alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
Макалалар

Кайненеси келинин кантип жеңди?

Кайненеси келинин кантип жеңди?

📍КАЙНЕНЕСИ КЕЛИНИН КАНТИП ЖЕҢДИ?

✍Чоң апасы коңшу айылда жашаган неберелерин сагынып, куштай сызып уулунун үйүнө келет. Үйгө келсе келини беш жашар небересин үйүнө тыштап, кичүү небересин көтөрүп алып айылчылап кеткен болот. Кечке жоголгон келинин күтө берип тажаган эне, коңшуларына айтып коюп небересин кедеңдетип жетелеп алып өз үйүнө кайтат. Үйүнө тердеп-тепчип келген эне самоорун кайнатып, болгон катканын небересинин оозуна кармап, каймак кошулган чайын ичип, бала жытына тойбой армансыз аймалап, эркелетип- элжиреп отурса, саламды билбеген келини эшикти тарс тээп кирип кайненесин акшыйып карап: «Каалаган убактыңда алып кете берген баланы тапкан экенсиз! Мен бул баланы тогуз ай, тогуз күн көтөрүп тапканмын, ак сүтүмдү берип бакканмын!!!»,- деп алкынып сүйлөнүп баласын жетелеп кетип калат. Келининин эшикти катуу жапкан дабышы эненин жүрөгүн титиретип октой кадалат… Жаңы эле майрам болуп отурган эненин жан дүйнөсүнө бүлүк түшүрөт. Келиндин кээкерлеген кесир сөздөрү ак саамай апаны катуу азапка батырат. Түн уйкусу төрткө бөлүнүп жүрөгү сыздайт. Кылымга тете узак түндү азаптанып өткөргөн эне таң атпай уулунун үйүнө жетип келет да, бейкапар уктап жаткан уулун жулкулдатып ойготуп:

«Мен сени тогуз ай, тогуз күн көтөрүп тапканмын. Ак сүтүмдү берип бакканмын. Мен сени ээрчитип кеткен колумдан келет! Менин акым бар! Бол тез кийин!!! «,- деп зекип кирет. Уйкусу чайыттай ачылган баласы эч нерсе түшүнбөсө да, апасынын сөзүн эки кылбастан эрки менен болот. Ошентип энеси баласын ээрчитип үйүнө кетип калат…

Эки күн өткөндөн кийин, кайын энеси тарткан азапты башынан өткөргөн келини эки небересин жетелеп алып кайненесинин кашына ботодой боздоп келип жалынып-жалбарып:

«Жаным апакем! Күнүм апакем!!! Жаңылдым жаздым!!! Мени кечириңиз!!! Балаңызды мына бул эки небереңизге алмашып бериңизчи!»,- деп бутуна жыгылып ыйлайт…
Ошондон кийин келини кайненесин падышадай сыйлап өткөн экен.

МОРАЛ: Керегем сага айтам, кыздар, келиндер, кайненелер силер угуп койгула…

https://www.instagram.com/p/CBF3MdNB8WO/?igshid=1516ak4duuxbq

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button