alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Дин аалымдары Ташкент шаарындагы ыйык Курани Каримди жана көптөгөн илимий китептерди басып чыгарган “Hilal-Nashr” басма үйүнө баршыты

Бүгүн, 22-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган делегация Ташкент шаарындагы  ыйык Курани Каримди жана көптөгөн илимий китептерди басып чыгарган “Hilal-Nashr” басма үйүнө баршыты.

Басмакананы белгилүү дин аалымы шейх  Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун уулу  Исмаил Мухаммад Садык жетектеп, дин аалымдарын басма үй менен тааныштырды.

“Басма үйүбүз 2010-жылдан бери иштеп келет. Кыска аралыкта  “Hilal-Nashr”  басмаканасы кол жазмадан даяр китепке чейинки процесстерди толук автоматташтыруу, полиграфияда эң алдыңкы, азыркы технологияны колдонуу жагынан республикадагы алдынкы полиграфиялык ишканалардын бирине айланды. Басмаканабыз китептерди, журналдарды, плакаттарды, дисктерди жана электрондук китептерди даярдайт”,-деди Исмаил Мухаммад Садык.

Муну менен катар ал  калктын илимий, окуу жана диний адабияттарга болгон суроо-талаптарын канааттандырууга салым кошуп, ислам илиминин дээрлик бардык тармактары боюнча – Куран, хадис, акыйда, фыкх, тарых жана башка көптөгөн илимдер боюнча эки жүзгө жакын китептер, ошондой эле коомдук, агартуу, илимий-популярдуу адабияттар жана балдар адабиятын дагы басып чыгара тургандыгын белгиледи.

“Учурда  “Тафсири Хилал”, “Куран таануу”, шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун “Хадис жана жашоо” сериялуу китептери, “акыйда”, “Кифая”, “Руханий тарбия”, “Зикир элинен сура” , “Адеп казынасы” (Адабул Муфрад), “Бактылуу үй-бүлө”, “Дени сак бала”, “Социалдык этикет”, “Бакыттын кемчиликсиз жолу”, “Ачык кат”, «Чыр-чатактар: себептер , Чечимдер”, “Дин — насаат”, “Бакатия — турмуш жолу” аттуу жүздөн ашык китептери жарыкка чыгарууга жетиштик. Учурда бул чыгармалар орус, казак, кыргыз, каракалпак жана башка тилдерге которулууда”,-деди басмакананын жетекчиси.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы “Hilal-Nashr” басма үйү менен мындан ары кызматташа тургандыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады.  

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button