alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош шаардык казыятына караштуу жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, мечиттердин санитардык абалдары, Курман айт майрамына даярдыктар каралды

Бүгүн, 15-июль күнү Борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинин жыйындар залында Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу  мечит имамдарына жыйын өткөрүлүп, анда мечиттердин санитардык абалдары, кызматтык жоопкерчилик жана калк арасында COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды.

Муну менен катар жыйында Курман айт майрамына карата даярдыктарды көрүү, мечиттерде санитардык эрежелерди сактоо, жарандарга ден соолук аманат экендигин түшүндүрүү керектиги айтылды.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков, Ош шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн адиси Алишер Ажибаев, санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун өкүлдөрү катышты.   

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button