alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

Эй,дүйнөкор напсим -мени намазымдан алыстатпа!

👳Эй,дүйнөкор напсим- Мени намазымдан алыстатпа!☝🏻

5⃣Бешинчи ойготуу:

«Эй, дүйнөкор напсим! Сенин кулчулуктагы кош көңүлдүгүң жана намаздагы кемчиликтериң дүнүйө иштеринин көптүгүнөнбү? Же болбосо көр тиричиликтин айынан улам убакыт таппагандыктанбы?
Таң калыштуу, бул дүйнө үчүн гана жаратылгансып, бардык убактыңды ага жумшап жатасың. Сен жөндөм жагынан бардык жаныбарлардан жогору экендигиң жана бу дүйнө жашоосундагы керектүү нерселерди табуу жагынан, күч-кубат жагынан алганда кичинекей бир таранчыга да жете албай калаарыңды билээрсиң. Анан эмне үчүн сенин чыныгы милдетиң айбан сыяктуу жутунуу эмес, тескерисинче, чыныгы бир адам сыяктуу, чыныгы туруктуу өмүр сүрүү үчүн умтулуу экенин түшүнбөйсүң?
Муну менен бирге сенин дүйнө тиричилиги деген нерселериңдин көпчүлүгү сага тийиштүү болбогон жана өзүң аралашып алган жана кийлигишип алган керексиз эле нерселер.
Эң керектүүсүн таштап коюп, миңдеген жылдар өмүрүң бар болгонсуп таптакыр керексиз маалыматтар менен убактыңды өткөрүп жатасың.

📌Мисалы: Астрономия менен статистика илимдеринен жан-дүйнөң өркүндөп өсүп жаткансып: «Сатурндун айланасындагы шакектердин абалы кандай? Америкада канча тоок бар?» – деген сыяктуу арзан нерселерге өтө кымбат убактыңды коротуп жатасың.
Эгер: «Жок мени намаздан жана ибадаттан калтырып жаткан жана жадатып жаткан андай керексиз нерселер эмес, тескерисинче, тиричилик дартынын өтө зарыл жумуштарым» – десең, анда мен да сага мындай деп айтамын:
«Эгер күндө жүз сом үчүн иштесең, андан кийин бирөө келип: «Кел он мүнөтчө бул жерди каз, миң сом наркындагы кымбат баалуу таштарды табасың» – десе, сен да ага:
«Жок барбайм. Себеби күндөлүгүмдөн он сом кемип калат, оокатым азайып калат» – деп айтсаң, канчалык акмакча бир шылтоо боло тургандыгын, албетте, билесиң. Дал ошол сыяктуу, сен да ушул бакчаңда күнүмдүк оокатың үчүн иштеп жатасың. Эгерде парз болгон намаздарды таштап койсоң, анда бардык кылган жумуштарыңдын натыйжасы жалгыз гана дүйнөлүк, маанисиз жана берекесиз күнүмдүк оокат менен гана чектелип калат.
Эгер сен, эс алуу менен дем алуу убактыңды рухуңдун ырахатына, жүрөгүңдүн дем алуусуна себеп болгон намазга жумшасаң, анда ошол убактыңда берекелүү дүйнөлүк ырыскың менен бирге, сенин Акыреттеги ырыскыңа жана акыреттик азыгыңа да маанилүү казына болгон эки руханий кен табасың:

✔Биринчи кен:
«Бул бакчаңда 1өстүрүп жаткан мейли гүлдүү болсун, мейли мөмөлүү болсун ар бир өсүмдүктүн жана ар бир дарактын тасбихатынан жакшы бир ниет аркылуу бир үлүш аласың.»..

✔ Экинчи кен:
«Бул бакчадан чыккан түшүмдөрдөн ким жесе да, мейли айбан болсун, мейли адам болсун, мейли уй болсун, мейли чымын болсун, мейли кардар болсун, мейли ууру болсун баары сенин садагаң болуп эсептелет. Бирок, жалгыз гана мына бул шарт менен:
Эгер сен, Чыныгы ырыскы берүүчү болгон Аллахтын атынан, анын уруксат кылган чөйрөсүндө иштетсең жана Анын мүлкүн Анын макулуктарына берген бир бөлүштүрүүчү кызматкер сыяктуу өзүңө карасаң»..

