Терроризм – бул, саясий жана экономикалык максаттарга мыйзамсыз жолдор менен жетүүгө аракет жасоо. Терроризмдин негизги максаты – кандайдыр бир чакырыкка же болбосо саясий келишпөөчүлүккө коомдун көңүлүн буруу, башкача айтканда, саясий бийликке таасир көрсөтүү жана коомду коркутуу. Учурда, терроризмдин стратегиясы өнүккөн доорго жана социо-экономикалык түзүлүшкө жараша бир топ өнүгүп, улам барган сайын кеңири аймакты камтууга умтулууда.
Дүйнөнүн бүгүнкү күндөгү бет алган багыты экономикалык жана саясий кызыкчылыктарды тирештирип, таасир талаштырып турат. Ошондон улам, «бөлүп ал да башкара бер» же болбосо «өзүңдүн кызыкчылыгыңа зыяны тийбегидей төмөн деңгээлде карма» деген позицияны карманган айрым блоктордун же болбосо ири державалардын диний, этникалык, рассалык багыттагы ар түрдүү маселелерди, социо-экономикалык жакырчылыкты терроризмге жем катары пайдаланганын көрүүгө болот. Мындай нерсе абалды табийгый жана жасалма жол менен чыңалтып, терроризмдин жаралуусуна себеп жаратат.
Террордун себептери:
Терроризмдин пайда болуусунун бир нече себептери бар. Дүйнө өлкөлөрүнө көз жүгүртө турган болсок, терроризмге төмөнкүдөй себептер шыкак болгонун баамдайбыз:
1.Жакырчылык жана теңсиздик;
2.Сабатсыздык жана караңгылык;
3.Чөйрөнүн терс таасири;
4.Өкмөттүн күчсүздүгү, бийликтин укугунун чектелүү болушу;
5.Бийликтеги кызыкчылык;
6.Үй-бүлөдөгү жана билим берүү тармагындагы тарбиянын жетишсиздиги;
7.Сырткы таасирлер.
Терроризмдин каржылык булактары:
Терроризм өзүнүн финансылык муктаждыгын көбүнесе мыйзамсыз иш аракеттерди жасоо жана сырткы колдоолор аркылуу камсыздайт.
1.Сырткы жардамдар;
2.Нарко бизнес;
3.Адам сатуу жана контрабандалык аракеттер;
4.Салык салуу;
5.Ири өлчөмдөгү каракчылык;
6.Милдеттүү түрдөгү жана өз каалоосу менен көрсөтүлгөн жардамдар.
Терроризмдин түрлөрү
1.Мамлекеттик террор
Өзүнүн үстөмдүк кылган саясий режимин сактап калуу же болбосо улантуу максатында түздөн түз же атайын бир топторду пайдалануу менен укуктук ченемдерден тышкары өз жарандарын коркутуу, кыйноо, атуу, саясий атаандаштарынын көзүн тазалатуу сыяктуу оор кылмыштар «мамлекеттик террор» деп аталат.
Бир мамлекет башка бир мамлекеттин стратегиялык артыкчылыктарын өзүнө каратуу же андан көбүрөөк пайдалануу үчүн эч себепсиз согуш ачса дүйнөнүн сынына кабылары турган иш. Ошол себептен, түздөн-түз эл аралык терроризмди пайдаланышы мүмкүн. Бул ишти өзүнүн расмий мекемеси же расмий кызмат адамдары аркылуу ишке ашырса, анда бул аракет «мамлекеттик терроризм» деп аталат.
Кээде мамлекет түздөн-түз террористтик аракеттерди жасабашы мүмкүн. Бирок, расмий кызыкчылыгына жетүү үчүн террористтик топторго акча, билим, курал, жардыруучу заттар, жашыруун маалымат, жашырынууга жай, байланыш каражаттары, паспорт, документ жана башка логистикалык колдоолорду бериши мүмкүн. Мындан сырткары, мамлекет өзүнүн алсыздыгынан же орток кызыкчылыктарынан улам өлкө ичиндеги террористтик топторго кайдыгер мамиле кылып, көз жумуп коюшу мүмкүн.
Дүйнөлүк тарыхта мамлекеттик терроризмдин мындан башка дагы түрлөрү бар. Бирок, мындай аракеттердин анык жүзү же чындык тарабы көбүнесе көмүскөдө калып, мамлекет кандай кааласа, массалык маалымат каражаттарынан (ММК) ошондой маалымат берилет.
