Жаңылыктар
Дагестанда биринчи жолу көрүү жөндөмдүүлүгү начар инсандар арасында Куран жарышы өттү
Дагестандын борбордук шейх Абдулхамид Афанди мечитинде көрүү жөндөмдүүлүгү начар инсандар арасында Куранды мыкты окуу боюнча I-Республикалык Куран жарышы өттү. Куран жарышынын катышуучулары “Куранды кооз окуу” жана “Куранды жатка билүү” боюнча ат салышкан. Куран жарыш Дагестан мусулмандарынын диний башкармалыгы жана «Озарение» фонду тарабынан уюштурулган.