Сауд Аравиянын Ыйык Мекке шаарына дүйнөнүн төрт бурчунан келген мусулмандар ажылык парзын аткаруу үчүн ибадаттарын улантышууда. 2011-жылы Сауд Арабиянын Мекке шаарында ачылган Падышалык саат мунарасынан Ыйык Кааба жана анын айланасы кандай көрүнөт? Жакында жарыяланган сүрөттөр коомчулуктун көңүлүн бурду.
Өлчөмү боюнча Лондондогу «Биг-Беңден» да чон болгон бул саат Германияда жасалган. Ал учурда Меккедеги «Аль-Харам аш—Шарифа» мечитинин жанында курулган Сауд Аравиядагы эң бийик имаратта орнотулган жана «Мекке сааттарынын падыша имараты» деп аталат.