2.Этникалык, улутчулдук террор
Белгилүү бир этникалык топтордун мамлекеттик мыйзамда көрсөтүлгөндөн ашыкча укуктарды талап кылып, же адилетсиздикти токтотууну шылтоо кылып, же мамлекеттик саясатка каршы чыгып, бийликти тааныбай, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирип, өз алдынча мамлекет куруу максатында жасалган катаал, ырайымсыз аракеттери «этникалык терроризм» деп аталат. «Этникалык терроризм» статусу ыйгарылган террордук окуялар 1900-жылдын экинчи жарымынан баштап дүйнөгө өтө тездик менен тараган. Бул жерде статистикалык көрсөткүч да маанилүү роль ойнойт. Алсак, этникалык топтун 3000 адамынын үч пайызы гана куралдуу кагылышууну же катаал жол менен күрөшүүнү талап кылып жаткан болсо гана алардын аракети террор деп эсептелет.
3.Диний, радикалдык террор
Дүйнөдөгү эч кайсы дин терроризмди жана ырайымсыз кыйноолорду жактабайт. Тилекке каршы, күнүмдүк турмуштун тилинде, илимий тилде же болбосо ММКнын тилинде «диний терроризм» деген сөз атайын термин катары колдонулуп, айрыкча бул сөздүн Ислам динине таңууланып жатышы өкүндүрбөй койбойт. Ачыгын айтканда, учурда дин бүт дүйнөдө саясий, идеологиялык же болбосо башка кызыкчылыктар үчүн пайдаланылып жатат. Илимий өңүттөн караганда диний терроризм төмөнкү 4 себептен улам пайда болууда:
- Бийлик тарабынан шыкакталган диний террор. Бул айрым бир адамдардын, топтордун, мамлекеттин же мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоодо же болбосо жаңы кызыкчылыктардан улам чыккан чыр-чатактарга башкача түс берүү үчүн атайылап уюштурулган кутум. Экинчи түрү – этникалык, диний же улуттук кызыкчылыкты колдонуп ашкере адилетсиздик жана ырайымсыздык кылуу. Тарыхтагы кресттүүлөрдүн жүрүшү мунун эң айкын мисалы болуп саналат;
- Диний башкаруу тарабынан көрсөтүлгөн катаал мамиле;
- Мазхабдардын ортосундагы келишпөөчүлүктөн улам чыккан чыр-чатактар;
- Саясий кызыкчылык үчүн чоң державалардын динди пайдалануусу.
Этникалык, улутчулдук террордон динге таңууланган террордун айырмасы – аны аткаруучу адамдагы агрессивдүүлүк, берилгендик жана өч алуу сезими. Ошондой эле, диний сабатсыздыктан улам «ушуларды жардырсаң, ушуну өлтүрсөң түз эле бейишке барасың» деген сөздөргө алданып калышы. Мындай ыкманы тарыхта кресттүүлөрдүн жүрүшүндө чиркөөлөр колдонгон болсо, тилекке каршы, бүгүн сабатсыз мусулмандарга карата колдонулуп жатат.
4.Кибер террор
1990-жылдарда интернеттик технологиянын өтө ылдам өнүгүүсүнүн натыйжасында «кибер террор» деген сөз пайда болгон. АКШнын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жарыяланган рапортто: «Эртеңкинин террористи клавиатуранын бир тушун басуу менен чоң бомбаны жаргандан да олуттуу зыяндарды жаратышы мүмкүн» деп айтылат.
Террордун бул түрү интернетке байланышкан компьютер аркылуу банк эсептериндеги акчаны башка жакка которуп алуу, системадагы жашыруун маалыматтарды уурдап алуу, жана албетте бомбаны компьютер менен башкарып талкалоо өңдүү коркунучтуу зыяндарды келтирет.
5.Деңиз каракчылыгы жана зыянкечтиги
Деңиздеги террордун негизги себептеринин бири карактоого дуушар болгон мамлекетти же уюмду экономикалык жактан алсыратуу болуп саналат. Көптөгөн өлкөлөрдө жүктөр көбүнчө деңиз жолу менен ташылат. Ошол себептен, атаандаштыктан же кызыкчылыктардан улам көп мамлекеттер террордун бул түрүнөн жапа чегип келишет.
Сөз соңу
Терроризмдин тийиштүү маселеге жана анын баалуулугуна жараша түрдүү аныктамалары бар. Террор – коркутуу аракети. Террор – психологиялык согуштагы таасир этүү аракети. Терроризм – коомдорго багыт берүүчүлөрдүн таасирлүү куралы. Терроризм – психологиялык согуштун бир ыкмасы катары элдердин, коомдордун аң-сезимин бурмалап, жүрөгүнүн үшүн алып, андан соң каалаган багытка жетелөөнү максат кылат. Терроризм – коркутуу, жек көрүү, өч алуу сезимдерин дүйнөгө жаюу менен катар көшөгө артындагы көп акыйкаттардын үстүн жаап жашырып келген, жана ал багытталган тараптын гана эмес, аны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткан тарап үчүн да өтө кооптуу жана коркунучтуу болгон илдет.
December 17, 2015 at 07:54AM
HOYA娛樂城
https://xn--hoya-8h5gx1jhq2b.tw/