alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
МакалаларТарбия

БАЛАНЫ ЖАМАН АДАТТАРДАН ТЫЙЫП ТУРГАН БИР ГАНА ТҮШҮНҮК

БАЛАНЫ ЖАМАН АДАТТАРДАН ТЫЙЫП ТУРГАН БИР ГАНА ТҮШҮНҮК

Биз «уулду тарбиялап отуруп, калкты тарбиялайбыз, кызды тарбиялап жүрүп, бүткүл бир улутту тарбиялайбыз» деп айтабыз. Бирок «качан, кантип тарбиялоо керек?» деген маселеге келгенде такалып каларыбыз жашыруун эмес. Ооба, бүгүнкү бала — эртеңки эл туткасын кармаган тулга. Ошондуктан тай-тай баскан күнүнөн тартып баланын боюна жакшы касиеттерди, улуттук үрп-адат, каада — салттарыбыз менен бирге мусулмандык адептерди сиңирүү — ата-эненин эң маанилүү милдеттеринин бири.
Туура 24 саат бою балабыздын маңдайында отура албашыбыз мүмкүн. А баланын балалык жасабай коюшунун кепилдиги жок. Көзүңдү ала коюшун менен бир жамандык жасап коюуга шай турат. Мына ушундай кезде баланы кылмыш, уурулук сыяктуу жаман аталуудан «Алла көрүп турат», «Кудай көрүп жатат го» деген түшүнүк гана куткара алат. «Ата-энем көрбөсө да, Кудай көрүп турат» деген ишенимди өзүнө сиңирип өскөн бала жамандык жасоодон уялат. Бирөөгө зыян келтирип коюудан өз-өзүн тыйып турат. Ал үчүн эмне кылышыбыз керек? Баланын аң сезимине ошондой адал ойду кандай калыптандырабыз?
Негизи адамдардын баардыгы Аллага моюн сунган мусулман болуп туула тургандыгы хадистен белгилүү. Бир гана бала өскөн сайын ата-энесинин, айлана-чөйрөсүнүн таасиринен улам анын ишеними менен көз карашы өзгөрөт.
Эгер ата-эне уурулук жасабаса, «Алла бизди көрүп турат мынаны кылбай эле коёлу, бул- жаман адат» деп өзүн күнөөдөн тыйып, ошол сөздү баласына да үйрөтсө, бул нерсе баланын акылында өмүр бою жатталып калуусу чындык.
Бала али кичинекей, оң менен солун таанып үлгүрө элек. Ошондуктан анын эки көзү — ата-энесинде, чоңдордо болот. Алар эмне жакшы деп эсептеген болсо, ошол нерсе ал үчүн да жакшы, эмнени жаман деп качкан болсо, ал нерсе ал үчүн да жаман. Ошондуктан » Алла көрүп турат, ошон үчүн мен сага чындыкты айтамын» деп аны алдабасаңыз, анын көзүнчө жалган айтпасаңыз, тескерисинче, «балам менин аракетимди кайталайт» деп ага жакшы иштериңиз менен үлгү боло билсеңиз, сөз жок, эртең эмгегиңиздин жемишин көрөсүз! Ошондуктан изиңизден кийин урпак улантуучу болсун десеңиз, ага Жаратуучусун таанытуудан талыкпаңыз! Аны Кудайдан коркууга чакырыңыз.

Ибрахим (алейхи салам) дын дубасы:

» Раббим, мени жана менин урпагымдан болгон балдарымды намазды таштабай толук аткаргандардан кылгын.

Оо Раббим, дубамды кабыл кыл. Оо Раббим, эсеп-китеп боло турган (Кыямат) күнү мени, ата-энемди жана жалпы момундарды кечире көр »
(Ибрахим сүрөсү, 37-41 аяттар).

Даярдаган: Алина Муслима.

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button