alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жалал-Абадда «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы өтүп, жарандарга майрамдык маанай тартууланды

Жалал-Абад облусунда  «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы өтүп, жарандарга майрамдык маанай тартууланды.  Акциянын алкагында Жалал-Абад казыятынын кызматкери Мелис Турганбаев айдоочуларга, жүргүнчүлөргө жана жарандарга ооз ачууга ылайыкташкан чакан баштыкчаларды таратып, ыйык Рамазан айы менен куттуктады.

«Чындыгында биз «Биз менен ооз ачыңыз» акциясынын алкагында көптөгөн атуулдарыбыздын орозо кармагандыгына күбө болдук. Айрыкча алыс жолго чыккандар абдан кубанышты. Муну менен катар муктаждарга дагы таратылды»,-деди  Мелис Турганбаев.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button