alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:53 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Жаңылыктар

Муфтий: Кээ бир өлкөлөрдөгү «Куран өрттөө акциясы» укукка каршы жосун!

Кыргызстандын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Куранды өрттөө менен ал жок болуп кетпейт! Анткени Курандын коргоочусу бар» деп билдирди.
«Тилекке каршы, түздөн-түз Жараткандын китеби болгон Куранды өрттөөгө батынган ынсапсыз, маданиятсыз, адеп-ахлаксыз, толерантсыз жандар болууда. Акыйкатта алар Куранды өрттөө менен Жер шарынын ¼ калкы карманган динге акаарат кылып, провокация жасашууда. «Сөз эркиндиги», «адам укугу», «акция» деген ярлыктарды жамынып, ириде руханиятка жырткычтык мамиле кылынганы бешиктеги балага да маалым. 2 миллиард адамдын ыйык туткан китебин өрттөөнүн эмнеси сөз эркиндиги да, эмнеси адам укугу?! Ириде сөз эркиндиги да, адам укугу да, демократия да жоопкерчилик эмеспи! Башкача айтканда, эркиндиктин да, укуктун да чеги, ченеми, алкагы бар. Бирөөнүн укугу бүткөн жерде башканын укугу башталат. Демек, кээ бир өлкөлөрдөгү «Куран өрттөө акциясы» укукка каршы жосун!
Аныгында Куранга эч ким зыян бере албайт! Ага эч качан зыян жетпейт. Анткени ал Аллага таандык. Алла Таала Өз Каламын Өзү сактайт:
إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ
“Чынында, Куранды Биз түшүрдүк. Эми аны өзүбүз сактайбыз”
(Хижр, 9).» -дейт муфтий.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button