🖇Эми кара: Намазын таштап койгон адам өтө чоң бир зыянга учурай турганына жана канчалык кымбаттуу байлыкты жоготуп алат жана жумуш кылууга өтө чоң дем-күч берүүчү, амалдарда да өтө чоң руханий кубат бере турган ошол эки натыйжадан, ошол эки руханий казынадан куру кала турганын жана күйүп кете турганын бил. Атүгүл, картайган сайын дыйканчылыктан тажайт, үмүтсүздүккө түшөт.
«Булардын эмне кереги бар?» – дейт.
«Мен ансыз деле дүйнөдөн кетип баратам, эмне үчүн мынчалык машакат чегип жатам?» – деп, өзүн жалкоолукка салат. Бирок, биринчи адам:
«Мындан да көбүрөөк ибадат менен бирге адал тиричилик менен алек болоюн, ошентип мүрзөмө мындан да көбүрөөк жарык жиберемин. Акыретиме мындан да көбүрөөк азык даярдаймын» – дейт.

📌Корутунду: Эй напсим!
Билгин: Кечээги күн сенин колуңдан чыкты. Эртеңки күн болсо, сен ага ээ болгудай кепилдигиң жок. Андай болсо, чыныгы өмүрүңдү жашап жаткан гана күнүм деп бил. Жок дегенде күнүңдүн бир саатын этияттык үчүн сактап койгон акча сыяктуу, чыныгы келечегиң үчүн курулган «акырет сандыкчасы» болгон мечитке, же болбосо жайнамазга арна. Жана да билип алгын: Ар бир жаңы күн сага да, башкаларга да жаңы ааламдын эшиги болуп саналат. Эгер намаз окубасаң, ошол күндөгү ааламын караңгы жана чачыранды түрдө өтөт.Мисал ааламында сага каршы күбөлүк кылат. Анткени, ар бир адамдын күн сайын бул ааламдан өздөрүнө тийиштүү болгон бир ааламы бар жана ал ааламдын жагдайы ошол адамдын жүрөгү менен амалына байланыштуу болот.

📌Мисалы: Күзгүңдө көрүнгөн укмуш бир сарай, күзгүңдүн түсүнө карайт, эгер ал кара болсо кара көрүнөт, кызыл болсо кызыл көрүнөт жана анын сыпатына карайт. Ошол күзгүнүн бети тегиз болсо, сарайды жакшы көрсөтөт, тегиз болбосо начар көрсөтөт. Ушундай начар бир күзгү жакшы жана эң назик нерселерди начар көрсөткөнү сыяктуу, сен да жүрөгүң менен, акылың менен, амалың менен жана көңүлүң менен өзүңдүн ааламыңдын көрүнүшүн өзгөртө аласың. Же өзүңө каршы, же болбосо өзүңө тараптар кылып күбөлөндүрө аласың. Эгер намаз окусаң, ал намазың менен ошол ааламдын Жаратуучусуна жүзүңдү бурсаң, сага карап ааламың дароо нурданат. Намазың кудум эле электр лампасы сыяктуу, намазга кылган ниетиң анын баскычын баскан сыяктуу, ошол ааламдын караңгылыгын жок кылат. Ал эми ушул оомал-төкмөл дүйнөдөгү карама-каршылыктар, ар тарапка тараган чачырандылар ичиндеги өзгөрүүлөр менен аракеттер болсо сырдуу тартип менен жана маанилүү кудурет жазуулары экендигин көрсөтөт. аятынын сансыз нурларынан бир нурду сенин жүрөгүңө чачат. Сенин ал күндөгү ааламыңды ошол нурдун шооласы менен жаркыратат. Сенин пайдаң үчүн нурдуулугу менен күбөлүк кылат. Абайла, «Менин намазым кайда, бул маанидеги намаздын акыйкаты кайда?» – деп айтпа. Анткени, бир курманын уругу бир курма дарагы сыяктуу өзүнүн дарагын сыпаттай алат. Мындагы айырма, болгону гана кичирейтилген жана кеңейтилген көлөмүндө гана болгону сыяктуу, сен экөөбүзгө окшогон бир карапайым адамдын мейли ал сезбесе да чоң бир олуянын намазы сыяктуу бул нурдан бир үлүшү бар. Атүгүл, акылы менен түшүнө албаса да бул акыйкаттан бир сыры бар. Бирок, ар кимдин даражаларына жараша ачылуу менен нурдануулары башка-башка. Кандайча курманын уругунан баштап, тээ жетилип бышкан курма дарагына чейин кандай гана мартабалар бар болсо, дал ошол сыяктуу намаздын даражаларында да мындан да көп мартабалардын болуусу мүмкүн. Бирок, ошол мартабалардын баарында тең, жанагы нурдуу акыйкаттын негиздери бар…

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KGУ

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button