alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Рубрикасыз

Динди жамандап, жакшы көрүнөм деп ойлобо

Динди жамандап, жакшы көрүнөм деп ойлобо

☝🏻 Динди жамандап, жакшы көрүнөм деп ойлобо

✍🏻Ар кандай коркуу жүрөгүңдү жүдөтөт. Бир гана Аллахтан коркуу жүрөгүңө тынчтык берет. «Дин» дегенде бир гана намаз, орозо, зекет, ажылык, умра, жума, жаназа, сакал-топу, жоолук же никени гана түшүнүп калдык. Жашоонун ар бир жеринде дин бар экенин унутуп койгонбуз…

Сенин диниң төрөлгөндө кулагыңа азан атылып башталып, өлгөндө жаназа менен жыйынтыкталат…

Уйкудан ойгонгондо баамдат намазы менен башталып, кечинде уйкуга жатаарда куптан намазы менен аяктап турат…

Тамактанууда, сыртта басууда, жумушта, мамлекеттик кызматта, адамдар менен болгон мамиледе, телевизор — телефон колдонууда,
сөз сүйлөөдө, спорт менен машыгууда, сууга түшүүдө, кийинүүдө, үйлөнүүдө, төшөктө бирге болууда, уктоодо, ата-энеге — аялга — күйөөгө — перзентке болгон мамиледе, тойдо, үй-бүлөдө, меймангерчиликте, достукта, туугандыкта, чыгармачылыкта, маданиятта, саясатта,
саякатта, интернетте, ютубда, кошуначылыкта, сүйүнгөндө, ачууланганда,
койчу бардык жерде дин бар. ..

Адам тарабынан айбан кылбаган жоруктардын кылынып жатышынын да негизги себеби динден алыстап кеткендикте жатат. Мусулманмын деп тилде гана айтып, амалга келгенде аны аткарбаган көр пендебиз. Мусулман болсок, анын далилин бир гана Алланын буйругун кынтыксыз аткаруу менен көрсөтөбүз…

Динге бир гана динди толук үйрөнө электер каршы чыгат. Диндин кемчилигин үйрөнүп коомго ашкерелейм-деп, динди изилдеп үйрөнүп, өзүнүн кемчилигин түшүнүп, тесекрисинче динге кирип жашагандар четинен чыгат…

Динге каршы чыгуудан мурда аны толук үйрөнүп кемчилигин издеп көр!
Балким ошол аралыкта өзүңдүн кемчилигиңди көрөөрсүң! Ал эми диндин болсо эч кандай кемчилиги жок!!!

👤Идрис акын.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 771 822 202..

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG
https://www.instagram.com/p/CBj7SG5hsq4/?igshid=w6fu5ozsdmp4

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button