alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
Макалалар

Аллахын аршы деген эмне?

Арш деген эмне? Мааниси кандай?

Арш – бул Аллах тааланын жараткан нерселеринин ичинен эң чоңу. Биз көрүп турган бул аалам, анын ичиндеги галлактикалар, жылдыздар баары биринчи кабат асман болуп саналат. Ушул биринчи кабат асман экинчи кабат асманга салыштырганда эрме чөлдө жаткан шакектей болуп калат. Экинчи кабат асман болсо, үчүнчү кабат асманга салыштырганда эрме чөлдө жаткан шакектей болуп калат. Ошентип тээ жетинчи кабат асман Курсийдин алдында ошондой кичине болуп калат. Курсий болсо Арштын алдында ошончолук кичинекей болуп калат…
«Аль Арш» العرش сөзүнүн сөздүк мааниси: «Бийиктик, бийик жер жана бийик нерсе» дегенди билдирет. Ошондой эле «төбө, шып, үйдүн чатыры, купол, чоку, уч, буттун учу жана өкүмдарлардын олтурган тактысы» сыяктуу бир топ маанилерди камтыйт. Айрыкча өтмө мааниде «Өкүмдарлык, атак-даңк жана так» деп да айтылат.
«Арш» сөзү Ыйык Куранда 26 жолу кездешет. 21 ирет Алланын «Аршына», бирөө Жусуп пайгамбардын тактысына (12:100) жана төртөө Сабаа ханышасы Балкис айымдын тактысына (27:23; 27:38; 27:41; 27:42) карай айтылат.
Ал эми Аллага таандык айтылган аяттарда Арштын Эгеси «Раббуль Арш» (9:129; 23:86; 43:82), Арштын Ээси «Зуль Арш» (17:42; 40:15) – деп айтылган.
Асман менен Жердин жаратылуусун айтып жаткан аяттарда Алланын Аршы суунун үстүндө болгону айтылат (11:7). Кээ бир аяттарда Аршты «Азиим» (Улук) (9:129; 27:26), «Кариим» (Ардактуу) (23:116), «Мажиид» (Даңктуу) (85:15) деп сыпаттаган.
Башка аятта Aршты Кыямат күнү сегиз периште көтөрүп тураары айтылган (69:17), Аршты курчап турган периштелер ар дайым тасбих айтып Алланы даңктап тураары айтылган (39:75; 40:7). Алланын «Арш үстүнө истиваа этиши» 7 аятта айтылган (7:54; 10:3; 13:2; 20:5; 25:59; 32:4; 57:4). Куран Арш Ээсинен келген (81:20). Кээ бир Куран тафсирлеринде Тур сүрөсүнүн 5-аятындагы «…бийик көтөрүлгөн «шып»…» деп Аршты айтып жатат деп жазышкан (Суютий, Ад Дуррул Манcур, VI, 118).
Жараткан Аллах эч нерсеге муктаж эмес (112:2)! Ошондой эле такка олтурууга да муктаж эмес. Ал эми «Истиваа» сөзү болсо, сөздүктө «теңелүү, барабар болуу, көтөрүлүү, бийик болуу, жогорулоо, камынуу, ээлеп алуу, ээлик кылуу, багыт алуу» деген көп кырдуу маанилерге келет. Ошондуктан Куран аяттарында да ар кандай өтмө маанилерде колдонулат. Мисалы: Худ сүрөсүнүн 44-аятында «токтоо» маанисинде, Фатх сүрөсүнүн 29-аятында «түздөлүү» маанисинде, Касас сүрөсүнүн 14-аятында «Акыл-эске толуу» маанисинде колдонулат.
Кыргыз тилиндеги «Эшекке учкашкан соң, аягына чейин учкаш», «Колум бош эмес эле», — деген сөздөрдү башка тилге сөзмө-сөз которуу туура болбогону сыяктуу, аяттагы «Арш үстүнө истиваа этти» деген сүйлөмдү да сөзмө-сөз которуу туура болбойт. Бул аяттарды бир падыша такка олтуруп бийлик жүргүзгөнү сыяктуу, «Алла Таала жеке Өзү бүт ааламга толук бийлик жүргүзүп турат» деген мааниде айтылган фразеологизм катары түшүнүшүбүз керек.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button