alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

ТҮБӨЛҮК САПАРГА АЗЫГЫҢЫЗ ДАЯРБЫ?

ТҮБӨЛҮК САПАРГА АЗЫГЫҢЫЗ ДАЯРБЫ?

✍🏻Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) өлүм төшөгүндө жаткан мезгилде көз жашын агызып ыйлайт. Анын ыйлаганына таң калышкан адамдар, эмне үчүн ыйлап жатканын сурашканда, ал:

-Мени бул жашоодон кетип жатканы үчүн ыйлап жатат деп ойлойсуңарбы? Жок, мен сапардын алыстыгын көрүп, азыгымдын аздыгын эстеп ыйлап жатам – деп жооп берет.

Ар бир пенденин башына бул күн келет. Улуу сахаба ушинтип өкүнүп ыйласа, эч нерсе менен иши жок кайдыгер жашоо өткөзгөн пенделердин абалы кандай болот. Күн өтүп жатат. Күн өткөн сайын өмүр азайып сапарга чыкчу күн жакындап келе жатат. Ар бир күнүбүздү, ар бир саатыбызды, ар бир минутабызды акырет азыгы үчүн жумшоого аракетенүүбүз керек.

Аллахтын алдына барган кезде беш нерсеге жооп бермейинче бир кадам да алдыга жыла албайсың.

📍 Биринчи: Аллах берген аздыр-көптүр өмүрдү кайда жумшадың.

📍Экинчи: Аллах берген күч-кубаттуу жаштыгыңды кандай пайдаландың.

📍 Үчүнчү: мал дүнүйөңдү кандай жол менен таптың.

📍 Төртүнчү: ошол тапкан мал-дүнүйөңдү кандай иштерге сарптадың.

📍 Бешинчи: Билген илимиңе кандай амал кылдың. Мына ушул беш нерсени эстеп, ага жооп берүүгө да даярдык көр.

Диндеги эң такыба деген атка конгон Хасан Ал-басрий: (Аллах андан ыраазы болсун) :

– «Эртең менен күн чыкканда адамдарга:
эй адам баласы, мен жаңы күнмүн, менден пайдаланып кал. Мен бүгүн кетсем кыяматка чейин кайра келбеймин деп кайрылат» – деп айткан. Ар бир агарып аткан таңдан кызарып күн батканга чейин акырет үчүн азык камдап сооптуу амалдарды жасоону Аллах Таала баарыбызга насип кылсын. Аллахым ар бирибиздин билип-билбестен жасаган күнөөлөрүбүздү кечиргин. Адашып туура эмес жолдо жүргөн пенделериңди туура жолго баштагын. үлгү Аллахым, өзүңдүн алдыңа сооп капчыктарыбыз бош, азыгы жок барып калуудан сактасын!

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button