alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Бишкек шаарынын казысы Кара-Суудагы Шарк айыл аймагындагы «Имам Ата» мечитинин ачылышына катышты

8- август күнү Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы Имам Ата айылында жаңыдан салынган «Имам Ата» мечитинин ачылыш аземине катышты.

Саамалыкта Самидин кары мечиттин 100 жылдык тарыхы бар экенине токтолуп, мындан ары да бул заманбап мечит элдин ынтымагын, биримдигин бекемдөөдө кызмат кыла беришин  тилеп бата кылды.

«Мечиттер Аллахтын үйү, ким мечитке кызмат кылса Аллах эселеп кайтарат. Ошондуктан ар бир салымы бар кишини Жараткан эки дүйнө бактылуу кылсын»,- деди Самидин кары.

Бул мечиттин ачылышына белгилүү аалымдар, облус казылары жана кошуна Өзбекстандан да коноктор катышышты.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button