alternatetext Багымдат: 06:00 | alternatetextКүн чыгуу: 07:31 | alternatetext Бешим: 13:16 | alternatetextАср: 17:13 | alternatetextШам: 18:59 | alternatetextКуптан: 20:33
МакалаларРубрикасызТарбия

Өзүңдү-өзүң тааны.

Кулагыңа күмүш сырга
Имам Газали:
«Өзүңдү-өзүң тааны»
Өзүңдү-өзүң таануу — АллаТааланы таанууга ачкыч болуп берет. Курани Каримде айтылгандай, «Ким өзүн тааныса,
Алла Тааланы да тааныйт».
Өзүңдү-өзүң таануу төмөндөгүлөрдөн турат:
Сен кайдан келдиң, каяка кетесиң? Бул дүйнөнүн кыска убакытында кандай максат менен жашайсың? Чыныгы бакыт жана бактысыздык деген эмне?
Сендеги кээ бир сапаттар — айбандыкы, кээ бирөөлөрү — шайтандыкы, айрымдары — периштеники. Сен бул сапаттардын кайсынысы негизги, ал эми кайсылары кокусунан берилип калган сапат экендигин өзүң үчүн аныктап
алууга тийишсиң. Муну түшүнмөйүн чыныгы бакыт эмне экендигин аңдай албайсың. Айбандын иши — бул тамак жеш, курсагын тойгузуу, уйку жана тамак үчүн күрөш. Эгер сен айбан болсоң — анда ушул иштер менен алек бол. Шайтандын иши — бирөөгө зыян келтирип, арамзалык кылуу, бирөөлөрдү алдоо. Эгер сен шайтан болсоң, анда, ушул иш менен алек бол. Периштелер Алла Тааланын жамалына суктанып, айбандык сапаттардан алыс болушат. Эгер сенин табиятың периштеники болсо, анда, өзүңдүн башатыңа умтул. Алла Тааланы таанып, дидарын көргүң келсе кумар менен ачуунун кулу болбо. Сен ошондой эле эмне үчүн жогорудагы эки айбандык инстинкт менен кошо жаратылганыңды түшүнүүгө тийишсиң. Алар сени баш ийдирип, башкарсын, үчүнбү же сен аларды багындырып, бирин жоого каршы мине турган атка, экинчисин курал-жаракка айландырышың үчүнбү?
Өзүн тааныбай туруп, башкаларды тааныйм дегендер үйүндө бир тоголок таруусу жок бирок бүт дүйнөнүн кедейлерин нан берип тойгузам деген томоякка окшойт.
Адамдын денеси -бул мамлекет болсо, рухту падышага, акыл -эсти вазирге же премьер-министрге, эңсөө-кумарды салык жыйноочуга, ачууну милиция кызматкерине салыштырууга болот. Салык жыйноочу кейпиндеги эңсөө-кумар дайыма бирдекени уурдасам деп турат. Ачуу болсо качан болбосун өкүм-зордук менен коштолот. Ошон үчүн салык жыйноочу менен полиция кызматкерин падыша дайыма көзөмөлдөп, башкарып турушу керек. Эңсөө-кумар менен ачуу акылдан үстөм келди дегиче рух өлдү дей бергиле.
Адеп-ахлак тартибинин максаты-жүрөктү эңсөө-кумар менен ачуунун чаңынан тазалап, Алланын нуру чагылып турчу тунук күзгүгө айлантуу.
Ат да, эшек да чыдамкай жаныбар. Бирок аттын эшектен артыкчылыгы-ал согуш майданында колдонууга ыңгайлаштырылган. Эгер ал бул милдетти өтөй албаса, жөн гана бир жүк ташуучу жаныбарга айланып калат. Адам да ошондой, анын акылы Алла Тааланы таануу үчүн жаратылган, эгер акыл эңсөө-кумар менен ачууну жеңе алса периштелер менен теңдеше турган касиетке ээ болот.
Адам дене кумарынан канчалык тазаланып, Акылын Алла Тааланы таанууга топтосо, ошончолук баамчыл, сезгич болот.
Мындай кишилер башкалардан үч сапаты менен айырмаланат:
1.Башкалар түшүндө көргөндү ал өңүндө көрөт.
2.Эгер башкалар өзүнүн денесин гана башкарса, булар эркинин күчтүүлүгүнөн башкалардын денесин да башкара алышат.
3.Башкалар тажрыйбасы аркылуу жыйнаган билимди, булар туюу сезими аркылуу жыйнашат.
Эңсөө-кумар каалоосу орундалганда, ачуу өч алгандан, көз кооз нерселерди көргөндөн, кулак жагымду үндү уккандан ырахат алат. Адам рухунун эң башкы, эң бийик милдети-бул Акыйкатты таануу, рух ушундан ырахат алат.
Бул дүйнө тиги дүйнөгө бараткан адамдар кыска убакыт токтоп өтө турган аялдама же базар аянтчасы. Бул дүйнөдө экенинде адамга эки нерсе керек:
Биринчиси-коргоо жана жан азыгы,
Экинчиси-камкордук жана дене азыгы
Жан азыгы-бул Алла Тааланы таануу жана Аны сүйүү, Алла Тааладан башканы сүйүү жана бөлөк нерселер менен алек болуу рухту өлүмгө дуушар кылат. Дене рух минип жүрчү ат сыяктуу, ал бир күн өлөт, ал эми жан болсо өлбөйт. Меккеге ажылыкка бараткан киши өз төөсүнө кам көргөн сыяктуу, рух да денеге кам көрүшү керек. Бирок адам убактысынын баарын төөсүнө жем-чөп берип, сугаруу менен өткөрчү болсо, анда кербен узап кетет да, жолоочу эрме чөлдө жалгыз калып, ит-кушка жем болот.
Дененин керектөөсү анчалык деле көп эмес: тамак, кийим, турак-жай. Бирок напси ага канааттанбай, дагы-дагы деп улам бир нерсени талап кыла берет. Ошондуктан, напсини Кудайдын мыйзамдары, Пайгамбарыбыздын айткандары менен чектеп, тизгиндеп туруу керек.
Өз учурунда дарыланбаган оору денени өлүмгө дуушар кылган сыяктуу, рухтун оорусун да өз учурунда дарылабаса тиги дүйнөдө азап-тозокко душар кылат.Куранда айтылгандай, «Аллага оорубаган соо жүрөк менен келгендер гана азаптан кутула алышат».
«Ким бул дүйнөдө сокур болсо, акыретте да сокур жана жолдон адашкан болот»(17:72)
Бул дүйнө алтын, күмүш табактар коюлуп, ичине даамдуу, чүйгүн тамактар салынган дасторконго окшош. Акылдуу, жакшы конок ошол тамактан курсагына жараша жеп, анан үй ээсине ыраазычылык билдирет да туруп кетет. Акылсыз конок болсо курсагы тойгон соң жанагы алтын, күмүш идиштерди да сумкама сала кетем деп шерменде болот.
Чындыгында адам бул дүйнөдө алсыз жана бечел. Ал эгер айбандык деңгээлден периштелик деңгээлге көтөрүлө алса тиги дүйнөдө гана кандайдыр бир баалуулукка ээ болот. Ансыз ал өлөр замат топурака айланып калган айбандан эч айырмасы болбойт. Адам башка жаныбарлардан өз артыкчылыгын сезип, ошол эле учурда өзүнүн алсыз экендигин да билиши керек. Өз алсыздыгын сезүү да Алла Тааланы таанууга болгон ачкычтардын бири.
Даярдаган
Мамат Сабыров

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button