alternatetext Багымдат: 03:57 | alternatetextКүн чыгуу: 05:48 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:03 | alternatetextШам: 20:11 | alternatetextКуптан: 22:05
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жалал-Абад областынын мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков азиздер жана дүлөйлөр коомунун заманбап тигүү цехинин курулуш иштери таанышты

Кечээ, 12-августа Жалал-Абад областынын мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарында жайгашкан азиздер жана дүлөйлөр коомунун заманбап тигүү цехинин курулуш иштери таанышты.

Тигүү цехи Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Шейх Саид Баюми тарабынан курулууда.

Аталган азиздер жана дүлөйлөр коомунда 180ден ашуун жарандар каттоодо турат. Аларды иш менен камсыздап, жашоосун жакшыртуу негизги максат экенин буга чейин ассамблеянын өкүлдөрү билдирген эле.

Курулуш иши менен жеринде таанышкан учурда Нематулла ажы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көңүл буруу учур талабы болгондуктан, имарат сапаттуу бүткөрүү керектигин белгиледи.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button