alternatetext Багымдат: 03:31 | alternatetextКүн чыгуу: 05:32 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:12 | alternatetextШам: 20:27 | alternatetextКуптан: 22:31
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жалал-Абад казыяты Иордания мамлекетинен билим алгандар кыз-келиндерге окуу семинарын өткөрдү

Бүгүн, 24-сентябрда Жалал-Абад областук адмнистрациясынын жыйындар залында областун мусулмандар казыятынын колдоосу менен Иордания мамлекетинин Амман шаарында жайгашкан Бүткүл Дүйнөлүк ислам илимдер университетинин «Ханафий, фыкх» факултетинин бүтүрүүчүлөрүнүн окуу семинары өткөрүлдү.

Семинарга аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү М. Сардыбаева, М. Сулайман кызы жана Б. Бусурманкуловалар шаардагы кыз-келиндерге «Диндеги аялдын бактылуулугу», «Күйөөгө баш ийүү»  жана «Бала тарбиялоо» темалары боюнча лекция окуп беришти.

Бүтүрүүчүлөр ислам дининин жайылуусуна кошкон салымдары үчүн Жалал-Абад областук мусулмандарынын казысы Нематила ажы Жээнбеков казыяттын атынан ыраазычылык барактарын тапшырды. 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button