alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Курман айт намазы Ош шаарындагы мечиттерде санитардык эрежелерди сактоо менен окулду

Бүгүн, 20-июль күнү Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы жума окулуучу мечиттерде Курман айт намазы окулду. Намазга келген жамаат аралыкты сактап, беткап менен санитардык эрежелерди сакташты.

Борбордук Сулайман-Тоо мечитинде Айт намазы төмөнкүдөй тартипте окулду:

Саат 6:00 — 6:30 га чейин Куран окулду.

Саат 6:30 — 7:10 гө чейин Курмандык чалуу жөнүндө баян.

Саат 7:10 — 7:15 Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун куттуктоосу

Саат 7:15 — 7:20го чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабековдун куттуктоосу.

Саат 7:20 — 7:30га чейин Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин элге намаздын тартибин эскертип өттү.

Саат 7:30 — 7:40га чейин Айт намазы окулуп, Эли жердин тынчтыгы жана аманчылыгын Аллахтан сурап дуба кылынды.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button