук мусулмандар казыятына терең ыраазычылык билдирди.

«Бизге көптөн бери Дин Башкармалыгынан эч ким келе элек болчу. Сиздер атайын убакыт бөлүп, балдарды зыярат кылуу үчүн келиптирсиздер. Балдарымды кубанткандарды Кудайым кубанткан болсун!», – деди балдар үйүнүн директору.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button