alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев КМДБнын Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жаткан кыз-келиндердин окуу курсунан кабар алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жаткан кыз-келиндердин окуу курсунан кабар алды.

Муну менен катар Жоробай ажы Шергазыев илим алуу маанилүү жана зарыл экендигин баса белгилеп, ата-эне балдар үчүн үлгү экендигин билдирди.

«Эне-бул мектеп. Андыктан келечек муундарыбыз уядан эмнени көрсө ошону кылат жана кайталайт. Биздин жаштарды ыймандуу кылып тарбиялоодо алгач энелерибизге билим берели, туура багытты көрсөтөлү. Бардыгыбыз аракет кылсак коомубуз оңолот, мамлекетибиз алдыга жылат. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы дагы бардык аракеттерди көрүүдө»,-деди Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу.

Ал эми КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү  Сүйүмбек ажы Жусубалиев ар ишемби күнү кыз-келиндер үчүн атайын сабактар уюштурулуп, ал үчүн атайын билимдүү адистер тартылгандыгын билдирди.

«КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү бардык мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче сабактарды, китеп окуу конкурстарын уюштуруп, окуп, иштеп жаткан мекендештерге Ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирип келет. Өкүлчүлүк Орусия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен тыгыз кызматташып келет»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Аталган жолугушууга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, дин аалымы Абдулазиз ажы Юлдашев жана  Акынбек ажы Кадыров катышты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button